Версия для печати
Среда, 16 Январь 2019 03:27

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, профессор Букарбай Иметов : “Өмүрүӊдү бергенге арзыган максатыӊдын болушу - ийгиликтин сыры”

 

Илимпоз окутуучу, музыкант, Рыспай таануучу, музыкадан дагы мугалимдикти жакын көргөн, обончу, акындык, жазуучулук өнөрдү аркалап келаткан чыгармачыл инсан Иметов Букарбай агай менен илимдеги жетишкен ийгилиги, өмүр жолу тууралуу азын-оолак маек курдук.

 

-     Агай, алгач чырпык ат минип чоӊойгон туулган жериӊизден, балалыгыӊыздан кеп баштасак.

-Мен 1951-жылы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылында төрөлгөм. Айылдагы К. Маркс орто мектебинде билим алгам. Агам аскер деӊиз флотуна аскердик кызматка кетип, үйдөгүлөргө каралашаар мен болгондуктан, үйдө калып калдым. Ал кезде Тельман колхозу деп койчу. Жыл сайын күз мезгилинде кесиптик окуу жайларына колхоз акча төлөп, стипендия, кийим-кечесин берип, 4-5  адамды окутчу. Мектепти бүтөрүм менен  Кызыл-Кыядагы кесиптик техникумга 4 жигит окууга кеттик. Ал жактан устачылыкты үйрөнүп келип, Тельман колхозунда эки жыл жыгач уста болуп иштедим. Турмуш-шартка карап жүрүп, жогорку окуу жайга кечирээк кирип калдым.

 

-     Устачылык кылып жүрүп, музыка жаатына кантип келип калдыӊыз? Мугалимдик тарттыбы же музыкабы?

-Өзү тээ бала кезимден эле ырдайт элем. Окууга ынтызар болуп жүрүп, армиядан келгенден кийин гана Ош пединститутунун музыкалык бөлүмүнө тапшырдым. Турмушта көрүп эле жүрөбүз, чыгармачыл адамдардын көбү чыгармачылыктан алысыраак кесиптердин ээлери. Ошентсе да чыгармачыл чөйрөдө жашап келишет. Буга адабиятта Ч.Айтматов менен Ж. Мамытовдун эле өмүр жолу жооп берет. Эми Чыӊгыз менен Жолондун жолу башка. Уста болуп иштөөгө турмуш аргасыз кылган. Ырдап жүргөнүм себеп болуп, музыкалык окуу жайга тапшырдым. Бирок, музыкага караганда мугалимдик тартты бейм, илимге көбүрөөк кирип кеттим окшойт.

-Илим жолуӊуз тууралуу кеп кылсаӊыз?

-1970-72-жылдары советтик армияда кызмат кылып келип, Ош мамлекеттик университетинин музыкалык факультетине тапшырып, окууну жакшы бүттүм. 1976-жылдан факультетке лаборант болуп жумушка орношуп, ошондон бери эмгектенип келатам. 1984-жылы Москва шаарына В.И. Ленин атындагы педагогикалык институтунда жогорку мектептин психологиясы жана педагогикасы кафедрасына стажер катары 2 жылдык окууга бардым. Ал учурда 1 жылдык аспирантура бөлүмү бар болчу. Ошого тапшырдым. Кызыгы  СССР боюнча эӊ акыркылардан болуп кабыл алындым. 1988-жылы кандидаттык диссертациямды “Айыл жаштарын педагогикалык окуу жайынын даярдоо бөлүмдөрүнө кабыл алуу жана окутуу”  темасында Виталий Александрович Сластенин деген белгилүү окумуштуунун жетекчилигинде коргодум. Келип, кайра пединстититуттун даярдоо бөлүмүндө окутуучудан баштап, 15 жылдай кафедра башчысы болуп иштедим. Андан кийин ОшМУда проректор, кесипке даярдоо жана прогноздоо институтунда директор болдум, профсоюз комитетинин башчысы, факультеттин деканы, институтта директор, кафедра башчысы болуп иштедим. Былтыры жетекчилик менен кеӊешип кафедра башчылыгын тапшырып берип,  кафедранын профессору катары окутуучулук милдетимди аткарып, студенттер менен иштешип келатам.  В.А. Сластенинден окуган бир тобубуз азыр жогорку окуу жайларында эмгектенебиз. Илимдин жоопкерчиликтүү жолуна салган ошол киши болгон.

