Версия для печати
Понедельник, 04 Февраль 2019 03:49

Шаятбек Абдурахманов, Ош шаардык клиникалык оорукананын директору: «Жакында жаӊы имаратка көчөбүз»

  Шаарыбыздын Ак-Тилек кичи районунда жаӊыдан бүтүп, бүгүн-эртеӊ ишке берилгени турган оорукана, 1900-жылы салынган эски имаратта калкка кызмат көрсөтүп келе жаткан жаткан жамаат, ишмердүүлүгү, алдыдагы максаттар тууралуу оорукананын директору - медицина илимдеринин кандидаты, доцент Шаятбек Абдурахманов менен маектештик.  Шаятбек Туланбаевич алдыда чоӊ жаӊылык - жаӊы ооруканага көчүү күтүлүп жатканын айтып, көп өзгөрүүлөр болоруна токтолду.

Азыркы шаардык оорукананын башкы корпусундагы имараттар 1900-жылы курулган.  Бул аралыкта бир нече жолу оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлсө да, эскилиги жетип калган имараттарда бир топ көйгөйлөр бар болчу. 2017-жылы Шаятбек Абдурахманов мекемеге директор болуп дайындалары менен ишти бөлүмдөрдү толук капиталдык оӊдоп-түзөөдүн баштаган. «Жылуулук, канализация системдерин жаӊылап, колдон келишинче бейтаптар үчүн жагымдуу шарт түзүүгө аракет кылдык. Талап боюнча өзү бир жылда 32 000 бейтап дарылашыбыз шарт, бирок былтыр 40 миӊ адам бизде дарыланып сакайып чыкты. «Орун жок, кезек күтүӊүз» деп отура бербей, абалына карап тез жаткырып, дарылоого аракет көрдүк. Акыркы 2 жылда 25 млн. сомдук эӊ зарыл болгон меджабдууларды сатып алдык. Дары-дармектер жетиштүү» дейт жетекчи өз сөзүндө.

«Тез жардам бөлүмүн ачтык»

-2  жыл болду, сыркоолоп кайрылгандарга алгачкы жардам көрсөтүү үчүн 6 орундуу 2 каана даярдаганбыз. Кан басымы көтөрүлүп кайрылабы, бели ооруп келеби, айтор ушул сыяктуу кайрылгандарга 6 орун даяр турат. Бул бөлүмдүн ачылганы кечиктирилгис жардам көрсөтүү багытында абдан зарыл маселе болчу.

«Урология бөлүмү ачылды»

-Эл арасында урологиялык оорулар көбөйүп кеткендигин эске алып, министрликтин уруксаты менен атайын бөлүм ачтык. Медицина илимдеринин доктору Ж.Мамбетовду борбордон чакырып, азыр бул дарыгерге дээрлик түштүк аймагынан бейтаптар кайрылышууда. Азыр бул бөлүмдө жасалып жаткан операциялар көбүнчө борбордо гана жасалчу. 

«Ак-Тилектеги оорукана бүттү. Көп бөлүмдөрүбүз көчүрүлөт»

-Шаарыбыздын Ак-Тилек кичи районунда Кытай Эл Республикасынын көмөгү менен курулуп бүткөн жаӊы оорукана жакын арада ишке берилгени турат. Мамлекеттик кабыл алуу бүтүп, техникалык кабыл алуу процедурасы  жүрүп жатат. Буюрса, биздин көп бөлүмдөрүбүз ошол жаӊы имаратка көчүрүлөт. Кытай элчилигине 5 млн. сомдук аппараттарды алуу боюнча долбоор жазган элек. Анын негизинде жаӊы бүткөн имаратка компьютердик томография, МРТ, ангиограф аппараты, көз ооруларын изилдөөчү томография сыяктуу жаӊы меджабдуулар келет. Дарылоонун  сапатын жакшыртуу максатында бир нече дарыгерлерибиз Орусия, Түркиядан, Астанадан окуп келишти. Айтор, бейтаптар үчүн эӊ жакшы шарттар түзүлөт. Дагы бир жаӊылык, жаӊы имаратта ангионеврология (инсульт) бөлүмүн ачалы деп жатабыз. Ошондой эле эндокринология бөлүмү да болот.

«Оорукана ОшМУнун клиникалык базасы…»

-Эмгек жамаатыбыз чоӊ. 7 илимдин доктору, 12 илимдин кандидаты эмгектенет. 66 жогорку даражадагы дарыгер бар. Бир нече кызматкерлерибиз кандидаттыгын, докторлугун жактоо алдында турат.

Биздин оорукана ОшМУнун медицина факультетинин клиникалык базасы болуп саналат. Эмгек жамаатыбызда 30 га жакын аспирант бар. Болочоктогу дарыгерлер бул жерде теория менен практиканы айкалыштырып, медицинанын өнүгүшүнө салым кошушууда.

«Жаштарыбыз активдүү»

-Жамаатыбыздын 80 % га жакыны жаштар. Андыктан жаш адистерди колдоо, туура багыт берүү максатында айына бир жолу жолугуп, түрдүү маселелерди талкуулап турабыз. Жаштар комитети түзүлгөн. Шаарда өткөн ар бир иш чарага активдүү катышабыз жана өзүбүздө ар кандай спорттук иш чараларды, ишембиликтерди уюштуруп турабыз.  Былтыр жазгы 3 айлыктын алкагында оорукананын ичине 200 гө жакын арча, сосна көчөттөрүн отургуздук.

«Электрондук саламаттыкты сактоо системин ишке киргиздик»

-Биздин оорукана өлкөдө биринчилерден болуп электрондук саламаттыкты сактоо тутумуна өткөн. Башта бардык иш кагаздар кол менен толтурулуп, убакыттын баары кагаз документтерин толтурууга кетчү, ал эми бир кагаз, мисалы, бир анализ бир нече адамды убарага салчу. Азыр эми бул программа менен иштей баштагандан бери иш бир топ жеӊилдеп калды. Бул ыкма кызматкерлер үчүн да, бейтаптар үчүн да жакшы болду. Программанын максаты - коррупциялык элементтерге бөгөт коюу, медициналык тейлөөлөрдүн ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо.

Кылыч Мамашарипов, башкы дарыгердин орун басары:

-Биздин ооруканада балдардын жугуштуу оорулар стационарын, төрөт стационарын жана терапиялык стационарды кошкондо бардыгы болуп 846 орун (керебет) бар. Жалпысы болуп 1532 кызматкер иштейт. Алардын ичинен 272 си дарыгерлер, 790 у орто медицина кызматкерлери. Учурда жамаатыбыз менен жаӊы имаратка көчөбүз деп кубанып турабыз. Буюрса, жаӊы имаратыбыз толугу менен жаӊы жабдуулар менен жабдылат. Жетекчибиздин демилгеси менен жаӊы заманбап медициналык аппаратуралар келет. Буга байланыштуу тийиштүү дарыгерлерибиз Орусия, Түркия мамлекеттерине жана Астана, Бишкек шаарларына барып окуп келишти. Жеке мен өзүмдү айтсам, Астанада 3 жарым ай жүрүп, белгилүү нейрохирург М. Бердикоджаевден тажрыйба үйрөнүп келдим. Жаӊы аппаратуралар менен иштөөнү да үйрөндүк. Буюрса, жаӊы имаратта жаӊы аппараттар менен элге кызмат көрсөтүү бир топ жогорулайт.

 Масим Турсунбекова

Фото С.Токонов

Окулду 511 жолу