Версия для печати
Понедельник, 19 Ноябрь 2018 05:11

17 жашында өзү жер айдап, эгин эккен, трактор ойлоп тапкан Ахунжан

Ахунжан Рахматуллаев 2000-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Кадамжай районундагы Молдо Нияз гимназия-мектебинде орто билим алып, учурда Ош мамлекеттик университетинин физика, техника факультетинин энергетика адистигинин 3-курсунун студенти.

Ахунжан 14 жашында электр энергиясы менен чөп майдалаган жады жасаган. 17 жашында өзү жер айдап, өзү урук сээп, кайра көмүп кете турган трактор иштеп чыгып, ал долбоору менен эл аралык сынактарга катышып, Түркияга чейин барып ийгилик жаратып келген.

«Ойлогонумдун баары энергетикага тиешелүү»

- Мектепте окуп жүргөн кезде ойлоп табуучулукка кызыкчумун. Ойлогон нерселеримдин баары энергетика тармагына тиешелүү. Кызыгуум болгондуктан азыр бул тармакта мастермин. Yй тиричилигине керек болгон электротехникалардын баарын оӊдойм жана көп кабаттуу үйлөрдүн монтажын жасайм. Булардан сырткары азыр мен сиздерге өзүм ойлоп тапкан эки чакан долбоорумдун биринин макетин, биринин моделин алып келдим. Буларды көптөн бери ойлонуп жүрөт элем, бир аптанын ичинде жасап бүттүм. Буларды жасоого керек болгон радиоэлементтерди интернет дүкөндөргө буюртма кылып чет өлкөлөрдөн алдыртам.

«Акыркы эки долбоорум»

- Бул күндөн энергия алып иштөөчү электромобиль. Азыр чет өлкөдө электромобиль деп чыкты. Алар күйүүчү майсыз электр энергиясы менен жүрөт. А меники алардан өзгөчөлөнүп электрден сырткары күндөн да энергия алып жүрө берет. Батарейкалардын жардамы менен заряддалып жүрөт. Бул унаанын эӊ пайдалуу жагы экологияга такыр зыяны тийбейт. Азыр унаанын макетин гана жасап чыктым. Моделин жасоого болот, бирок бир аз каражат керектелет.

Экинчи  долбоорум - дистанциялык заряд берчү каражат. Эч кандай проводсуз эле бир канча аралыктан телефонго заряд бере алат. Yйгө жарык берчү лампочканы да буга жакынырак алып келсеӊиз, ал кадимкидей жанат. Мен аппаратты аялдамаларга колдонсо болот деген ниет менен жасагам. Себеби көп адамдар көчөдө жүрүп телефону өчүп калат. Ошол учурда аялдамада маршрутка күтүп турганча эле телефону заряддала берет. Буга эч нерсенин кереги жок, күндөн энергия алган батарейканы аялдаманын үстүнө коюп, аны бул аппаратка улап коюш керек. Аларды жасоого эч канча деле каражат кетпейт.

«Келечекте озон катмарынын жукарган жерлерин толуктайм»

- Көп идеяларды ойлонуп жүрөм. Ойдо бышыруу оӊой, аны жасоо өтө кыйын. Себеби жаш, студент болгондугумдан каражат жагынан тартыш болуп жатат. Учурда да масштабдуу бир долбоорду ойлонуп жүргөн кезим. Жер жүзүн каптап турган озон катмары бар. Ал барган сайын жукарып, тешилип жатканын баарыбыз билебиз. Алдыда ошол озон катмарынын жукарган жерлерин жасалма жол менен толуктап турууга боло турган долбоорумду ишке ашырам.

«Нобель сыйлыгына ээ болуу - чоӊ максатым»

- Менин шыгымды ашырып, туура кеӊештерин берип турган Зарипбек Айдарбеков, Кусидин Атаканов аттуу кафедрада иштеген агайларым бар. Мен билбеген нерселерди айтып, жасачу нерселеримдин кемчилигин толуктап турушат. Ата-энем өз эркиме коюп, каалаганыӊды жасай бер дешип, жардам сурасам колдоо көрсөтүп турушат. Алдыда өлкөгө чоӊ пайда алып келе турган масштабдуу пландарым, долбоорлорум бар. Ойлоп табууга кызыккан, каражат жагынан колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр болуп калса аларды ишке ашырам. Бизде тапкычтыкка анча көӊүл бура беришпейт, чет өлкөгө алып чыксаӊ мындайга кызыккандар, долбоорлорду сатып алам дегендер, кичинекей эле идея издеп, аны өнүктүрүүгө ашыккан адамдар көп экен. Окууну аяктасам патент ачып, мындан да чоӊ долбоорлорду ишке ашырып Нобель сыйлыгына ээ болууга аракет кылам.

 

 

Окулду 448 жолу