 

 

-     Агай, илимий иш менен кошо чыгармачылык менен да алектенип келесиз.

-Ооба, илим жөнүндө кеп кылганда 50дөй макала, китептер бар. Бирок, чыгарма жазуу  бала кезимден ички  тилек-ойлорум бири эле. Катарынан айтсам, Р. Абдыкадыров жөнүндө  “Сендейди биз кайдан гана табабыз” деген  макалалар, эскерүүлөр, чыгармалары ноталары менен кирген китеп түздүм. Андан кийин “Кыргыз музыкасынын тарыхы”, “Манас жана музыка” ( азыр “Кыргыз элдик музыкалык чыгармачылыгы” деп аталат) предмети боюнча программасын түзүп, азыр музыкалык факультеттерде колдонулуп жүрөт. Бул боюнча анча-мынча окулукту даярдап, буюрса китеп болуп чыгат. Мындан сырткары, сатирага, юморго жакын адаммын. Чогуу жүргөн адамдардын кызыктуу окуялары, чогултуп жүргөндөрүмдү  кошуп “Тамаша” деген китеп чыгардым. “Кыргыз-Атам” деген китепте жер-суу аттары, балбандары, мыктылары жөнүндө,  афоризмдерди, анча-мынча чиймелеп жүргөн ырларымды, “Рыспай” деген драманы, “Тетир жал” деген атам тууралуу поэманы киргиздим.  ОшМУда Р. Абдыкадыров коомдук фондунун төрагасы катары андан кийинки иштерим “Рыспай” деген 6 томдукту 4 адам менен бирге түзүп чыгуу болду. Чыкканына жарым жылдай болуп калган бул эмгекте түзүүчү-редакторлук кылдым.  Андан сырткары жыл сайын студенттерди тарбиялоо менен бирге, дипломдук, магистрдык иштерге жетекчилик кылып келем. Сыймыктанчу студенттерим аз эмес.

-     Ийгиликтин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

-Көпчүлүк адамдар эмгектениш керек дешет. Туура, эмгектениш керек. Эмгектен дагы адамды оолуктуруп, алдыга сүрөп турган максат болот да. Ички мотивиӊ күчтүү болсо, ошол жеӊип кетет. Байкаганыма караганда, адамдар жаш кезинде түрдүү тоскоолдуктарга учурап, жокчулук, барчылыкты көрүп өссө, ошол чоӊ түрткү болот экен. Негизгиси, өмүрүӊдү бергенге арзыган максатыӊ болсо,  ийгиликтин сыры ошол деп ойлойм.

-     Сиз сүйүп окуган китептер?

-Ар бир чыгарма турмуштун бир чоӊ жагын ачып берет. Эӊ биринчи аябай кызыгып, элестетип окуган  К. Жантөшевдин “Каныбек” романы болду. Биздин муун талашып жүрүп окудук. Ч. Айтматов, Т. Касымбеков, Т. Сыдыкбеков, К. Осмоналиевдин, А. Токомбаевдин чыгармалары, В.М.Шукшиндин сатира, юморду кошуп жазганы, өтө сүйүп окуган Тургенев, Чеховдун чыгармалары болду.  Китепканадагы китептер калбай калчу. Айдын жарыгына отуруп алып окуган күндөр али эсте. Жаш кезде  колубузга тийген китептин баарын эле окуй берген экенбиз (күлүп). Ийгиликке жетүүдө китептин да оруну чоӊ.

 

-     Үй-бүлөӊүз жөнүндө да айтсаӊыз. Балдарыӊыздан  жолуӊузду жолдогону болдубу?

