Версия для печати
Понедельник, 04 Февраль 2019 04:05

Биолакт даярдалган ашканада

Ош шаардык балдардын  сүт ашканасы көп жылдардан бери ара төрөлгөн балдарды, рахит оорусу менен ооруган балдарды сүт жана биолакт  менен камсыздап келе жатат. Шаардык Кеӊеште бюджетти бекитүүдө бул ашкананын кереги барбы деген талаштуу маселе жасалды...

  Ташкан Арынова, Ош шаардык  балдардын  сүт ашканасынын жетекчиси:

«Учурда бизде 7 гана кызматкер иштейт»

-Бул ишкана алгачкы жолу 1968-жылы Ош шаарындагы Черемушки кичи районунда ачылган. Ошондон тартып биздин ишкана ара төрөлгөн балдарды жана рахит (итий) оорусу менен ооруган балдарды,  энеси төрөттөн кийин жугуштуу ооруга чалдыккан балдарды  сүт азыктары менен камсыздап келет. Учурда ишкана Кулатов кичи районунда жайгашкан, 1987-жылы аталган жерге көчүп келгенбиз. Союз убагында 30га жакын  жумушчу иштечү.  Ал кезде бизден даярдалган сүт азыктарына да талаптар көп болчу. Жаӊы туулган ымыркайдан тартып үч жашка чейинки балдарга акысыз  берчүбүз. Мамлекет тараптан да балдар үчүн акча каражаты көп бөлүнчү. Ал эми азыркы кезде биздин ишканада 7 гана кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 1 айдоочу, 2 медайым, 2 санитарка, 1 эсепчи болуп иштейбиз. Ошого жараша аз эле буюртма менен иш алып барабыз.

«8 эмкана менен иштешебиз»

-Учурда биздин жумушчулар нөөмөткө туруп 6 күн иштешет. Анткени, сүт азыктарын жакшы көзөмөлдөбөсө, тез эле өзүнүн даамын өзгөртүп салат. Ошол үчүн  ар бир  уюткан биолактты көзүбүздүн карегиндей көзөмөлдөп турабыз. Анткени, биздин чыккан биолакттар  балдардын ден соолугун  чыӊдаш үчүн даярдалат. Учурда биз менен №1 үй-бүлөлүк медицина борборуна баш ийген 8 эмкана иштешет. Дарыгерлер ай сайын ар бир балага карата арыз ташташат. Ошонун негизинде гана сүт азыктарын жеткирип беребиз. Ал эми аз эле сүт же биолакт  алган эмканаларга жеткирилбейт. 

«Биолакттын уюткусу  Бишкектен  буюртма менен келет»

-Жыл сайын  бюджеттен  2 миллион сом акча каражаты  бөлүнөт. Ал акчаны эсепчибиз жылдын башында эле сүт азыктарына, айлык маянага, салыкка   бөлүштүрүп, эсебин чыгарып коет. Ошого карата иш алып барабыз. Биолактты даярдоо үчүн порошогун Бишкектен  атайын буюрма менен алып келебиз. Анын курамында баланын ден соолугу үчүн зарыл болгон бардык витаминдер бар. Ошол үчүн уютку катары ошол порошокту колдонобуз. Ал порошок кичинекей  идишке 10 граммдай  салынып келет. Аны уютку кылып көбөйтүп алып, анан 50 же 100 литр сүткө кошуп уютабыз. Мен ар убак Бишкектен алынган  порошокту уютку катары көбөйтүп берем, ал эми калган иштерди медайымдар кылышат.

«Бир күндө  185 бөтөлкө сүт жана 521 бөтөлкө  биолакт даярдап чыгарабыз»

-Биолакт даярдоо үчүн алгач уюткуну көбөйтүп алабыз. Кийин сүттү жакшылап бышырабыз. Бышкан сүттү муздатып, уюткудан кошобуз. Шекерди кайнатылган сууга салып ширелүү суу кылып, аны да  сүткө кошуп жакшылап аралаштырабыз. Бөтөлкөлөрдү кайнак сууга салып кайнатып, микробдорун жок кылып, анан сүттү  бөтөлкөлөргө куябыз. Бөтөлкөлөргө куюлган сүттөрдү атайын 38  градус жылуулуктагы бөлмөгө алып кирип коебуз. Ал жерде аралашмасы бар сүт 5 саатта биолакт болуп даярдалат. Андан соӊ даяр болгон биолактты  муздаткычтарга салып коебуз.

