• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 03 Декабрь 2018 04:08

Дастан Кадыркулов: «Америкада балдарды уруп тарбиялай албайсыӊ»

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Дастан Кадыркулов: «Америкада балдарды уруп тарбиялай албайсыӊ»

 «Журтташтар» рубрикасын даярдоо менен чет жерде эмгектенген кыргыз жаштарын көрүп көп суктанам. Ар кимиси өз өзгөчөлүгү менен таӊ калтырат. Бүгүнкү менин каарманым өзүнүн өжөрлүгү менен таӊ калтырганын айткым келет. Анда өжөрлүк ийгиликке жетүүдө ачкыч болуп берген, Америкада ийгиликтүү иштеп жаткан кыргыз жигитин тааныштырабыз.

«Америкалыкты көрүп калсам токтотуп алып сүйлөшөм деп аны жадатып жиберчүмүн»

-Дастан, айтсаӊыз, АКШга сизди кандай тагдыр жетеледи, кепти ошондон баштасаӊыз.

-Мен кичинекей кезимден Америкага барам деп кыялданып жүргөндүктөн, ар дайым ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү издеп жүрчүмүн. Ал үчүн өзүмдү дагы даярдап, жогорку окуу жайында окуп жүргөндө кошумча атайын англис тили боюнча окуу курстарына барып, тил үйрөндүм. Студенттик күндөрүмдө Америкага келиш үчүн ар кандай конкурстарга да катышчумун. Бирок, негедир ийгилик жылмайбай, өтө албадым. Көчөдөн америкалык кишини көрүп калсам токтотуп алып сүйлөшөм деп аны жадатып жиберчүмүн. Айтор, АКШга келем деп ошентип көп аракет кылдым. Анан окууну бүтүп, иштеп жүргөн кезде  мүмкүнчүлүк жаралып калды, ошону колдонуп 2010-жылы окууга келе бердим.

-Бул жакта эмне жумуш кылчусуз, кесибиӊиз кандай эле?

-Кесибим – финансы-кредит адистиги. Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент  факультетин бүтүргөм. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин  Өзгөн шаарында ар түрдүү банктарда иштеп жүрдүм. Алгач АУБ та иштедим, кийин АКБ «Кыргызстанда», анан бир жылга жакын биринчи микрофинансылык компанияда кредиттик эксперт болуп иштедим.

«Кыргызстанды интернеттен көрүп, «ушундай кооз өлкө барбы» деп таӊ калышат»

 -Америкалыктарды таӊ калтыра албайсыӊ дешет го, сизди Америка эмнеси менен таӊ калтырды?

-Америкалыктарды таӊ калтыра албайсыӊ дегенге жеке мен кошула албайм. Себеби, америкалыктардын көпчүлүгү кызыгып «кайсы жактан болосуӊ» деп көп сурашат. Кыргызстан десем Курдистан, Казакстан деп адаштыра беришет. Анан көчмөндөр оюну (nomadgames) деп Google дан жазып издегиле деп койсом, издеп, окуп, көрүп биздин оюндарды, каада-салттарды көрүп алышып аябай таӊ калышат. Ушундай кооз өлкө барбы, такыр укпапмын дешет. Америка мени тазалыгы, мыйзамды сыйлагандыгы, адамга болгон мамилеси, элинин активдүүлүгү жана башка көптөгөн жакшы жактары менен таӊ калтырды.

«Түрмөдө отуруп чыккан адамдардын кайра коомго аралашып кетүүсүнө жардам беребиз»

-Жаӊыдан барганда туш болгон кызыктуу окуялар көп болсо керек…

-АКШга жаӊы келген кезде көп эле кызыктуу окуялар болгон. Башында акча аз болгондуктан, 10 доллар төлөп каалашынча тамак жей бере турган ресторандарга барып тамактанып жүргөм. Азыр ойлосом аябай көп барчу окшойм (күлүп).

-Учурда эмне менен алектенесиз?

 -Азыр Нон профит же болбосо биздин тилде бейөкмөт уюм сыяктуу ишканада эмгектенем. Башында эсепчи болуп киргем, анан бир аз убакыт өтүп, каржы менеджери болдум. Түрмөдө отуруп чыккан адамдардын кайра коомго аралашып кетүүсүнө жардам беребиз. Ар кандай кесиптерге үйрөтүп, ишке кирүүсүнө шарт түзгөн мекеме десем туура болот.

