Бир нече китептердин автору, акын Тазагүл Закированын улуу-кичүүгө бирдей сиӊген “сүйүп кеттиӊ кара тору бир кызды...ар тарапта жалгыз калдыӊ бир өзүӊ...”деген саптары бар “Кусалык” аттуу ырына белгилүү обончу Маматибраим Бостонкулов обон жаратып, учурда көпчүлүк сүйүп угуп, жаттап ырдап жүргөн ырлардын бирине айланган. Бир топ ырчылар аткарып жүргөн, уккан сайын жаштыгыӊызды сагындырып, сүйүүӊүздү эске салган “Кусалыктын” тарыхы жөнүндө авторлор айтып беришти.
Акын Тазагүл Закирова:
“Баарында эле ушундай арман бар турбайбы...”
-25-30 жаштын ортосунда жаш эле туруп, эртерээк улгайып “чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр” деп жазып коюптурмун. Андан бери 40 жылдай убакыт өтсө деле баары ушинтип ырдап жүрүшөт. Көрсө, аябай эле эрте жазып койгон экенмин. Кандайдыр окуя болуп анан жазганымды эстей албайм. Турмушумда өтө көп адамдардын сырларын уктум. Кичинемден атама жакын өскөндүктөн эркек мүнөз элем. Эркек балдар менен достой эле жүрчүмүн. Сүйүп калып ыйлап-сыктаган учурлар болгон эмес. Классташтардын арасындагы сезимдерди камтыган ыр. Сен бирөөнү сүйөсүӊ, ал бирөөнү сүйөт дегендей. Тегерегимдеги классташтарым, замандаштарым баары топтолгон каарман болуп жазылып калды. Маматибраим Бостонкулов искусство институтунда окуп жүрүп обон жазып, Айнагүл Сарыкова деген ырчы кыз ырдап,“Кусалык” бүтүндөй элге жайылды. Бул үчүн обончуга ыраазычылык айтамын. Айнагүл Сарыкованын көзү өткөнүнө да жыл ашты. Ошол кыз ырдап жүрүп бир жолу “биз Ноокат районунда бир кечеде болдук. Записти 85 жолу кайра-кайра коюп угушту” дейт. Бишкекте бир жигит “Муса Кангелдиев деген аксакал той болобу, кече болобу, он жолу ырдатып, көчөгө чыксаӊ да кошо чыгып ырдатат” деп айтканы бар. Аэропорттон чоӊ-алайлык келиндер жолугуп “сиз Тазагүл эжесизби?” дешти. - Ооба, Тазагүл эжемин. “Биз сиздин ырыӊызды “аэропортто жалгыз калдыӊ сен өзүӊ”деп ырдап жүрөбүз. Бул заманда чет жакка чыгып иштеп, же жолдошубуз, же өзүбүз жалгыз калып жатабыз” дегени эстен кетпейт. Нарынга жолугушууга барсам, ал жакта да зал хор ырдашты. Кээ бир жерлерде “баарыӊарда эле ушундай арман бар турбайбы” деп тамашалап күлүп калам. Мында обон менен ырдын ширелишип турушу да чоӊ табылга. Ар атуулдун кызбы, уулбу, ичинде кичинекей кусалык, сагынычы жашап, улуу-кичүүнүн баарынын жүрөгүндө ушундай бир маселе бар экен да. Жүрөккө жакын ырды баары эле өзүнүн ыры кылып алышат тура. Адам бактыма жеттим деп жашап жүргөн менен ичинен башканы элестетип жашашы мүмкүн. Турмуш кээде ушундай экен.
Обончу Маматибраим Бостонкулов:
“Ырдынөзүнсүйдүм”
-8-9-классымдан эле музыка жарата баштадым. Учурда 200дөн ашык обондорум бар. Байтемир Асаналиев, Барктабас Абакиров, ошол кезде Аалы Токомбаев бар эле, Кармышак Ташбаев, Сооронбай Жусуевди, анын ичинен Тазагүл Закированы да көп окуп, ошол акындардын ырларына көбүрөөк обон жаздым. Ыр дүйнөсүнө кирип алгандан кийин ыр жөн койбойт экен. Анын үстүнө ырдын жакшысы өзү эле обонду тартып турат. 1982-87-жылдары Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуйт элем. Обончулар ырдын элге ырдалып кетишине карап тандайбыз да. Сөз жакшы болсо обону да ошого ылайык чыгып, ырдалып кетиш керек. Эжекенин ырлары колума тийгенде арасынан “Кусалыкты” тандап алдым. Негедир элдин жүрөгүнө жакындай туюлду. Кийин да жашап кала турган, өмүрү узун ыр экен, обон дагы жаралып калды.Тазагүл эже аябай жакшы жазган. Айнагүл Сарыкова деген ырчы бар эле, ырды жактырып, өзүм аккордеон ойноп берип, Ош радиосуна жаздырып койгонбуз.
Студент кезде бирөөнү сүйүп калуу деген болгон эмес. Эми албетте, жаштык кезде ар кандай жакшы көрүүлөр болот дечи. Көбү эле “сүйүп кеттиӊ кара тору бир кызды” десе бирөөнү сүйдү бекен деп ойлошу мүмкүн. Мен ырдын өзүн сүйдүм. Бул жерде мүмкүн сөзүн жазган автордун башынан өткөн окуядыр. А мен музыка жаратышты билдим. Ошону менен элге таркап кетти. Сөзсүз эле бирөөнү жакшы көрүп, сүйүп калып, анан обон жазбайбыз. Анын баары акындын жазган ырында даяр турат. Ошол үчүн сүйбөсөм дагы сүйгөндөй болуп, ырдын негизинде обон жаратып калчумун. Азыр деле ошондой. Бир акынды окуй турган болсом анын сезимдерин, элестетүүсүн сезип, дүйнөмө сиӊирип алып анан обон жазам. Андай болбосо обон жазыш деле кыйын. Мажор менен минорду пайдаланыш керек. Бир кыздын сулуулугун ырдай турган болсоӊ, акын жүрөгүнөн кандай өткөрсө, ошондой өткөрүп, анан обон жаза берсеӊ болот. Музыкасын жазып алып, акындарга “сөз жазып бер” дегендер да бар. Менде андай нерсе жок. Акындын ою менен жазам. Көп ырчылар ырдап жүргөн “Кусалык” дагы жүрөгүмдөн өтүп, анан музыкасы жаралган ырлардын бири. Обон жазылгандан бери эле ырдалып келатат. Элге таркап кетти, Кудайга шүгүр.
Ырдапжүрүӊүз
"Кусалык"
Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдыӊ сен өзүӊ.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп жалаӊ чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиӊ кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,
Макул болуп турмуш деген ушуга.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиӊ кара тору бир кызды.
Маматали кызы Бүкалча
Толугу менен...