Версия для печати
Понедельник, 21 Январь 2019 03:43

ЖАӉЫ КОДЕКСТЕР ЖАНА МЫЙЗАМДАР ЖАЙЫН ТАБАБЫ?

  Жаӊы жылдан тартып беш жаӊы кодекс жана эки мыйзам күчүнө киргизилди. Алардын арасында жаӊы административдик жана кылмыш жоопкерчиликтери каралган мыйзамдарга  өзгөртүүлөр бар. Укуктук реформалардын алкагында каралып жаткан бул процесстер коомчулукта кызуу талаш-тартыштар менен коштолуп жатат.

«ТYКYРYК-ТYЙШYК»…

Жаӊы жылдын алгачкы апталарында баарынан да Бишкек мэриясынын шаар аймагында түкүргөндөргө 5500 сом айып пул салуу тууралуу чечими коомчулукта өйдө-төмөн бир катар пикирлерди жаратканы кызык болду. Бул аралыкта интернетке Жогорку Кеӊештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом төлөөгө даяр экендигин жарыя айткан жарандын видео тасмасы илинди. 8-январда бул көпкөнү же чөккөнү деле белгисиз жигит Тоӊ районунда кармалгандыгы, аты-жөнү Зикиряев Рамис Саламатович, 1992-жылы төрөлгөндүгү, милиция кармаганда мыйзамда көрсөтүлгөн айыпты төлөйм деп 5500 сом бергендиги социалдык тармактарга тарады.

 Ал жигит видеодо: «Мамлекетти уурдап, жеген-ичкен жана карызга батырган, мамлекет башында иштеп кеткендердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына!» деп туруп Ак үй тарапка түкүргөнүн кайсыл жагынан жана кандай маанисинде албайлы, «атыӊ чыкпаса, жер өрттө!» дегенден башкача түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Айрым маалымат булактарында айтылган ал кадамдын «саясий мааниси» барып эле саясий маданиятсыздыктын эӊ жеткен чегине такалаары көрүнүп эле турат. Бул өӊүттөн караганда, «маданияттуулукту маданиятсыздан үйрөн» деген накыл кептин да чындыгы бар экендиги өзүнөн-өзү дайын болот. Соцтармактарда жогоруда аты аталган жигиттин экс-президентке кандай даражада жакындыгы бар экени, аныгыраагы- Рамис Зикиряев Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин бир тууган жээни экендиги тууралуу да айрым маалыматтар таратылган. Эгерде бул чындык болсо анда   ал сыяктуу «азаматтар» Ак үйдүн алдына «олтуруп» кетиптир десе деле эч кандай таӊдануунун кереги жок болуп калат, «шымын булгаган колун аябайт» эмеспи!

МАДАНИЯТТУУ БОЛУУ КЫЙЫНБЫ?

Албетте, коомдук жайда какырынып-түкүрүнүүгө карата коомчулуктун пикири ар түрдүүчө экендиги айдан ачык жана айланып келип эле кыргыздын моралдык-этикалык сапатын жана анын деӊгээлин бары бир көрсөтүп туруучу бул маселе чындап келгенде олуттуу эле оозго алына тургандардын катарына кирери бышык.

 «Таптакыр түкүрбө деген эч ким жок. Yйүӊө барганда, корооӊо киргенде каалашыӊча түкүрө бер. Бирок, эч ким өз үйүндө жөн эле түкүрүнө бербейт. Ошол сыяктуу эле өз үйүӊдөй көрүп түкүрбө. Коомдук жайларда, көчөдө баратканда түкүрбө, тазалыкты сакта, маданияттуу бол, башкаларды сыйла. Эмне түкүрбөй коюу кыйынбы? Маданияты жогору элдер түкүрүнбөй, какырынбай эле жүрүшпөйбү! Эмне кыргыздар алардан өзгөчөбү? Же кыргыздар түкүрмөйүнчө тура албаган балит элби? Албетте, андай эмес. Ачыгын айтканда,  бул маселе жөн гана «айрымдардын» аракети менен саясатташып кетти. А көпчүлүк алардын жетегинде калып, түкүрүктүн деӊгээлине түшүп кеткенибизди аӊдабай калдык. «Түкүрбө» дегенди мынчалык талкуулап, тема кылганыбыздын өзү уят» дейт Жогорку Кеӊештин эксперти Мирлан Дүйшөнбаев.

«Элдин көзүнчө какырынып-түкүрүнүүнү каалагандар бар  болсо, ошондой мамлекеттер бар. Кээ бир мамлекеттерде көчөдө заара кылсаӊ да болот. Ошол жактарга барып эс алып келишсин. А биздин ата-бабабыздан калган таза маданиятыбызды бузушпасын. КМШ мамлекеттеринде эӊ биринчи Кыргызстан ушундай тазалыкты сактаган мыйзам кабыл алды. Буюрса, эӊ таза эл, эӊ таза мамлекет болобуз» дейт саясий серепчи Бакыт Бакетаев.

«Түкүрүк» маселесин осол, ойлонулбаган жүрүш катары баалап жаткандар да бар. Алсак, жарандык активист Асыран Айдаралиевдин пикиринде «Түкүрүк шоуну» эптеп эле элдин көӊүлүн башкага буруп, акыркы учурдагы башкы темага айланган саясий окуялардан алыстатып, алаксытып, коомчулукту бири-бирине карама-каршы коюп, баштарын айлантууга болгон аракет деп түшүнүү керек жана «мындай осол, ойлонулбаган, «жүдөп-какаган» жүрүш менен биз, кыргыздар бүт дүйнө элине шылдыӊ болдук. Уят, уят!».

