Жаӊы жыл жалпы кыргыз журтчулугуна социалдык саясат жаатында бир топ эле жаӊылыктарды жана жагымдуу башталыштарды тартуулоочудай кейиптенип калганын канааттануу менен белгилей кетүү керек. Бул багыттагы жаӊылыктар коомдо тез өздөштүрүлүп, андан аркы жакшы башталыштарга негиз боло берсин деген үмүт-тилек учурда ар бир кыргыз жаранынын көӊүлүндө уялап турганы чындык.
«ЖЕКЕ АССИСТЕНТ» -СОЦИАЛДЫК ЖАӉЫ КЫЗМАТ
Майып балдарын багып-караган ата-энелерге 2019-жылдын 1-январынан баштап айына 4900 сомдон төлөнө баштайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирүү жасаган.
«1-январдан тартып бул ата-энелерге беш миӊ сомго жакын суммадагы айлык төлөнө башталат. Кийин биринчи топтогу чоӊ майыптарды караган адамдарга да биз келечекте мүмкүнчүлүккө жараша акча төлөөнү караштырып атабыз. Бул максатка азыр мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом каралган» дейт ал.
Маалыматка ылайык, майып баласын баккан ата-эненин эмгеги мамлекет тарабынан расмий таанылып, кийин пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон.
Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “Жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаӊы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теӊдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда өлкөдө 29, 9 миӊ мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миӊ бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.
ПЕНСИЯ ЧЕГЕРYY ДОКУМЕНТТЕРИН ЭМИ СОЦФОНД ӨЗY ТОПТОЙТ
Кыргызстанда жашы пенсия курагына жеткен жарандар мындан ары толгон-токой документтердин артынан сая түшүп чуркоо түйшүгүнөн арылышат. Керектүү кагаздарды топтоо милдети эми социалдык фондго жүктөлдү. Тиешелүү мыйзам үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилди. Пенсия чегерүүнү жеӊилдетүүгө ылайыкташкан мыйзамды Жогорку Кеӊештин депутаты Аалы Карашев сунуш кылган.
«Пенсия чегерүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча биз мыйзам кабыл алганбыз,-деп билдирди ал. -"Документтер соцфондго керекпи, демек соцфонд аларды өзү чогултушу керек. Адам 30-40 жыл иштеп, пенсиянын документтерин алты ай, жылдап чогултпашы керек. Ал тиешелүү соцфондго келди, арызын, эмгек китепчесин, паспортун берди, калганын ошол соцфонддун тиешелүү кызматкерлери бүтүрүшү керек".
Пенсия курагына келген жарандар тийиштүү документтерди чогултууда ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болгон учурлар көп эле кездешет. Пенсиянын философиясы жөнөкөй эле: сен пенсияга чыкканга чейин сенден мурда пенсияга чыккандар үчүн эмгектенесиӊ, ал эми өзүӊ пенсияга чыкканда сен үчүн башкалар, тагыраагы пенсияга жашы жете электер эмгектенүүгө тийиш. Пенсияга жашыӊ жеткенден кийин тиешелүү өлчөмдөгү пенсиялык сумманы үйүӊдө тынч олтуруп күтүүдөн жана алуудан өтөөрү жок экенин баары билишет.Бирок, буга чейин пенсияга чыккандар андай мүмкүнчүлүктөн таптакыр кур калганы жашыруун эмес.
Мисалы, Таластын Талды-Булак айылынын 61 жаштагы тургуну Кымбат Байматова ушундай документтерди топтоодогу артыкбаш түйшүктүн айынан пенсияга 15 жылдан кийин чыкканын минтип баяндайт:
- Биздин айыл тоолуу аймак болгондуктан пенсияга 45 жаштан чыкчубуз. Ошол куракка жеткенде документтерди чогулткам. Мен мурда Талды-Булактагы тиричилик комбинатынын бир бөлүмүндө башкаруучу болуп иштегем. Союз тарагандан кийин документтерибиз жоголуп кетти. Аны борбордук архивден издедим. Учурунда бир эле жерде иштеген жокпуз. Документти ар кайсы жерден чогулттук. Балдардын документин ар кайсы жерден чогултуп келүү да бир топ эле кыйын экен. Эмгек стажым деле толук болчу. Андан кийин деле “бул жок, тигил жок” дешкенинен “пенсиянын кереги жок” деп документ топтобой койгом. Кийин 60 жашка чыкканда 45 жаштагы келиндер пенсия алып жатканын көрүп намыстанып, документтерди кайра тапшырдым».
Жашоо, турмуш шарттын ыӊгайына жараша ар түрдүү жайларда жана түрдүү кесиптерде эмгектенип, кийин пенсия курагына жеткенде ошол иштеп тапкандарынын изин кууп, Кыргызстандын дээрлик жарымын кыдырып түйшүк тарткандардан Кымбат Байматова албетте, жалгыз эместиги кашкайган чындык.
