Версия для печати
Понедельник, 19 Ноябрь 2018 05:05

Дебат менен доклад окууда астына адам салдырбаган Ош К-ӨУнун студенти

18 жаштагы Асел Досматова Баткен облусунун тургуну. Учурда Кыргыз-Өзбек университетинин социалдык колледжинин 3-курсунун студенти. Университетте коомдук иштерге активдүү катышкан, окууда жакшы жетишкендикке ээ, окуу жайдын мыкты дебютору, докладчысы, жалпысынан айтканда сыймыктанаар кыздарынын бири.  Активист кыз социалдык педагог кесибин аркалап жаткан учуру. Мыктымын дегендин баары медфакта, юрфакта эмес, көпчүлүктүн көӊүлүнө жакпаган оор кесип социалдык педагог болууну каалаган. Эмне үчүн экенин төмөндө окуп көрөбүз.

«Алгач «менден күчтүү кыздар, балдар көп болсо керек» деп тартынгам»

- Мектепте окуп жүргөн кезде эле коомдук иштерге активдүү катышып, олимпиада, дебаттардан калчу эмесмин. Бул жакта да интеллектуалдык оюндар, дебат, ар кандай сынактар, конференциялар көп болот экен. Бирок менден күчтүү балдар, кыздар көп болсо керек деп өзүмө ишенбей тартынып жүрдүм.Жогорку курстагы бир эже мени катыш деп чакырды. Ошондо студент кездеги алгачкы дебатка катышып тушоом кесилген жана биринчи орунга ээ болгом. Андан ары шыктанып, дагы да көп даярданып университеттер аралык конференцияларда бир топ докладдарды окуп, жакшы жыйынтыкка жеткем. Дебатка катышууда ар тараптан даярданыш керек. Фактыларды так, туура келтирүү зарыл. Дебат болоордо катуу даярданам.

«Убактымдын көбү карылар үйүнө жана балдар үйүнө арналат»

- Өзүмдүн кесибим соцпедагог болгондуктан балдар, карылар үйлөрүнө көп барабыз. Ал жердеги психикасына доо кеткен балдар менен ойноп, аларга туура багыт берип, канткенде алардын ой жүгүртүүсүн, мүнөзүн, көз карашын өзгөртө алабыз деген суроолорго жооп издеп, аны практика жүзүндө колдонобуз. Колубуздан келишинче каражат топтоп, балдарга белек, жылуу кийим, байпактарды алып барганга аракет кылабыз. Концерттик программаларды уюштуруп беребиз. 3-курс болуп калганыбызга байланыштуу практика боюнча көп жүрүп, мындай иштерге бат-баттан аралашып жатам.

«Зордук- зомбулукка кабылган жана ата-энесиз балдар менен иштешүү мага кызык»

- Мектепте окуп жүргөндө англис тилин жакшы окуп,  олимпиадаларга катышып жүрчүмүн. Жогорку окуу жайга да ушул кесипке тапшырам деп ниет кылгам. Бирок 9-класстын базасында окууга ал кесип жок болуп калгандыгына байланыштуу соцпедагогикага тапшырып калдым. Кесибимди өзгөртөм деген ниетим бар эле. Бирок жогоруда айтып өткөндөй кароосуз калган карылар, жетим балдар, өз ата-энелери тарабынан зордук, зомбулукка кабылып, аларды жек көрүп калган бөбөктөр менен иштөөгө жүрөгүмдү арнап калдым. Эми ушул тармак менен гана кетем деген ниеттемин.

Окулду 468 жолу