Версия для печати
Вторник, 29 Январь 2019 03:21

Экономика илимдеринин доктору Расул Узенбаев: “Илим жаштарсыз – трагедия, ал эми улууларсыз - комедия”

Экономика илимдеринин доктору, профессор, эл аралык байланыштар боюнча АКШнын (Миннесота), Россиянын (ВМУ), Казакстандын (КИМЕП) университеттеринде тажрыйба алмашып келген Расул Узенбаев бүгүнкү “Илимдеги инсан” рубрикабыздын кадырлуу коногу.

 

Илимпоз тууралуу

 

• Расул Узенбаев 1988-жылы “Мурас” бирикмесинде бухгалтер болуп баштап, экономист, финансист, башкы эсепчинин орун басары, Ош ПОСтун курулуш башкармалыгында башкы бухгалтер, Ош соода техникумунун окутуучусу, ал эми 1994-жылдан тартып Ош технологиялык университетинде эмгектенип келет.

 

• 1997-жылы өзүнүн демилгеси менен түштүк региондо, ОшТУда биринчилерден болуп “Бухгалтердик эсеп жана аудит” кафедрасы ачылган. Окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, 2003-2009-жылдары инженердик-экономика факультетинин деканы болуп эмгектенген.

 

• Илимий макалалары АКШ, Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан жана жергиликтүү басылмалардан жарык көргөн.

 

• Илимий педагогикалык иш мезгилинде 3 монографиясы, 60тан ашуун илимий макалалары, 30дан ашуун окуу-методикалык иштери басылып чыккан.  Анын жетекчилиги менен 1 кандидаттык диссертация КУУнун жана КРСУнун астындагы диссертациялык кеӊеште ийгиликтүү корголгон. Азыркы учурда 3 аспиранттын илимий иштерине жетекчилик кылууда.

 

• 2016-жылдан бери КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 08.00.12 бухгалтердик эсеп, статистика адистиги боюнча эксперттик кеӊештин мүчөсү.

 

  Учурда ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасын жетектейт.

 

- Агай, илим чөйрөсүнө канча жашыӊызда аралашып, канча жашыӊызда жана кайсыл темада доктордук ишиӊизди коргодуӊуз?

-1988- жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүп, окутуучуларымдын сунушу менен Ош шаарындагы “Мурас” элдик кол-өнөрчүлүк өндүрүш бирикмесине бухгалтердик кызмат ордуна бөлүнгөнмүн. Бул ишканада өз кесибим боюнча жакшы өндүрүштүк тажрыйба алдым. Илимге кызыгуу 34 жашымда, 1994-жылы Ош соода техникумунан Ош жогорку технологиялык колледжине же азыркы Ош технологиялык университетине которулган мезгилден башталды. Эӊ биринчи илимий-методикалык эмгектерим 1995-жылы жарыкка чыккан. Ал эмгектер мен үчүн эӊ баалуу жана эстелик. Андан бери бир топ убакыт өтүп, 20 жылдан кийин доктордук диссертациямды 2014-жылдын 1-октябрында, Бишкек шаарында КРСУ профессору О.К. Курманбековдун кеӊешчилиги астында “ФОЭАС шартында өндүрүш чыгымдарынын эсеби жана анализинин проблемалары: теория, методология жана практика” темасы боюнча 54 жашымда коргодум.

- Улуу жолго баштаган устаттарыӊыз тууралуу айтсаӊыз?

-Студент кезде сабак берип, жол көрсөткөн окутуучулар көп болгон. Ал эми илим чөйрөсүндө К.Токтомаматов атындагы Жалал-Абад эл аралык университетинин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, кандидаттык диссертациянын жетекчиси Атабек Арзыбаев, Россиялык сырттан окуу финансылык-экономикалык институтунун кафедра башчысы, экономика илимдеринин докторуЛилия Гиляровская, экономика илимдеринин доктору, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин профессору, доктордук диссертациянын кеӊешчиси Оӊолбек Курманбеков, ошол эле окуу жайдын кафедра башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Мукаш Исраиловду сыймыктануу менен устаттарым деп айта алам.  Ар бири тажрыйбалуу педагог, дасыккан илимпоз, мыкты устат.

- Кээ бир жаш кандидаттарга көз карашыӊыз кандай?

-Азыркы мезгилде илим бир топ жашарды, илимий диссертацияларды жактоолор да жеӊилдеди. Жеӊил алынган илимий даражалар, наамдар коомдо бир топ тескери ойлорду жаратып келет. Кээде илимге тиешеси жок чиновниктерди, саясатчыларды, түрдүү жеӊил жерден аброй күткөн, наам издегендерди кызыктырды. Ал эми илгертен белгилүү болгондой жеӊил келген ийгиликтер кадыр-барксыз болору бышык. “Илим жаштарсыз – трагедия, ал эми улууларсыз - комедия” дегендей, албетте, илимде жаштар болуусу айдан ачык. Себеби, алар биздин эртеӊибиз, келечегибиз. Бирок оӊой-олтоӊ кандидат болуу максат болбошу керек.

- Айрымдардын илимий иштерин 50% плагиат деп таап чыгып, кандидаттыгын кайтарып алып жатышпайбы?

-Өзүнүн күнөөсүн сезген жана аны моюнга алган бул азаматтык жана чоӊ эрдик. “Антиплагиат” программасын колдонушубуз керек. Бул бир инструмент, таза илимдин бааланышы үчүн бир жол. Биз мындан да башка критерийлерди жана нормаларды иштеп чыгуубуз керек деп ойлойм. Муну менен илимге “жасалмалардын” келишине бөгөт коюлмак жана учурдагы  зарыл нерсе . Убакыттын өтүшү менен чыныгы илимдин кишилерин мезгил өзү ээлеп, иргеп коет.

- Илимдеги адам байыбайт деп коюшат го…

-Туура, илим бул келечектин иши. Ал турмушка ашып, коомго пайда алып келүүсү үчүн бир топ жылдар керектелет. Бирок, азыркы маалыматташуу заманында балким, бул убакыт бир топ кыскарат десек болот. Ошентсе да илимдин жыйынтыктары илимпозго пайда алып келип, байытпайт. Илим коом үчүн жана аны келечекте өзгөртүү үчүн жасалат. Ошондуктан, чыныгы илимий адам бул – жупуну жашоо кечирген адам. Илим – руханий байлык. Ал эми материалдык байлыкка умтулган адам илимпоз эмес. Негизи, илим жана байлык бир индивидуумдун деӊгээлинде эмес, коомго карата каралуусу туура.

- Жаш кандидаттарга сунуш-пикириӊиз?

-Кандидаттык диплом үчүн өзүнүн адистигин таштап коюп, башка адистик боюнча илим изилдеп жаткандарга таӊ калам. Мындай шартта илим-изилдөөлөрдүн миӊден бири гана жемиштүү болуусу мүмкүн. Ага карабай азыркы илимий дипломго талапкерлер кайсыл адистик болбосун, эптеп эле диплом болсо болду болуп калышкандай. Мындай абалга илимий чөйрө да шарт түзүп коюуда. Жаш илимпоздор “мээнет менен бышырылган нандын даамы ширин” экенин жана илимий чөйрө “жасалма” кандидаттарды бары бир илимпоз катары эсептебестигин даана билүүсү зарыл.

- Маегиӊизге чоӊ рахмат, илимдеги кадамыӊыз арбый берсин, бар болуӊуз, агай!

Маматали кызы

 Бүкалча

Окулду 402 жолу