Мыйзам кабыл алынганга чейин пенсия курагындагылар негизинен паспорт, эмгек китепчеси, 1996-жылга чейинки беш жыл ичинде алган маянасы жөнүндө маалымат, туруктуу жашаган жеринен маалымдама, аялдар балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, эркектер аскердик билети камтылган документтер топтомун соцфондго тапшырышы керек болчу. Баскан-турганыӊдын өзү эле олчойгон чыгым эле.
Жарандар белгилегендей, жогорудагы кагаздарды чогултууга жылдап убакыт талап кылынган учурлар арбын. Жаӊы мыйзамга ылайык жөнөкөйлөтүлгөн шарттар тууралуу социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев төмөнкүдөй маалымат бериптир:
« Азыр эми паспортун, беш жылдык айлыгы тууралуу маалымдаманы, эмгек китепчесин алып келишет. Калган жетпеген документтердин баарын биздин кызматкерлер мамлекеттик органдарга кат менен кайрылып, чогултабыз. Бул жерде бир өзгөчөлүктү айта кетиш керек. Пенсионерге документтерди алты ай эрте тапшырганга укук берип жатабыз. Ошол убакыт ичинде биз жетишпеген документтердин баарын топтоп, анан акчаны чегерип беришибиз керек».
Кыргызстанда аялдарга пенсия 58, эркектерге 63 жаштан тартып бериле баштайт. Пенсия курагына келген жарандын 20-25 жылдык эмгек стажы болушу керек.
Ал эми айыл жеринде жашап, дыйканчылык же башка иштер менен алектенгендер кандай документтерди чогултуп пенсияга чыга аларын соцфонддун адистеринин бири Баратбек Сыдыкназаров мындайча түшүндүрөт:
«Жер үлүшү бар болсо, соцфондго ошол жердин китебин алып барыш керек. Анан төлөмдөр болушу керек. Дүкөн же бир киреше алып келүүчү жумушта иштесе, социалдык фондго сөзсүз каражат төлөгөн болушу зарыл. Мамлекеттик кызматта иштебегендерди, жер үлүшүнө акча төлөбөгөндөрдү мамлекет пенсияга чыгарбай кое албайт. Бирок минималдык сумма чегерип коет. Маселен, пенсиянын мамлекет тараптан төлөнө турган базалык бөлүгү 1700 сом болсо, стаж жетпеген учурда ошонун жарымына жакын пенсияга чыгарып коет.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, пенсиянын базалык бөлүгү, тагыраагы мамлекет тараптан чегерилген сумма 1780 сомду түзөт. Учурда өлкөдө 648 миӊ адам пенсия алат.
Жаӊы мыйзамга ылайык, 2019-жылдын 1-июлунан тартып соцфонддо атайын пенсионерлер үчүн бөлмө ачылат. Каалоочулар ал бөлмөгө кирип, канча пенсия алып жатканын электрондук түрдө көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Ушул жылдын 1-октябрынан тартып орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5 682 сомду түзгөн. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% жогорулаган.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом. Жалпысынан 648 миӊ пенсионер болсо, миӊ сомго жетпеген пенсия алгандар да бар. Алар 1-2 жыл эмгек стажы бар жарандар.
АМАНАТКА 60 КYН АЛЫНДЫ
Президент Сооронбай Жээнбеков "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга" кол койду.
Документ Жогорку Кеӊеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында, аталган мыйзамдын 11-беренесинин жоболорун Жарандык кодекстин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган. Анткени, жыл эмес,ай өткөн сайын ушул күрөөканалардын кызматынан пайдаланган катмардын катары өсүп баратканы байкалып, бул өз кезегинде алардын ишмердигин заман жана мыйзам талаптарына шайкеш келтирүү маселесин күн тартибине коюп жатат.
Мыйзамда көпчүлүк жарандар үй-жайын, унаасын, дагы башка баалуу мүлкүн күрөөканаларга өткөрүп берип, кийин аларды кайрый албай калган учурлар эске алынган. Ошондон улам эгер кардар убагында карызын төлөй албай калса, ломбарддар анын күрөөгө койгон мүлкүн дагы 60 күн кармап турууга милдеттендирилди.
Эгерде алынган каражат сүйлөшүлгөн мөөнөттө кайтарылбаса, кардар жеӊилдик берилген 30 күндүн ичинде кутулса болот. Бул мезгил ичинде ломбарддын пайыздык үстөктүн акчасын көтөргөнгө укугу болбойт. Андан сырткары, сактап турганы үчүн да акча ала албайт.
"Мурдагы окуулардын жүрүшүндө айрым депутаттар карапайым калк муктаждыктан улам күрөөканаларга алданып, мүлкүнөн айрылып жатканын жүйө келтиришкен. Жарандардын укугун коргоо жаатында тиешелүү чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүү учур талабы экени белгиленген" деп айтылат ЖКнын сайтында.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө киргендигин эскерте кетмекчибиз.
Абдираим Мамытов
Толугу менен...