 Канткен менен көпчүлүктүн көӊүлүн тазалык менен адеп-ахлактык маданият жагы өзүнө кененирээк тартып жатканын да кубана байкоого болот.

«Шаарды таза кармоо ар бирибиздин кызыкчылыгыбыз болушу керек. Көчөдө түкүрүнүп жүргөн адамдарга балким билинбестир, а сырттан караган адамга абдан эле жийиркеничтүү көрүнөт. Эгер өзүбүздүн аӊ-сезимибиз коомдук жайларда кандай жүрүү керектигине жетпесе, айла жок, айыппул менен болсо да, мажбурлап тарбиялоого туура келет» дейт республиканын Эмгек сиӊирген артисти Айчүрөк Иманалиева.

«Америкага жыл сайын 6 ай жашап келем,-дейт акын Бурулкан Карагулова. -Эми ал жактын тазалыгын айтпа! Көчөнү самындап жуушат. Тротуардагы көк чөптү күндө жуушат. Эч ким түкүрбөйт, таштанды таштабайт. Эгер түкүрүп калса, ар бир америкалык токтотуп, тазалап коюуга мажбурлайт. Таштанды таштасаӊ, ар бири жетип келип уяткарат да, жетелеп барып мусор челекти көрсөтүшөт. Эли өзү тарбиялап коет сырттан баргандарды, өкмөтү келип же полициясы көчө кыдырып, тартип бузгандарды аӊдыбайт».

КОДЕКСТЕР КАЧАН, КАНДАЙЧА КАБЫЛ АЛЫНГАН?

    Жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын жаӊы жылдан тарта күчүнө кириши жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө жагында да коомчулукта бир кылка пикир орун алды деп айтуу кыйын. Саясат айдыӊынан алысыраак тургандар бул маселеде ар түрдүү саясий күчтөрдүн жана топтордун жеӊил жемине айлангандыгын да жашырууга болбойт. Арийне, алар жаӊы президенттин доорунда күчүнө киргени менен, эки жыл мурда эле, болгондо да эч талкуусу жок бир добуштан кабыл алынганы белгилүү.

 «Бул кодекстердин кабыл алынышы түпкүлүгүндө Атамбаевдин элге каршы, элден айрылган, компетентсиз жана кутурган бийлигинин кесепети десем болот. Талкуулабай кабыл алган Жогорку Кеӊештин да күнөөсү зор. Юридикалык техниканын көз карашы менен алсак, бул өтө сапатсыз жана чийки мыйзамдар. Советтер союзунан калган административдик жана жаза кодекстердин архитектурасы бар. Булар аларды толугу менен четке кагып, бир заматта төӊкөрүп-көӊкөрүп коюшту. Кайдагы бир жаза жана айып пул категорияларын киргизишти. «Административдик кодексти бузуулар» деп атын өзгөртүштү. Эмне бузуулары? Өзүнчө «жоруктар» деп кабыл алышты. Украина менен Грузияны туурайбыз деп атышып, өмүрүндө милийса же прокурор болуп иштебеген чала эксперттер ОБСЕ, ПРООН сыяктуу уюмдардан жүз миӊдеген долларларды алышып, ушундай сапаты да чийки, мазмуну да тескери мыйзамдарды элибизге таӊуулап коюшту. Анан жанагы Жогорку Кеӊеш бир добуштан бекитип бергени-бул өзүнчө тема» деп белгилейт коомдук ишмер Эдил Байсалов. Анын пикиринде, коомдук жайларда түкүрүнгөндүк үчүн ошончолук өлчөмдө айып пул салуу акылга сыярлык иш эмес. Бул маселе дегеле өзүнчө берене болуп жазылганы туура болбой калган. Мунун баары «хулиганчылык» деген эле берене менен кетчү маселелер. Ошол эле берененин комментарийлери менен эле же болбосо ИИМдин буйругу менен эле такталчу маселе. «Анан түкүргөнгө 5500 сом экен. Мыйзамсыз жер басып алып үй салып, жер тилкеӊди кеӊейтип алсаӊ, ал үчүн айып пул 1000 сом экен. Мындай мисалдар жүздөп саналат. Уят эле!» дейт ал.

Ушундай эле таризде эселеп жогорулаган айып пулдар айдоочулар арасында да «башканы коюп Манасты айт!» кыязында кызуу талдоо-талкууну жаратууда. Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин оюна койсок, мас болуп рулга олтургандарга эч убал жок. Керек болсо, андайларды камаганга чейин баруу керек. Бирок, ошол айып пулду кимдердин колуна берип жатышат?  Анын пикиринде, баягы эле бети жоктордун «иши жүрүшүп, ити чөп жей берет да» деген маселе кошо жаралууда.

Кандай болгондо да жаӊы жылдын алгачкы күндөрүнөн тартып эле күчүнө кирген жаӊы кодекстер олуттуу дегидей эле өзгөрүүлөргө жана толуктап-оӊдоолорго муктаж экендигин кыргыз бийлиги өзү баш болуп моюндап жатканы да маалымдалууда. Ал үчүн белгилүү бир өлчөмдөгү убакыт талап кылынаары да белгилүү.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 280 жолу