Версия для печати
Понедельник, 04 Февраль 2019 03:45

Циррозго чалдыккан Акжол жардамга муктаж

29 жаштагы  Акжол Калбаев  мигрант болуп Орусияда иштеп жүрүп, катуу ооруга чалдыккан. Ошондон тартып оорудан айыга албай,  учурда боордун циррозу менен жабыркап келе жатат. Аталган каарманыбыздын аянычтуу тагдырын  Акжолдун бир тууган эжеси айтып берди…

Гүлнара Саликова, эжеси:

«Инимдин оорусуна даба таба албай турабыз»

-Биз Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Бото-Мойнок айылынын тургуну болобуз.Yй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, 2 кыз, бир уул. Синдим экөөбүз теӊ турмушка чыкканбыз. Yйүбүздө ата-энем жана иним Акжол гана  жашашат. Инимди али үйлөндүрө элек болчубуз. Тилекке каршы, ооруп калгандан бери  тапкан-тутканыбызды иниме жумшап жатабыз. Ата-энемдин ишенгени, жөлөп-таянаары эле.  Тагдырдын  сыноосу менен иним  минтип  боордун циррозуна кабылып олтурат. Акжол  ооруга чалдыккандан тартып ата-энем да  иним менен кошо азап тартып  кыйналып жатышат. Акжол 1990-жылы туулган.  Орто мектепти бүтүп, айылда дыйканчылык менен иштеп жүрчү. 2010-жылы Орусияга акча табуу үчүн кеткен. Ал жакта да колунан эмне иш келсе, ошол иштерде иштеп акча таап жүргөн. Бир жылдан кийин   2011-жылы инимдин өпкөсүнө суу толуп ооруп, кайрадан Кыргызстанга келген. Келгенде эле  ооруканага жаткызып өпкөсүнөн суу алдырып  дарылатканбыз, жакшы болуп калган болчу. Кийин убакыт өткөндөн соӊ  иммунитети түшүп кетип,   менингит болуп ооруп калган.  Ооруканада үч ай жатып дарыланып жакшы болуп чыккан.  Ошондон тартып кээ бир учурда ооруп калчу, бирок биз анчалык деле маани берчү эмеспиз. Мындай  катуу ооруп калышын кайдан билели. Байкуш инимдин оорусуна даба таба албай, алсыз болуп турган чагыбыз.

«Ар бир дарылануусуна 30 миӊден 60 миӊге чейин акча жумшалат»

-2017-жылдан тарта  Акжол катуу ооруп калды. Ар үч айда ооруканага жаткызып дарылатып жаттык. Бирок, ооруканадан чыккандан кийин  бир ай эле жакшы жүрүп, кийин кайра баштагыдай эле катуу ооруп  калчу болду. 2018-жылы Акжол боордун циррозуна кабылганын билдик.  Ага чейин билген эмеспиз. Ошондон тартып  инимдин жашоосу үчүн күрөшүп ар кайсыл ооруканаларга жаткызып көрдүк. Ал жердеги дарыгерлер да «Индияга алып баргыла» деп айтышты. Учурда иним  ооруканадан  жакшы болуп чыгат да, үйгө келгенде эле ооруп  жатат. Инимдин ар бир дарыланышына 30 миӊден 60 миӊ сомго чейин акча кетип жатат. Мейли акча кетсе дагы айыгып кетсин десек, Кыргызстанда эч бир жыйынтык болбой жатат. Бул жердеги дарылануу убактылуу гана болууда.

«Операцияга 40 миӊ АКШ доллары керек»

-2018-жылдын декабрь  айында  Индиядан Кыргызстанга дарыгерлер келген болчу. Ошоллоордон  кененирээк  маалымат алуу үчүн Акжолдун диагноз кагаздарын алып барып көрсөттүк. Алар инимдин диагнозун көрүп эле, «үч ай ичинде Индияга алып барып операция жасаткыла» деп айтышты.    Операцияга 40 миӊ АКШ доллары  жумшалат экен. Андай чоӊ суммадагы акча бизде жок болгондуктан, ата-энем  акчаны кайдан табарын билишпей катуу  ойлоно берип, ооруп калышты. Атамдын колу, буту иштебей, инсульт болуп калды. Апам болсо дайым инимдин жанында олтура берип, буту, бели тырышып ооруп жатат.

«Инимдин айыгышы үчүн баарыӊыздардан жардам күтөбүз»

-Иним учурда биротоло төшөккө байланып калды. Башта дары-дармектин күчү менен бир аз басчу. Акжолдун ал абалын көргөн ата-энем  күнү-түнү көз жашын төгүп  ыйлап, Кудайдан жардам сурап жатышат. Андан сырткары дары-дармеги да түгөнүп бараткандыктан  акча жагынан да кыйналып калдык. Азыр Акжолдун  ичи шишип кеткен, ошол үчүн баса албай кыйналууда. Инимдин тезинен айыгып кетиши үчүн мен донор болууга  даярмын. Болгону акча каражаты жок болуп жатат. Акжолдун кыйналганын күндө көргөн сайын  жан дүйнөм азап чегип жатат (ыйлап). Инимдин айыгып кетиши үчүн  боорукер кыргыз элимен жардам сурайбыз. Жардам берүүнү кааласаӊыздар

0702  66-9 8-78

номуруна чалып, мени менен байланышсаӊыздар. Баарыӊыздардан жардам күтөбүз.

Батма Суранова

 

Окулду 413 жолу