Версия для печати
Вторник, 27 Ноябрь 2018 04:38

Т. Сарыбашов: «Шаар тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, чечкенге милдеттүүбүз»

 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жашоочулар менен жолугушуп, аймактардагы абал менен жакындан таанышууда. Жолугушууда айтылган ар бир сын эске алынып, сунуш-пикирлерди жеринде чечүү үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилүүдө.

Туран, Курманжан датка -2 аймактарында

Калаа жетекчиси Таалайбек Сарыбашовдун эл менен жолугушуусу 16-ноябрда Туран, Курманжан-Датка-2 аймактык кеӊешинде болуп өттү.

Жолугушууга Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык Кеӊештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач аймактык кеӊештердин төрагалары аймакта жыл башынан бери аткарылган иштер жана аймактагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти.

Таалайбек Сарыбашов мындай жолугушуу көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзөөрүн билдирип, алдыга коюлган иш пландар менен ой бөлүштү.

Жолугушуу суроо -жооп менен уланып, ар бир маселе боюнча шаар жетекчиси тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшырмаларды берди. Тургундар шаар жетекчисине электр энергиясы, тазалык, ички жолдорду оӊдоо, маршруттук каттамдарды жөнгө салуу, бала бакча, мектеп жана ооруканалардагы коррупцияны жоюу боюнча маселелерди айтып кайрылышты.Жашоочулар  тарабынан айтылган бардык сунуш-пикирлер, кайрылуулар протоколго катталды.

Ак-Тилек жана Керме-Тоо аймактарында

21-ноябрда шаар бийлиги Ак-Тилек жана Керме-Тоо аймактык кеӊештеринин жашоочулары менен жолугушту.  Жыйында жашоочулар тарабынан бир канча маселелер көтөрүлүп, маршруттук каттамдарга байланышкан көйгөйлөр көп айтылды.

Шаар мэри ар бир айтылган маселе жоопсуз калбай турганына токтолду.

-Биз шаар тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, чечкенге милдеттүүбүз. Бүгүн маршруттук каттамдарга байланышкан маселелер көп айтылды. Тиешелүүлөр айтылгандарды чечет. Окуучуларды албай койгон маршруттук каттамдар линиядан чыгарылат.

Окуучулар 1 сом берсе да, маршруткалар ташыш керек,-деди шаар мэри. Ошондой эле калаа башчысы Ак-Тилек кичи районуна жаӊы бала бакча куруу келерки жылга пландалганын, курулушуна каражат 2019-жылдын бюджетинен караларын айтты. Мындан тышкары көп кабаттуу үйлөрдү оӊдоо иштери уланарын, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө да аракеттер болуп жатканын баса белгиледи.

Достук жана Сулайман-Тоо аймактык кеӊештеринде

  22-ноябрь күнү калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, шаардык Кеӊештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык депутаттар, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте №2 Достук жана №3 Сулайман-Тоо аймактык кеӊештеринин жашоочулары менен жолукту.

Жолугушууда шаар жетекчилигине жашоочулар тарабынан аймактагы көйгөйлөр тууралуу суроолор берилип, ал маселелер кеӊири талкууланды.

  Коммуналдык кызматтарга байланышкан көйгөйлөрдөн сырткары жашоочулар ипотекалык программанын аткарылышы, муниципалдык турак-жай маселеси тууралуу суроо беришти.

Таалайбек Сарыбашов ипотекалык турак-жайдын курулушу жакынкы аралыкта башталары пландаштырылып жатканын айтты.

-Биз ипотекалык негиздеги турак-жайдын курулушун баштоонун үстүндө иш алып баруудабыз. Негизги максат - бул турак-жайлар аз маяна алып иштеп жаткан жөнөкөй жумушчуларды үй менен камсыз кылуу. Буюрса, биринчи кезекте «Ош-Тазалык» жана жашылдандыруу комбинатынын кызматкерлерине берилет. Жакында 80 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат. Бул ипотекалык программанын алкагында бөлүштүрүлмөкчү. Ошондой эле ипотеканын мөөнөтүн узартуу жана пайыздык өлчөмүн ыӊгайлуу кылуу пландаштырылууда, - деп баса белгиледи калаа жетекчиси.

Андан ары Т.Сарыбашов учурда муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо иштери жүрүп жатканын айтты. Мунун негизги максаты – шаар тургундары үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү багытында социалдык обьектилерди жана эс алуучу жайларды куруу. Жолугушууда канализация системдерине, жарыктандыруу жана ички көчөлөрдү оӊдоого байланышкан маселелер да талкууланды. Кала башчысы таштандыларды жыйноочу жаӊы техникалар сатып алынарын да кошумчалады.

Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанына курулган жайлар мыйзамсыз экендигин жана баары бузула тургандыгына токтолду.

-Ачыгын айтыш керек, азыр биздин калаада тартип сакталбай жатат. Көптөгөн көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында башаламан салынган курулуштар бар. Бул шаар тургундарына ыӊгайсыздык туудуруп, шаардын жалпы көрүнүшүн да бузууда.

 Жакын арада биз «Келечектеги үйлөр» долбоорунун бет ачарын өткөрдүк. Ошондо көп кабаттуу үйлөр жана алардын айланасындагы жерлер кандай болуш керектигин көрсөттүк. Бул идеяны ишке ашырууда кызмат көрсөтүүчү көп ишкана, уюмдар ишке тартылды. Yйлөрдүн алдындагы мыйзамсыз курулуштарды алып салып кайрадан калыбына келтирдик. Бул жашоочулар менен биргеликте жасалчу масштабдуу долбоор. Yй алдына ыӊгайлуу шарттарды түзүү жана жашылдандыруу биринчи ирет колго алынды. Бул саамалык мындан ары да улантылат. Биздин негизги максатыбыз - шаар тургундары үчүн мындан да жагымдуу жана ыӊгайлуу шарттарды түзүү, - деди сөз соӊунда Т.Сарыбашов.

Масим  Турсунбекова

 

 

Окулду 416 жолу