Версия для печати
Понедельник, 03 Декабрь 2018 04:32

Мэр волейбол боюнча муниципалдык команданын курамы менен таанышты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаӊыдан түзүлүп жаткан волейбол боюнча муниципалдык клубдун оюнчуларын жана машыктыруучусун кабыл алды.

Жолугушууда шаар жетекчиси команданын курамы менен жакындан таанышып, алар менен клубдун алдыдагы ишмердүүлүгүн талкуулады.

“ Баарыӊыздар билгендей Ош шаарында футбол боюнча “Алай” клубу бар. Алар шаардын намысын өлкөбүздө, эл аралык мелдештерде коргоп, жакшы жетишкендиктерди багындырып келет. Волейбол боюнча клуб түзүү демилгеси көтөрүлүп, сунушту шаардык Кеӊештин сессиясында депутаттар колдоп берди. Команда Ош шаарынын атынан республикалык жана эл аралык мелдештерге катышат. Ош шаарынын мэриясы клубду ар тараптан колдоп, команданын курамына ыӊгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз”,-деди Т.Сарыбашов.

«Ош шаарынын муниципалдык клубунда КРнын Волейбол федерациясынын регламентине ылайык команданын курамы түзүлдү. Командага буга чейин волейбол менен профессионалдык деӊгээлде машыгып, өлкө чемпиондугунда ойноп жүргөн оюнчуларды сыноолордун негизинде кабыл алдык. Клуб шаардык мэрия тарабынан каржыланып, оюнчуларга, машыктыруучуларга жана дарыгерлерине айлык маяна берилет. Келечекте көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген чоӊ үмүттөбүз”,-деди клубдун машыктыруучусу Алмаз Атабаев.

Окулду 773 жолу