Версия для печати
Понедельник, 04 Февраль 2019 03:53

Бийчи Баяман Өмүрбеков: «Бий - кыздардын кылыгы деп жаман көрчүмүн»

Сөөктөрүнүн ийилчектиги менен өзгөчө трюктарды жасап, дүйнөнү таӊ калтырып келе жаткан «Тумар КР» бий тобунун мүчөсү, таланттуу бийчи Баяман Өмүрбековдун жеке жашоосу, дүйнө кыдырган саякаттары жөнүндө кеп кылабыз.

«Таята-таенемдин колунда чоӊойдум»

- 1996-жылы 25-февралда Кара-Суу районунун Эркин айылында туулгам. Ата-энем ажырашып кетишкенине байланыштуу таенем менен таятамдын колунда чоӊоюп, тарбияландым.  №46 Садык Маматов атындагы орто мектепте билим алдым. 5-класстан баштап шоктугум ойгонуп, классташтарымдын баарына лакап ат коюп, кыздарга тийише берчүмүн. Сабакты өтө жакшы окубасам да, алгачкы жолу орус тилинен 2 алганымда аябай ыйлагам. Бийге аралашып кетип мектепти толук окуп бүтпөй калганыма, окуучулук күндүн акыркы учурларын досторум менен бирге өткөрбөй калганыма өкүнөм.

«Талаада иштеп жатканда жеӊелердин жасап келген тамагынын даамдуулугун айт…»

- Апам мен кичине кезимде Москвага иштегени кеткен. Жалгыз бой болгону үчүн көп кыйынчылыкты көрдү. Узак жылда бир көрүшөбүз. Бири-бирибизди сагынып, көргүбүз келсе да айла жок, апам өзүнүн жумушу менен, мен өзүмдүн жумушум менен алекпиз. Балалыгым аябай сонун өттү. Мектеп, айыл эӊ сонун көз ирмемдер менен элестелет. Жамгыр жааганда жарык өчүп калчу, шам жагып алып отурган күндөр, кышында эртеӊ менен эрте туруп, мешке от жагып, кар жиреп мектепке кеткен учурларды сагынам. Талаада жүгөрү чаап, пахта терип, кой кайтарып, таекелерим менен курулушта иштеп  жатканда, жеӊелерим тамак жасап келишчү. Ошондогу тамактардын даамдуулугун эстебей кетпесем болбойт. Таятамдын үйүндө уулдары, келиндери, неберелери болуп 10дон ашык адам жашачубуз. Жеӊелерим манты, оромо сыяктуу тамактарды жасап калышканда, биз да жардам берчүбүз. Таятам менен таенемди аябай сагынам. Алардын ал-күчтөн тайып, картайганын көрүп жүрөгүм эзилет.

«Атайдын кыймылдарын тууроо мага кыйынчылык жараткан эмес»

- Мен бийге такыр кызыкчу эмесмин. «Бий - бул кыздардын кылыгы» дечүмүн. Бир жолу досторум «Атай Өмүрзаков деген бийчи чыгып жатат, сонун бийлейт экен» деп сөз кылып калышты. Анын бийлегенин мен да көрүп, өзгөчөлүгүнө баа берип, кызыгуум арта баштаган. Ошол учурда анын бийи мен сыяктуу көп балдардын кумири болду. Анын кыймылдарын тууроо мага кыйынчылык жараткан эмес. Ал кезде 14 жашта болчумун. Атай роботту туураса, мен андан өзгөчө болоюн деп сөөктү кайрыганды өздөштүргөм. Талаада кой кайтарып жүрүп өзүмдүн сахнада бийлеп жатканымды, элдин мага таӊыркап карап, кол чаап жаткандарын элестетип, атактуу болууну кыялдана берчүмүн. «Таене, көрөсүз, менден республикадагы эӊ популярдуу гезиттер интервью алат, телевизорго чыгам» дей берчүмүн. Теледен, гезиттен чыгып калсам таенем кубанып айтып калат. Ошондон улам таенемдин мени менен сыймыктанарын байкайм. Ал да мени аябай жакшы көрөт, сагынышып, бат-бат сүйлөшүп турабыз.

