Версия для печати
Понедельник, 18 Январь 2016 06:30

Жакартада жарылуу болду

Индонезиянын борбору Жакартада 14-январда бир канча жерде жардыруу болду. Полиция жардырууларды жанкечти-террористтер жасаган болушу мүмкүн экендигин айтууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруудан  жети адам каза болду. Кол салгандардын төртөө полиция огунан өлгөнү  айтылды. Жардыруулар кафе жана соода борборлорунда болгон үчүн Индонезия бийлиги  жарандарды коомдук жайларга барбай турууга чакырып, жанкечтилер дагы болушу мүмкүндүгүн эскертишти. 

 

 

Окулду 1710 жолу