Бөтөлкөлөргө куюлган сүттү жакшылап кайнатып, сүзүп,     муздаткычка  салабыз. Даяр болгон сүт азыктары  эртеси күнү өз дарактерине жеткизилет. Бир күндө  185 бөтөлкө сүт жана 521 бөтөлкө  биолакт даярдап чыгарабыз. Биздин ишкананы ар он күн сайын санэпидстанция текшерип турат.

 Биздин иш аябай жоопкерчиликтүү болгондуктан күндө медайымдардын кылган ишин көзөмөлдөп турам. Анткени, биолактты беш саат ичинде карап муздаткычка өз убагында салбаса ачуу болуп калышы мүмкүн. Эгерде биолактты тез эле алып койсо, суюк болуп жакшы болбой калат. Ошол үчүн ар бир кылган иштерин көзөмөлдөймүн. Бизден алгачкы жолу алып кеткен ата-энелерге  биолактты балага кантип бериш керектиги жөнүндө  түшүндүрөбүз. Эмканаларга берилген биолакттарды балага кантип ичирүүнү дарыгерлер өздөрү түшүндүрүшөт. Учурда  күндө биолакттарды, сүттөрдү даярдап, өз дарегине жеткизип  иштеп жатабыз. Бюджеттен азырынча акча бөлүнө элек.  Буюрса, баарын убакыт көрсөтөт.

Канзат Улукова, Ош шаардык балдардын  сүт ашканасынын медайымы:

«Фосфор, кальций жана башка  витаминдер бар»

-Биолакт  бул -  ымыркайлардын  сүт азыгы, атайын эмчектеги наристелерге  кошумча азык катары  берилет. Биолакт сөөктүн калыптануусуна, ич катканда, ич өткөнгө жана кальций жетпеген балдарга  пайдалуу. Биолакттын курамында B витамини, фосфор, кальций жана башка пайдалуу витаминдер бар. Биз ар убак биолактты даярдап жатканда дарыгердин рецеби менен даярдайбыз. Биолакт көбүнчө эне сүтүнө тойбогон, алсыз жана салмагы аз балдарга үй шарты оор үй-бүлөлөргө берилет. Биолактты күндө жаӊылап жасап турабыз. Кадимки эле кайнатылып муздатылган сүткө  витамин кошулмасы бар уюткуну жана кант сиробун кошуп аралаштырып  бөтөлкөлөргө куябыз. Атайын  ысык болгон бөлмөгө бөтөлкөлөрдөгү сүттү алып кирип, 5 саат көзөмөлдөп турабыз. Эгерде начар уютуп койсок,  өзүбүз жооп беребиз. Анткени күндө жаӊы сүт менен биолакттар даярдалып өз дарагине  жеткирилип турат. Сүттү күндө литрин 35-40 сомдон 50-60 литр сатып алуудабыз.

Гүльвира Акматова, №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун  №6 филиалынын үй-бүлөлүк дарыгери:

«Биолакт, сүт  ичип чоӊоюп жаткан баланы ар ай сайын көзөмөлдөп турабыз»

-Биз көбүнчө ара төрөлгөн балдарга  жана кошумча жакшы салмак кошо албаган балдарга, эгиздерге, жугуштуу оору менен ооруп, эмизе албаган энелердин балдарына  Ош шаардык  балдардын сүт ашканасы  даярдаган сүт азыктарын сунуштайбыз. Көбүнчө баланын абалына, жашына карап, сүттү же биолактты берүүнү талап кылабыз.  Аталган ишканага баланын ата-энесин жөнөтөрдөн мурун баланын картасын толтуруп, баланын салмагын, боюнун узундугун жазып, башкы дарыгерге мөөр бастырып, ал кагазды ата-энесине беребиз. Ошонун негизинде  ата-эне күндө сүттү же биолактты  алып келе берсе болот. Биз ал балага эмне бериш керектиги тууралуу  алдын ала сүт ашканасына маалымат берип коебуз. Бул биолакт баланын ден соолугу  үчүн абдан пайдалуу. Ошол үчүн  биолактты сунуштап келебиз. Биолакт, сүт  ичип чоӊоюп келе жаткан баланы жылыш болуп жаткандыгын байкаш үчүн көзөмөлдөп турабыз.

Батма

 Суранова

Окулду 836 жолу