Версия для печати
Вторник, 27 Ноябрь 2018 04:29

Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу: «Менин жеӊишим - бүтүндөй кыргыз элинин жеӊиши»

Кыргызстандык мыкты мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу   таймаштын аралаш түрлөрү  (ММА)  боюнча 17-ноябрда Орусиянын Назрань шаарында өткөн "M-1 challenge 99" мелдешинде жеӊишке жетишти. Мелдешке жети өлкөнүн спортчулары катышып, жалпысынан 12 беттеш болгон.

Туулган жылы:

 1993-жыл, 23-февраль

Бою: 173 см.

Салмагы: 66 кг.

Туулган жери:

Чоӊ-Алай району, Чак айылы

Жетишкен ийгиликтери:

 грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, Кыргызстандын эӊ мыкты мушкери

«Мектепте окуп жүргөнүмдө эле спортко кызыкчумун»

-Мен Чоӊ-Алай районунун Чак айылында жарык  дүйнөгө келгенмин. Yй-бүлөдө 8 бир тууганбыз, 6 уул, 2 кыз, уулдардан эӊ кичүүсүмүн. Ата-энем эч жерде иштебейт, дыйканчылык менен гана алек. Жөнөкөй үй-бүлөнүн эрке баласымын. Бала кезимен ата-энем жакшы таалим-тарбия берип чоӊойтушту. Орто мектепте окуп жүргөнүмдө эле спортко кызыкчумун. Тагдырдын буйругу  менен 15 жашымдан тарта спорт жаатына аралашып калдым. Жаштыгыман мыкты мушкер болууну максат кылчумун. Ата-энем, бир туугандарым мени колдоп-кубатташты. Ошол себептен да спорттон өз ордумду таба алдым десем болот. Учурда ата-энем мени менен сыймыктанышат. Мен да ата-энеме татыктуу уул болгонума абдан кубанам.

«Канчалаган кыйынчылыктарды жеӊип, ийгиликтерди багындырдым»

-Спорт жаатына аралашкандан тарта мени грэпплинг федерациясынын президенти  Кенжебек Чекиров аттуу машыктыруучум тарбиялап келүүдө.  Учурда  Бишкек шаарындагы  "FighterKG"  аталыштагы спорт залда машыгып келем.  Көп убактым  аталган спорт залда өтөт.  Негизи мыкты мушкер болуу чындыгында оӊой болгон жок. Көптөгөн кыйынчылыктар болду, аларды жеӊип андан соӊ ийгиликтерди багындырып жатам. Ийгиликтеримин артында машыктыруучумун да салымы чоӊ. Спортто тартип бекем болуш үчүн алгач ыйманга сугарылабыз. Ал эми ыйман башаты илим демекчи, динди туура багытта үйрөнүп, Алла жалгыз экендигин таанып түз  жүрүү да бул - тартип. Спортто да дал ушундай бекем тартип менен гана ийгиликтерди багынта аласыӊ. Ар бир адам баласы алдыга жакшы максаттарды коюп, ошонун артынан иш алып барат эмеспи. Менин да тилегим дүйнөлүк таймаштарда оюн көрсөтүп, жеӊишке жетүү. Спорт аркылуу дүйнөнү бир канча жолу багындырып,  ошол тармакта  кыргыз элинин даӊкын чыгаруу эӊ башкы максатым.

«2013-жылы дүйнө чемпиону наамын алдым»

-Профессионалдуу түрдө  8 жылдан бери машыгып келе жатам. 2013-жылы  грэпплинг боюнча Москвада болгон дүйнөлүк чемпионатта алтын медалдын ээси болуп, дүйнө чемпиону аталгам. Грэпплинг боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпионумун. Ал эми 2014-жылы Кореяда өткөн  Азия океянияда профессионалдуу грэпплинг боюнча  күмүш медалдын ээси болдум. Андан сырткары Японияга да мелдешке барып, жарым финалга чейин мелдешип ден соолукка байланыштуу баш тартканмын. Анын себеби ал жакта аба ылгап көнө албай койгонмун.  Андан сырткары ММА WFF боюнча 2016-жылы дүйнө чемпиону болдум, 2016-2017-жылдары  Кыргызстандын мыкты мушкери аталдым.Ушундай жетишкендиктерден улам башка өлкөлөргө чакыруулар да  болууда.  Ал эми 17-ноябрда Орусиянын Назрань шаарында өткөн "M-1 challenge 99" мелдешине катышып  жеӊишке жетиштим. 66.8 килограммга чейинки салмакта рингге чыктым. Орусиялык Залимбек Оморов менен күч сынашып, үч раундга созулган таймаштын жыйынтыгында жеӊишке ээ болдум. Негизи рингде ушуну менен жалпысынан  14 беттеш өткөрдүм. Буга чейин 10 жолу жеӊишке жетип,  эки жолу жеӊилип, бир жолу теӊ чыккам. Бул жеӊиштерди багындыруу мен үчүн оӊой болгон жок. Анткени, тынымсыз машыгуудан улам ийгиликтерди жаратып жатам. Жеӊишим бүтүндөй кыргыз элинин да жеӊиши.

«Бүт убактымы, күчүмдү спортко жумшаймын»

-Спорттон сырткары эч кандай деле негизги жумушум жок. Спорт менин жашоом десем болот. Анткени бүт убактымы, күчүмдү ушул спортко гана жумшайм. Спорттон көптөгөн досторду таптым. Мен ырдаганды жакшы көрөм. Досторум менен кээ бир учурда тоого чыгып дем алып келебиз. Айтор, менин жашоом спорт менен, машыгуу менен гана өтөт.

   Орто мектепти аяктаган соӊ жогорку окуу жайга тапшырганмын. Кесибим боюнча юристмин. Бирок ал тармакта иштегенге аракет кылган жокмун.  Быйылкы жыл да мен үчүн жакшы жылдардан болду десем болот. Анткени, спорт жаатында ийгиликтерге жетиштим. Апрель айында өзүм сүйлөшүп жүргөн Нестан Ырысбаева аттуу кызга үйлөндүм. Жубайым Ысык-Көл  облусунун Түп районунан болот. Абдан жакшы, мени ар убак колдоп-кубаттап турат. Спортту абдан баалайт. 

«Желегибиз желбиреп, өлкөбүздүн аты айтылганда абдан толкунданам»

-Алгачкы жолу шаардык мелдештерге катышкам. Кийинчерээк  эл аралык мелдештерге  катышып, жакшы ийгиликтерди жараттым. Канчалык көп ийгиликти багындырган сайын спортко болгон кызыгуу ошончолук күчөй берет.  Кайсыл учурда болбосун мелдешке барган жерде биринчи кезекте өзүӊдү эркин кармашыӊ керек, ошондо гана жакшы ийгиликке жетсе болот. Чемпион болуп алтын медаль же чемпиондук кур алган кезде, биздин өлкөнүн желеги желбиреп, Кыргызстан деген сөз айтылганда  аябай толкундануу сезим болот. Ал сезимди сөз менен да айтып бере албаймын. Мындан ары да чет жактардагы мелдештерге катышып, кыргызымдын желегин желбиретип ийгиликтерди багындырып  келүүгө  ар убак даярмын. Ушул күнгө чейин мени колдоп-кубаттап  келген туугандарыма жана машыктыруучума ыраазычылыгымды билдирем.

Батма Суранова

 

Окулду 597 жолу