«Кооз шаар, шарты жакшы жашоодо жүрсөм да, айылым менен таенемдин кучагына жетпейт»

- Бир жолу Ошко барып калдым. «Атай Өмүрзаков жана «Тумар КР» бий группасы келет» деген афиша илинип туруптур. «Тумар КР» бий тобунда бийлеп калсам деп ниет кыла берчүмүн. Yйгө барып бир бий даярдап, концертине келдим. Залда балдарга бийлеп бердим. Баарына жакты, бирок, Атай же бий группанын бир да баласы келип сөз айтпады. Көрбөй калышты окшойт деп кетип баратсам чакыртышты. Аларга да бала керек болуп жаткан экен. Бийлетип, сынап көрүштү. Кийин «Тумар КРдин» курамында бийлөөгө чакырышты. Мына ошондон бери таланттуу балдардын катарында дүйнө кыдырып бийлеп келе жатам. Учурда Бразилиядабыз, апрелде Европага кетебиз. Быйыл кышты көрбөй калдым, себеби бул жакта күн ысык, жай мезгилиндей жүрөбүз. Дүйнөнүн бардык жерин кыдырдым, Япония менен Америка эле калды. Буюрса, ал жактарга да барабыз. Мектепте окуп жүргөндө география сабагын жаман көрчүмүн. Азыр дүйнө кезип жүрүп, ошол сабакты эстеп калам. Кооз шаарлар, шарты жакшы жашоо, саякат, оюн-күлкү. Бирок жан дүйнөмдүн, сагынычымдын дарысы - айылым менен таенем. Чоӊоюп калсам да таенемди кучактап, тизесине башымды жөлөп  эркелей берем.

«Атай Өмүрзаков менен иштешпей калганбыз»

- Азыр биз Атай Өмүрзаков менен иштешпей калганбыз. Ал өзүнүн жолу менен, биз өзүбүздүн жол менен кеттик. Учурда бий топто Радик, Эрлан, Мырза, мен болуп бийлеп жатабыз. Жетекчибиз, бизди колдоп, дүйнө кездирген «Тумар КР» тобунун мурунку бийчилери Саламат, Азамат деген эгиз агаларым жана менеджерибиз Айбек аттуу агабыз. Алар бизге демөөрчү болуп, өлкөлөр менен контракт түзүп, биздин чет өлкөдө бийлешибизге шарт түзүп берип турат. Өздөрү Кыргызстанда болсо да биз менен тынбай байланышып, абалыбызды сурап, маселелерибизди чечип,  өлкөдөгү жаӊылыктардан, футбол боюнча жакшы маалыматтардан айтып турушат. Аларга тереӊ ыраазычылык билдирем.

«2020-жылы үйлөнөм дедим эле, бирок…»

- Бир кызды сүйүп, 2020-жылы үйлөнөм деп жүргөм. Бирок болбой калды, себеби бирөөнү сүйсөӊ, аны коомчулукка жарыялабай эле коюш керек экен. Ар ким ар нерсе деп, сөз тийип, көз тийип, ортодо чырдашуу боло берет экен. Мен да анын сүрөтүн соцтармакка жарыялагандан кийин көп урушуп, түшүнбөстүктөр болуп кетти. Ортодогу мамилени үзүүгө туура келди. Азыр сүйгөн кызым жок. Кыздар менен мамиле курууда жаш экенмин деп сүйүүгө маани бергим келбей калды. Сүйүү, үй-бүлө үчүн өзүӊдү моралдык жактан даярдап, акыл токтотуп калышыӊ керек экен. Чет өлкө мени көп нерсеге тарбиялады, аӊ-сезимимди өстүрдү. Бул жактын атмосферасына көнүп, англис тилин да өздөштүрүп калдым. Адамдар күлүп-жайнап жүрүшөт. Депрессия дегенди билишпейт. Урушуп, мушташкан адамдар жок. А бизде адамдардын баары проблемадан чыга алышпайт, кечке ойлонуп кабак чытып жүрүшөт эмеспи.

Уулбү Каныбекова

Сүрөттөр каармандын жеке архивинен алынды

Окулду 489 жолу