Версия для печати
Понедельник, 04 Февраль 2019 04:02

Бала бактысына ээ кылган ЭКУ кызматы

Көп жылдан бери бала жытын эӊсеп, бирок ал бакытка жетпей келген үй-бүлөлөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк - жасалма уруктандыруу ыкмасы пайда болду. Бул ыкма Ош шаарына келе элек. Андыктан, Бишкектеги «Анкалайф» клиникасынын негиздөөчүсү, профессор, экстракорпоралдык уруктандыруу боюнча жогорку даражадагы адис Жихангир Чакыжы мырза менен байланышып, жасалма уруктандыруу боюнча кенен маалымат алдык. Бул макала экстракорпоралдык уруктандырууга кызыкдар болуп жүргөн көп ата-энелердин суроолоруна жооп болот деген ишеничтебиз.

«Тукумсуздуктун себептери аябай көп»

- Клиникабызга 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар кайрылышат. Кайрылгандардын көпчүлүгү гинекологиялык, урологиялык оорулар менен жабыркагандар. Таӊ калганым, жапжаш туруп балалуу боло албай жүргөндөрдүн санынын көптүгү. Жаштайынан дарыгерге көрүнүүдөн тартынышабы, билбейм, оорусу өтүшүп кеткенде гана кайрылышат. Тукумсуздуктун себептери өтө көп. Ошол эле урологиялык, гинекологиялык ар кандай оорулар, ата менен эненин антигендеринин аябай окшоштугу сыяктуу нерселер тукумсуздукка себеп болот. тукумсуздуктун себебин изилдеп, боло турган болсо дарылап, табигый жол менен балалуу болгонго жардам беребиз. Болбосо, ЭКУ же инсеминация кызматын сунуштайбыз.

ЭКУ деген эмне?

- ЭКУ (Экстракорпоралдык уруктандыруу ) - репродуктивдүү технологиялардын көмөктөшүүчү ыкмасы. Ал аялдын организминин жумуртка клеткасын (ооциттерди) алып, аны "invitro"(пробирка) шартында жасалма уруктандырып, андан пайда болгон эмбрионду өнүгүп, жетилүүсү үчүн эненин жатын көӊдөйүнө салуу дегенди билдирет.  ЭКУ процедурасына негизги көрсөткүчү болуп, аялдардын абсолюттук тукумсуздугу, эрендиктин сапатынын төмөндөп кетиши же жок болушу жана эркектердин тукумсуздугу, бел суунун сапатынын  төмөндөп кетиши саналат.

ЭКУ жасатууга 1-1.5 ай убакыт кетет

-  ЭКУнун этаптары гормоналдык фонго, жумуртка клеткалардын сапатына, жаш курагына, салмакка карата белгиленет. Эгер булардын баары жайында болсо, анда бойго бүтүрүү үчүн болжол менен 1-1,5 ай убакыт кетет. Бул аралыкта жубайлар психологиялык даярдыктан өтүшөт. Керектүү анализдерди тапшырышат. Алгач аялдын урук безин гормоналдык жактан стимулизациялап даярдоо керек. Аялдардын ар бир айызында 1-2ден урук клеткасы өсүп жетилет.  Ал эми ЭКУ үчүн бир канча урук клеткасын алуу керек болот. Себеби, кээ бир клеткалар уруктанууга жөндөмү жок болот. Аялдардын урук безин стимулизациялап ЭКУга алуу үчүн атайын дарылар колдонулат. Дарыны ичкен соӊ бардык процесс УЗИ аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Түйүлдүктүн жасалышы

- Аялдын бышып жетилген урук бези ичке ийне аркылуу алынып, приборкага салынат. Ошол эле учурда эркектин да урук бези алынып, экөө теӊ лабораторияга жөнөтүлөт. Аялдын урук клеткасына ичке ийне аркылуу эркектин урук клеткасы берилип, түйүлдүк жасалат. Андан соӊ уруктандырылган урук клетка атайын инкубаторго салынат. Анда түйүлдүктүн өсүп жаткан процесси көзөмөлдөнөт. Түйүлдүк инкубатордо 2-5 суткага чейин кармалып, керектүү өлчөмгө келгенде аялдын жатынына салынат.