-Окууну бүтүп, иштеп калган кез. Ал жылдары Жалал-Абаддан Ошко окуусун улантканы келген кыздар бизде окуп калышты. Жубайым ошолор менен келген экен. Токтолуп калган учурум. Кыздарды тамак кылганына карап тандагын дегенди угуп калдым эле. Жатаканада жашайбыз. Жолдош балам бар болчу. Бир жолу кыздар тамак кылып, дымдап коюшкан экен, жанагы досум үйгө алып кирип коюптур тамашалап. Ошондон таанышып калдык. Тамагы абдан таттуу экен, жагып калды. Кийин сүйлөшүп жүрүп, жашырганда не,  Ноокатка  ала качып кеткенмин. Азыр Кудайга шүгүр, 2 уул, 1 кыздын ата-энесибиз. Баары жогорку билимдүү, колунда жумушу бар, бала-чакалуу болуп калышты. Чыгармачылыкка кызыга беришпеди окшойт. Кызымды музыкалык окууга берип көрдүм. Комуз чертимиш болуп жүрдү. “Ата, мен медик болом” дегенинен эркине койдум. Кыз бала күйүмдүү болот экен. Ооруп калсаӊ келип каралашып сүйүндүрүп турат. Кудайга ыраазыбыз.

-     Бала кездеги кыялыӊыз орундалдыбы?

-Кээде өзүбүздүн жөндөмүбүздү өзүбүз билбеген учурларыбыз болот да. Биздин убакта багыт бере турган адамдар дагы жокко эсе болгон. Бала кезде адабият менен тарыхка музыкадан дагы көбүрөөк кызыкчумун. Ырдачумун дагы. Анан кыялымдын түпкүрүндө бир нерсе жазсам экен, санжыраны билсем экен дедим эле. Азыр буларга жетиштим. 70-80 пайыз ички көксөөм, мүдөөм орундалды десем болот. Кээде чогуу иштегендер музыкант эмес, жазуучу боло турган адамсыӊ деп калышат. Өзү табиятыман көк  жаралган адаммын. Жетем дегениме жетип эле келатам, Кудайга шүгүр.

-Маегиӊизге рахмат, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо, узак өмүр каалайбыз!

 

 

Обондоруӊ ак кууларга айлансын

Рыспай Абдыкадыровго

 

 Кайрык тандап, кеч киргизип, таӊ тосуп,

Көөнөрбөгөн ыргактарды тапкандай.

Кайран талант кара жерди жара тээп,

Кайталангыс үнүн созуп жаткандай.

 

Жүлүн тепчип боздогон бир үн чыгат,

Бул эмнеси? Махабаттын ыйыбы?..

Мынча неге муун бошоп муӊканат,

Ашык жардын армандуу бир сырыбы?

 

Обондорун жаӊы эле жазгандай,

Оо дүйнөгө узаганы жалгандай.

Улуу талант Сулайман тоо бооруна,

Гүл тергени, ырдаганы баргандай.

 

Рыспай ким? Ырчылардын ырчысы,

Жашоо, өмүр, махабаттын жарчысы.

Эӊ бир назик, эӊ бир кымбат, эӊ аӊо,

Сүйүүлөрдүн мөлтүр тунук тамчысы.

 

Толгонуу

Убакыт ай кеткен тура билинбей,

Жыл алмашат кийип чечкен кийимдей.

Кеӊ ааламдын мейкининен карасак,

Биздин өмүр колдун жууган кириндей.

 

Кээде туман, кээде ачылып жаркылдай,

Өмүр барат улам ары салкындай.

Кайран жаштык, кайран жылдар, убакыт,

Бир дүрт этип, күйүп өчкөн жалындай.

 

Кечээ эле миндик го биз ат тандап,

Кыя карап, кыйынсынып, кыз жандап.

Күүлдөдүк Күнгө колдоп жетчүдөй,

Күүлөр чертип, бийлер бийлеп, ыр курап.

Окулду 276 жолу