Версия для печати
Понедельник, 04 Февраль 2019 04:09

Кулатовго аллея курулат

Шаарыбыздын Кулатов кичи районундагы 2 гектар жерге эс алуу багын куруу планы каралып, бүгүнкү күндө соода түйүндөрүн алып салуу иштери жүрүүдө. Шаар тургундарын кубанткан эс алуу багы буюрса, күз айларында бүтөт.

Жергиликтүү бюджеттен 40 миллион сом бөлүнөт

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун эл менен болгон жолугуусунда Анар, Кулатов кичи районунун жашоочулары мэрден эс алуучу жай куруп берүүнү суранышкан. Мунун негизинде шаардык мэриянын 2018-2020-жылдарда өнүктүрүү программасына Кулатов кичи районунун Бекмамат Осмонов көчөсүнө аллея куруу планы киргизилген. Бүгүнкү күндө шаардык Кеӊеш тарабынан аталган план жактырылып, 40 миллион сомго жакын акча каражаты каралган. Кулатов кичи районундагы жолду жээктеген базарды, соода жайларын көчүрүп, ордуна аллея куруу тууралуу буйрукту шаар мэриясы 2018-жылдын 25-ноябрында чыгарган. Бул буйрук 8-январда күчүнө кирген. Аталган кичи райондо 200дөй соодагерди жумуш менен камсыздаган базар бар. Бүгүнкү күндө базардагы муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагында турган 2 гектар жер тилкесиндеги убактылуу орнотулган соода түйүндөрүн алып салуу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан 94 соодагер шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен убактылуу келишим түзүп, соода түйүндөрүн ачкан. Аллея куруу планы каралган күндөн баштап соодагерлерге эскертүүлөр берилген. Азыркы учурда 94 соода түйүндүн баары алынып, апрель айында эс алуу жайды куруу иши башталат. Учурда соода күркөлөрү алынып салынган жерлерди тазалоо иштери жүрүп жатат.

Алтынбек Пирматов, шаар курулушу жана муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн жетекчиси:

«Соодагерлерге башка жерден орун берилди»

- Шаардык мэриянын буйругунун негизинде Кулатов кичи районундагы базардын ордуна аллея куруу планы каралып, бүгүнкү күндө муниципалдык менчикке караган жерди тазалоо иштери жүрүп жатат. Соодагерлер менен бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Курулуш иштери буюрса, ушул жылдын 1-апрелинен башталат. Базарды  тазалоо оӊойго турган жок. Соодагерлер менен түшүнбөстүктөр болуп, социалдык тармактарда түрдүү видеолор жарыяланып кетти. Негизи, соодагерлерге алдын ала муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бир топ эскертүүлөр берилген. Борбордук базардан, Келечек базарынан орун берип, ишке жайгаштыруу убадаланган. Ага карабай кээ бир жашоочулар менен пикир келишпестиктер жаралды. Бирок, азыр 94 соода түйүнү толугу менен алынып салынып, аларга шаардагы базарлардан орундар берилди. Жашоочуларга жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканыбызда, биз менен жолуккан элдин 99%ы  планды колдоп, кубанганын билдирди. Шаарды өнүктүрүү, көркүнө кам көрүү жергиликтүү бийликтин бирден-бир максаты. Ал жердеги башаламандык, жол тыгыны, ичимдиктин айынан тынчтык бербеген көрүнүштөр жашоочуларды тажатканын алардын өздөрүнөн уктук. Мындай көйгөйлөрдү эске алуу менен аллея курууну шаардык мэрия колго алган. Буюрса, бул аллея күз айларында курулуп бүтөт.

Гүлбара Аденова, жашоочу:

«Ушул райондун жашоочусу катары аябай кубандык»

- Жашоочулар үчүн шаардын көркү биринчи орунда болуш керек. Жашырып эмне, тургундар өздөрү да билишет. Кулатов кичи районунда башаламандык көп болот. Ичимдиктердин сатылганынан улам түнү менен тынчтык жок. Жол тыгыны токтобойт, жөө жүргүнчүлөргө ыӊгайсыздык жаратат. Жолдон ары-бери өтүү кооптуу. Чоӊ эле адам мен ары жактан бери өтүү үчүн эки саат турам жолдо. Неберелеримди жалгыз дүкөнгө жумшай албайм. Бир эле жашоочуларга эмес, сырттан келген коноктор үчүн да бул райондогу көрүнүш одоно. Ошондуктан, бул жердин эс алуу жайга айлануусу өтө кубандырат. Жергиликтүү бийликти колдоп, кереги тийсе колдоо көрсөтүшүбүз керек. Шаар тургундарынын түшүнүгү, көчөдө жүрүү этикасы болушу зарыл. Тазалыкка көӊүл буруп, куруп берген аллеяны шарттуу пайдаланып алышыбыз керек. Бир кездерде мен да ушул жерде соода кылып иштегем. Бул районго 1994-жылы эс алуу багын куруу планы каралган эле. Бирок, ооздо айтылып эле калып кеткен. Убакыттан пайдаланып жеке сунушумду билдиргим келип турат. Базарды жылдырганга жараша толук жылдырылганы жакшы болот го деп ойлойм. Бир тарабы базар, экинчи тарабы аллея болуп көрксүз болуп калат. Анан шаар эли бийликти эле күнөөлөп отура бербестен, тазалыкты сактасак. Былтыркы жылы бүткөрүлгөн көп кабаттуу үйдүн алдын көрүп аябай кубандым. Шаардагы бардык көп кабаттуу үйдүн алдын ошондой кылып оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп алсак, шаар жаӊыланмак. Кудай буюруп, аллея биз ойлогондой бүткөрүлсө, жумуштан кийин коркпой айланып басып жыргап калмакпыз.

Разия Арыккозуева, жашоочу:

«Эс алуучу жай биз үчүн курулуп жатканын түшүнүшүбүз керек»

- Батыш кичи району көптөн бери каралбай калып кеткен эле. Ишенген ушул эски, башаламан болгон базарыбыз бар болчу. Быйыл минтип аллея курулат десе кубанбай кое албадык. Заманбап, талапка жооп берген соода түйүндөрү ачылсын. Жумуштан чарчап келгениӊде эс алууга аллеялар курулсун. Мунун жакшы жагы бир эле жашоочуларга эмес, сырттан келген туристтерге да пайдалуу. Түнкүсүн сыртка жалгыз чыгуудан коркчубуз, анткени ичимдик ичип алып мас жүргөндөр көп болчу. Күндүзү Ноокат, Кызыл-Кыяга кеткен таксисттерден баш айланат. Шаар катары, өлкөбүздүн экинчи борбору катары мындай жерлер эбак жоюлушу керек эле. Шаар мэрине рахмат. Эс алуучу жай биз үчүн курулуп жатканын түшүнүшүбүз керек.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

Окулду 669 жолу