Версия для печати
Понедельник, 03 Декабрь 2018 04:31

Депутаттар үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борборунан кабар алышты

Ош шаардык Кеӊешинин депутаттары Ош шаарындагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Жолугушууга Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча, социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын мүчөлөрү катышышты.

Төрага Жапарбек Ормонов бул долбоордун ишке ашырылып, азыркы учурда мэриянын алдындагы муниципалдык мекеме катары бекитилишине бардык талап кылынган мыйзам чегиндеги нормалардын сакталышы жана максаттуу иш жүргүзүүсү жөнүндөгү маселелерге кеӊири токтолду. Бул багытта эл аралык уюмдардын колдоосу менен ачылып, жабдылган борбордун мындан ары иш жүргүзүүсүнө ар тараптан колдоолор болорун белгиледи.

Борбордун жетекчили тарабынан атайын таанышуу презентациясы сунушталып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2019-жылдан баштап каржылоо маселелери талкууга алынды.

Окулду 344 жолу