Дарыгерлер эне менен 9 ай бою иштешет

- Эреже боюнча жатынга 2-3төн ашык эмбрион салынбайт. Түйүлдүк жатынга түшкөндөн кийин ийгиликтүү имплантация болуусу үчүн аны гормоналдык терапияда кармап турат. Кош бойлуулук 2 жумадан кийин кан аркылуу аныкталат. Аял кош бойлуу болсо, анда болочоктогу ымыркай табигый жол менен бойдо бүткөн ымыркайлар сыяктуу 9 ай энесинин ичинде өсүп, жетилип, кадимки төрөт менен жарык дүйнөгө келет. Клиниканын дарыгерлери болочок эне менен 9 ай бою тыгыз байланышта болушат.

Такыр тукумсуздарга донор кызматы колдонулат

- Азыркы учурда уруксуз (жумурткасы же сперма) жок келип жаткан пациенттердин саны көп. Эркектин урук чыгаруучу түтүктөрүнүн бүтөлүшү жана спермасында урук клеткаларынын жоктугу медицинада азооспермия деп аталат. Эркектин уруктугунун сапаты 0,1 % болсо деле ЭКО жасатууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер 0 % болсо, себебине жараша аспирациялоо жасалат. Анын бир нече ыкмасы бар. Алгач уруксуз эркектерге TESE (TESA, PESA) ыкмасы колдонулат. Мында ичке ийненин жардамы менен эн безинен урук клеткасы алынып, лабораторияда багып өстүрүлөт. Эгер бул ыкма да натыйжасыз болсо, пациенттин макулдугу менен донор кызматы пайдаланылат.

Донорлор менен келишимдин негизинде иш алып барабыз. Донор болчу адамда генетикалык оорулардын бар же жок экендиги, ден соолугу толук текшерилет. Жашы, бою, салмагы, билими, эмнеге жөндөмдүүлүгү, жада калса чачынын, көзүнүн түсүнө чейин белгиленет. Бирок, донордун аты-жөнү кардарга айтылбайт. Урук клеткаларын тоӊдуруу медицинада "криоконсервациялоо"  деп аталат. Мында эркектин да, аялдын да мыкты, активдүү жумурткасын тандап алабыз да -196 градуста, суюк азотто тоӊдурабыз. Аларды чектелбеген убакытка чейин сактоого болот. Мындан сырткары балалуу болууну пландаган адамдар донорду өздөрү таап келсе да болот. Алар толук медициналык текшерүүдөн өткөн соӊ донор болуунун тийиштүү шарттарына жооп берсе, аны пайдаланууга болот.

Практикамда алгачкы ирет ЭКУ менен төрөлгөн жигит табыгий жол менен балалуу болду

- «ЭКУ жолу менен төрөлгөн балдар тукумсуз болуп калабы?» деген суроо менен абдан көп адамдар кайрылышат. Тескерисинче, дени сак балдар төрөлөт. Анткени жубайлар башынан аягына чейин толук текшерүүдөн өтүп, дарыгердин көзөмөлүндө болот. Лабораториядан уруктардын күчтүүлөрү, тазалары тандалып алынат. Мен ЭКУ жолу менен эӊ алгач жарыкка алып келген наристе эркек бала болчу. Учурда үй-бүлөлүү. Табигый жол менен эле балалуу болуп, жашап жатат. Мындан сырткары адамдардан «ЭКУ жасатууда алдын ала уул же кыз экенин билип жасатсак болобу?» деген суроо менен көп кайрылышат. Болот, бирок, биз бул ыкманы тукум кууган ооруларда гана колдонобуз.

ЭКУ эмнеден улам ийгиликсиз болуусу мүмкүн?

- ЭКУ жасатуу ар дайым эле ийгиликтүү боло бербейт. Жыйынтыктын жакшы болушу адамдын организмине жараша болот. Кээ бир организм урукту кеч кабыл алат, айрымдары дароо кабыл алат. Анан да урук салгандан кийин ден соолугуна кам көрүүсүнө жараша да болот. Ички жана сырткы факторлор таасир берет. Сапатсыз эмбриондор, жатын түтүктөрүнүн, ата менен эненин антигендеринин аябай окшоштугу, гормоналдык бузулуулар, жаш өзгөчөлүк, ашыкча салмак, ичимдик ичкен, тамеки тарткан адамдарда да ЭКУ ийгиликсиз болуп, түшүп кала берүүсү мүмкүн. Өнөкөт оорулар, жыныс системиндеги, өпкө, ашказан, боор, бөйрөк оорулары барлар да ЭКУ жасатууда кыйналышат.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 1027 жолу