-Билишимче үй-бүлөӊүз менен ал жакта турасыз, балдарыӊыз бала бакчага барабы же кичинекейби? Негизи эле Америка балдар, бөбөктөр үчүн кандай кадамдарды жасашат?

-Yй-бүлөм менен Чикагодо турабыз. Келинчегим Нуржан англис тилинен окуу курстарына барат. Уулум Азамат 10 жашта, учурда 5-класста окуйт. Кызым Раяна 3 жашта, бала бакчага барат. Негизинен бул жакта балдарга аябай жакшы көӊүл бурулат. Аялдар кош бойлуу болгондон баштап, наристе төрөлүп - чоӊойгонго чейин өздөрүнүн тартиби боюнча текшерип көзөмөлдөп турушат. Анан дагы балдарга мектепте ата-энеӊер же кимдир бирөөлөр коркутуп же урса, 911ге (милиция) чалгыла деп көп үйрөтүшөт. Ошондуктан биздегидей уруп тарбиялаганга болбойт.

«Өзүбүздү Кыргызстанда жүргөндөй эле сезебиз»

-Американын кайсы штатында иштеп жашайсыз, ал шаардын өзгөчөлүгү, жашоо шарты, калкы тууралуу айта кетсеӊиз.

-Учурда Американын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында турабыз. Шаар өзгөчө кооздугу, тазалыгы, архитектурасы менен башка көп шаарлардан айырмаланып турат. Шаарда 3 миллионго жакын калк жашайт. Анан күн сайын ишке чет жактагы кошуна шаарлардан келген адамдарды кошкондо 4,5-5 миллионго жакындап кетет. Чикагодо жашоо-шарты жакшы, айрыкча башка шаарлардан айырмаланып, 5-6 кыргыз кафелери бар. 3 миӊден ашык кыргыз жашайт, өзүбүздү Кыргызстанда жүргөндөй эле сезебиз.

-Сиз сыяктуу АКШда окуйт элем, иштейт элем деген жаштарга кандай кеӊеш бере алат элеӊиз?

-Америкага келип иштейм, окуйм дегендерге, эгер чындап келгиси келгендер болсо жеӊди түрүнүп алып жакшылап аракет кылыш керек, калп эле аракет кылымыш болбой. Мага дагы көп жазышат, жолдорун сурашып, анан айтып берсем ошол боюнча жок болушат. Кичине аракет кылып көрүп, ар кандай шылтоо кылып токтотуп салышат. Кээ бирин элчиликте интервьюда төлөнүүчү 200 доллар чочутса, кээ бирин англис тилин окуп, тест тапшырып окууга тапшырганы чочутат. Көпчүлүгү бат эле виза чыга турган жолдорун издешет, андай жолдору жокко эсе. Эгер чындап келгиси келсе ар кимден сурап, интернеттен изденип, окууга даярданып, университеттер менен байланышып, жакшылап даярданышы керек.

Элира Чынтемир кызы

 

 

Окулду 1054 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Кыялбек Ташполотов: «Атам бизди жаштайыбыздан эле жетекчиликке тарбиялаптыр» От менен укалоо »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Бекдɵɵлɵт Абакиров:  “Башка шаарларга салыштырмалуу Ошто спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулат”
Бекдɵɵлɵт Абакиров: “Башка шаарларга салыштырмалуу Ошто спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулат”
Спорт – мамлекетти чет ɵлкɵгɵ таанытууда дʏйнɵгɵ белгилʏʏ саясаттын бири…

Маданият

Кадыр Жарматов: “Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” долбоору жаш таланттардын ордосуна айланды”
Кадыр Жарматов: “Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” долбоору жаш таланттардын ордосуна айланды”
“Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” кʏлкʏ долбоору менен бир топ жаштардын башын бириктирип,…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан  алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
Понедельник, 07 Март 2022
Ɵлкɵгɵ оң рулдуу унааларды киргизʏʏгɵ уруксат берʏʏ боюнча мыйзам коомдук угууда турган учуру. Ар тарабын эске албай туруп, оң рулдуу…
  • Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Вторник, 26 Январь 2021
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020

Архив

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved