Версия для печати
Понедельник, 19 Ноябрь 2018 05:17

ОГПИнин үлгүлүү студенти Бектурали ар тармактуу талант ээси

Бектурали Исамидин уулу Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Сай айылында 1996-жылы мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ар тараптуу жана акылы башкалардан өзгөчөлөнгөн, ар бир сөзү адамды таӊ калтыра алган, чечен бала ата-энесинин жолун жолдоп Ош гуманитардык педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинде 3-курста окуп жаткан кези.

Бул каарманым сүрөттү абдан жакшы тартат, колуна кармалган нерсе кооздолуп, кандайдыр буюмга айланат. Сабакты жакшы окуган, окуу жайдын коомдук иштерине активдүү катышкан, ыр, аӊгеме жазып, поэзия сынактарынан ийгиликке жеткен, «Ошингтон» шайыр тапкычтар командасынын алгачкы мыкты катары да таанылган, досторунун арасында үлгүлүү жигит аталган. Ар тараптуу таланттары туурасында өзүнөн угалы.

 «Жөн эле отурам» деген сөздү такыр жактырбайм»

- Көз жарып, өзүмдү өзүм билгенден баштап кагаз, калемди көрүп чоӊойдум. 5 бир туугандын ичинен эӊ начары менмин. Кичинекей кезимде оюнчуктар жетишсиз болгон, агаларым жыгачтан дөӊгөлөк, унаа жасап беришчү. Кээде өзүм жыгачтардан, жүгөрүнүн мардегинен чычкандарды жана башка буюмдарды жасап алчумун. Атам аныбызды туура кабыл алып, үйдүн ичине чейин кум төгүп берип койчу. Аны каалагандай ойноп, каалагандай чаччубуз. Ошол себептен кол өнөрчүлүк каныма сиӊип калганбы, азыр бош убактымда «жөн эле отурам» деген сөздү такыр колдонбойм. Жараксыз делген нерселерден белекке берилчү буюмдарды  жасаганча отурам. Эӊ баалуу болгон убактымды коротуп, энергиямды кетирип жасаган белекти өтө кымбат деп билем. Жакындарыма колго жасап, атайын ошол үчүн арнап белек бергенди жактырам. Форекс аттуу пластикалык материалдын керексиз деп ташталган калдыктарын алып келип кооздоп, ар кандай белекке берилчү буюмдарды жасайм. Буга эч кандай каражат кетпейт. “Жаш ойлоп табуучу”, “Таштандыдан пайдага” деген сынактарда жасаган буюмдарым менен жеӊишке жеткем.

“Ачуум келгенде аны сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүктөн чыгарам”

- Мен кичине кезде агам 1, 2, 3, 4, 5 деген сандарды ар жерге жайгаштырып, эсептегенче туташтыр дечү. Эсептегенче туташтырсам машиненин же дагы бир нерсенин сүрөтү чыгып калчу. Ошентип жүрүп сүрөт тартканга аябай кызыгып, ал жагынан шыктуу болуп калдым. Азыр бирөө менен урушуп, таарынтып отурбайм. Бирөө ачуума тийген сөз айтып жатса тиштенип, дулдуюп барып алып сүрөт тартам же ар түстүү пластилинди майдалап көп кылып тоголоктоп ошолордун топтому менен бир картинка чыгарам. Ошол менен ачуумдун баары таркап кетет да, кайра жанагы адамга барып «эми айтчы, эмне деп жаттыӊ эле?» дейм. Ошо, мага турмушка чыга турган кыз да муну билиши керек, ачуум келгенде артымдан ээрчип сүйлөбөй жөн койсо, жиндеп отуруп бир чыгарма жаратып, анан кайра өзүм барып сурап, маселени чечип коем.

“Акындык чоӊ энемден өтсө керек”

- Чоӊ энем аябай сөзмөр. «Эне, мен окууга кетип жатам, бата берип коюӊузчу» дегенде энем уйкаштырып, “кагылайын каралдым, жакшы күндө жаралдыӊ, ак бата менен келе кал, жакшылыгында бере кал” деп сөздүн берметтеринен токуп бир саат бата берет. «Эне болду, шашылышмын» десеӊ, “шашкан шайтандын иши болот, шашкандыгы кагылга кетпейт, качкандыкы...” деп дагы бир топ накыл сөздөрдү уйкаштырып айтат. Акындык, аӊгемелерге  жакындык жагым чоӊ энемден өтсө керек. Ырларымды, аӊгемелеримди топтоп “Жаш мылтык” деген китебимди чыгаргам.

“Ректорубуз колдоо көрсөтүп, контрагымды 50%га кыскарткан”

- Менин талантымды, окуудагы жетишкендигимди, аракетимди баалап, ректорубуз 22 000 сом контрагымды 50%га кыскартып берген. Жатаканага бир жылга 8000 сом төлөйбүз. Мага “ушул балабыздын урматы” деп бекер жашоого уруксат берген. Мындай жакшылыгы үчүн ректорубузга тереӊ ыраазычылык билдирем.

 

 

Окулду 377 жолу