• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Вторник, 27 Ноябрь 2018 04:31

Кыялбек Ташполотов: «Атам бизди жаштайыбыздан эле жетекчиликке тарбиялаптыр»

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Кыялбек Ташполотов: «Атам бизди жаштайыбыздан эле жетекчиликке тарбиялаптыр»

 «Төрт тарабы төп келишкен, ар тараптан ийгиликтүү, бактылуу жашоого  эмнелер арналса анын баары бул адамда бар. Тарбиясын көрүп ата-энесине ыраазы болосуӊ. Ишинин майын чыгара иштеген так, жоопкерчиликтүү жетекчи экени айтпаса да көрүнүп турат», бул жөн гана мактоо сөз эмес, бул инсан менен маектешүүдөн кийинки ар бир адамдын ага арнаган менчик мүнөздөмөсү.   «Бейне» рубрикабыздын бул жолку коногу - Оштогу атайын оорукананын директору Ташполотов Кыялбек Жаныбекович.

Каарман тууралуу:

Ташполотов Кыялбек Жаныбекович 1978-жылы 29-майда Ош шаарында төрөлгөн. Yй-бүлөдө 10 бир туугандын бешинчиси. Атасы маркум Жаныбек Ташполотов өмүр бою ревизор болуп иштеп, балдарын тактыкка, жоопкерчиликке тарбиялаган. Орто мектепти жакшы окуп, өз күчү менен Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетине жогорку балл менен кабыл алынган. Жогорку даражадагы анестезиолог, реаниматолог. Жаш болсо да мыкты жетишкендиктери үчүн өкмөттүн сыйлыктарына ээ болгон. Учурда  кандидаттыгын жактоону көздөп, илимдин үстүндө иштеп жаткан кези. Yй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

«Туугандар мени «атаӊа окшошсуӊ» дешет»

- Ата-энем Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылынан болушат. Атам Ош шаарында ревизор болуп иштеп калгандыктан, биз Ошто төрөлүптүрбүз. Бирок атам бизди айылдын иштерин билип чоӊоюшсун, турмушка бышсын, кыргыздын нукура жашоосун башынан өткөрүшсүн деп каникул болор замат айылга алып барып койчу. Ал жакта чөп чаап, мал кайтарып, эгин карап, айыл турмушун толук көрүп өстүк. Атам 20 жылдай ревизор болуп иштеди. Андан сырткары көп жыл жетекчинин орун басары болуп эмгектенди. Өкмөттүн акчалары кайдан келип, кайда кетип жатканын жакшы билгендиктен, мамлекеттин акчасын жеген жетекчилердин жазаларын көргөндүктөн, «мамлекеттин казынасына, акчасына тийбегиле, алдабагыла, уурдабагыла. Эл менен мамилеӊер түз болсун» деп көп айтчу. Ойлосом атам бизди жаштайыбыздан эле жетекчиликке тарбиялаган экен. 2003-жылы оорудан улам каза болду. Биздин ийгиликтерибизди, ата тарбиясы менен иш алып барып жаткандарыбызды көрбөй калды. Туугандар, атамды жакшы тааныган кишилер мени «атаӊа окшошсуӊ» дешет. Ал эми апам көп жыл почта кызматкери болуп иштеген. Азыр төрүбүздүн көркү болуп ардактуу эс алууда.

«Орто билимди 3 мектептен алгам»

- Атам жакшы кызматта иштегендиктен балалыгыбыз жакшы көз ирмемдер менен өттү. 1986-жылы 1-класс болуп, Гагарин атындагы мектептин босогосун аттагам. Ал жерде 3-класска чейин окугандан кийин үй-бүлөбүздө адам саны көбөйгөнгө байланыштуу мамлекет атама Төлөйкөн кичи районунан 3 бөлмөлүү батир берген. Ал жакка көчүп кетип, окуубузду «Кыргызстандын 60 жылдыгы» мектебинде уланттык. Ал жерде 7-класска чейин окуп, анан Керме-Тоо мектебинде билим алып, окууну аяктадым. Кесип тандоодо медицина тармагына токтолуп, экзаменде жогорку балл менен окууга кабыл алынгам. Жогорку окуу жайды 2001-жылы аяктап, ошол эле жылы Бишкектеги дарыгерлердин билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо институтунда 2 жыл окуп, анестезиология жана реанимация боюнча клиникалык ординатурамды окуп келгем.

«Бир туугандарымдын ичинде таланттуулар көп»

- Yй-бүлөдө 10 бир тууганбыз. 4 уул, 6 кыз. Эки агам, бир эжем, бир иним, беш карындашым бар. Бир агам юрист, бир агам экономист, иним бизнес тармагында жүрөт. Эже, карындаштарым үй-бүлөлүү. Балдары, жолдоштору менен бактылуу өмүр сүрүп жатышат. Атам комузду аябай жакшы чертчү, кээде ырдап калчу. Ошондон уламбы, бир туугандарымдын арасында таланттуулар көп. Агаларым аябай жакшы ырдашат, аккордеондо, ямаха, пианинодо ойношот. Негедир мага ошондой талант буюрбаптыр.

