Версия для печати
Понедельник, 11 Февраль 2019 05:13

Хамидулло Исмаилов, 29 жашта: «Берген убадалар аткарылып жатат»

- Элдин ишеничине кирип, добушун алгандан кийин татыктуу иштеп берүүгө далалат кылам. Амир-Темур кичи районунда жашоочулар үчүн бир топ жакшы иштер аткарылды. Мисалы, балдар ойноочу аянт салынды. Ал 100дөн ашуун жаш балдарга ылайыкташып, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилген. Буга чейин аталган кичи райондо бала бакча маселеси көптөн бери чечиле элек болчу. Бул маселени да көтөрүп чыгып, шаардык бийликтен керектүү суммадагы акча каражаты бөлүнүп, учурда бакчада  150 бала тарбияланып жатат. Мындан сырткары, 5 километрдей жолго шагыл төгүлдү, 100гө жакын электр мамычаларын орнотуп, беш трансформатор орнотулду. Социалдык маселелерге көбүрөөк маани берем. Элдин жашоо-шартын жакшыруу негизги пландарымдын бири. Депутаттыкка чейин аймактык кеӊеште төрага болуп иштеп, чечиле элек көп маселелерди билчүмүн. Алдыда көп пландар бар. Алардын негизгилери таза суу, жол маселелери турат. Буюрса, жергиликтүү бийлик менен биргеликте аталган көйгөйлөрдү да чечебиз.

Окулду 387 жолу