«Балдарымдын жакшы маанайынан, күлкүсүнөн эс алам»

- 2006-жылы үйлөндүм. Келинчегим Жазгүл Сулайманова Кара-Суу районунан болот. 1-курста окуп жатканында эле таанышып, жылдызыбыз келишип  үйлөнүп алгам. Аябай жакшы жердин кызы. 2-курс болгон кезинде эгиз төрөп, бала караш керек болуп окуусун токтотуп турганбыз. Азыр 6 балабыз бар. Чоӊдору - эгиз кыздарым 6-класста окушат. Келинчегимдин окуусун кайрадан уланттык, азыр студент болуп билимин жогорулатып жаткан кези. Менин жумушумду түшүнүп, үйдөгү тиричиликти кылып, 6 баланы татыктуу багып жатканына ыраазы болом. Жумуштан чарчасам бала-чакам менен бир дасторкондо отуруп, алардын жакшы маанайын, күлгөнүн көргөндөн сонун эс алам. Убактымдын көбү жумушума арналганы менен оюмда көбүнчө балдарымдын тарбиясы, билими, келечеги болот. Жакшы адам болуп чоӊоюшса экен деп көп ойлоном. Алардын билимине, кошумча сабактарына жакшы маани берем. Музыка жакшы нерсе го, эгиздеримдин бири комузга, бири скрипкага барат. Ал эми уулум спорт боюнча машыгат. Андан кийинкилери кичинекей.

«Күндүзү да, түнү да иштеген учурлар болду»

- 2003-жылы облустук оорукананын анестезиология жана реанимация бөлүмүнө врач-дарыгер болуп жумушка кирип, ал жерде 2012-жылга чейин иштедим. 2012-жылы бул жерге Абдымомунов Токтомамат Сапарович жетекчи болуп келип, мени орун басарлыкка чакырган. Ал киши өтө билимдүү, иштин көзүн билген, үлгүлүү жактары көп адам эле. Андан тажрыйба топтоп калуу, тарбия алуу максатында сунушун кабыл алып, бул жакка орун басар болуп келгем. Ошол эле убакта облустук оорукананын анестезиология жана реанимация бөлүмүндө түнкү кезекке күзөтчү дарыгер болуп иштегем. 2014-жылы  Токтомамат Сапарович катуу оорудан улам көз жумду. Ордуна 9 ай милдетин аткаруучу болуп иштедим. 2015-жылы июль айында жетекчилик кызматка дайындашты. Мына ошондон бери директорлук кызматты аркалап келе жатам.

Учурунда дүӊгүрөп, жалаӊ гана атка минерлер дарыланчу бул оорукана бир кездерде сынын жоготуп, каралбай, адам баспай жаман абалга келген. Аны маркум Токтомамат Абдымомунов бир аз алдыга сүйрөп келе жатып, оорудан улам каза болуп кете берди. Ал эми азыркы учуру көз кубантарлык. Дарыланат элем деп оорукананын эшигин каккан бейтаптар батпай, кезегин күтүшүп, убакыт санап калган учур.

«Токтомамат Сапаровичтен көп тарбия алдым»

- Токтомамат Абдымомунов жетекчи болуп келгенде бул жер такыр каралбай калган эле. Дарыланууга эч ким келбей, жумуш системасы, оорукананын ичи, сырты баары өтө начар абалга келип калган экен. Токтомамат Сапарович көп жерге сөзү өтүмдүү, абройлуу киши болгондуктан Ош-Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынан бир аз каражат бөлдүрүп оӊдоп-түзөө иштерин баштаганбыз. Ал кишиден көп тарбия алдым, менеджерликти, жакшы жетектөөнү үйрөттү. Азыр кудайга шүгүр, акырындык менен алдыга жылып, өзү каражат таап, өзүн камсыздаган абалга жетип калдык. Алдыда дагы чоӊ пландарыбыз бар. Эӊ алдыӊкы ооруканалардын катарына жетүүгө аракет кылабыз. Кызматты ишенип тапшыргандан кийин элдин ишенимине ээ болуубуз керек.

Уулбү Каныбекова

Фото: Сыдык Токонов

 

(Айрым сүрөттөр каармандын жеке архивинен алынды)

 

Окулду 2853 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « «Ош шамынын» моторлору жана аксакалдары Дастан Кадыркулов: «Америкада балдарды уруп тарбиялай албайсыӊ» »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет»
Аброр Хакимов, спортчу: «Ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет»
Ɵлкɵнʏ дʏйнɵгɵ таанытуучу бирден бир курал бул – спорт. Желекти…

Маданият

“Адам кийими менен сыналат, акылы менен бааланат”
“Адам кийими менен сыналат, акылы менен бааланат”
Кийим адамдын кʏзгʏсʏ Заманбап адамдардын кийим-кечеси ээсинин мʏнɵзʏн, кɵз карашын,…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан  алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
Понедельник, 07 Март 2022
Ɵлкɵгɵ оң рулдуу унааларды киргизʏʏгɵ уруксат берʏʏ боюнча мыйзам коомдук угууда турган учуру. Ар тарабын эске албай туруп, оң рулдуу…
  • Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Вторник, 26 Январь 2021
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020

Архив

« Август 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved