• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 11 Февраль 2019 05:28

Шаар бюджети: 2019-жылда билим берүү, курулуш, спорт тармагына басым жасалды

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Шаар бюджети: 2019-жылда билим берүү, курулуш, спорт тармагына басым жасалды

5-февралда Ош шаарынын 2019-жылга бекитиле турган бюджети коомдук угууга коюлду.

Коомдук угууга Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапар Ормонов, биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Акбарали Батыров,  шаардык Кеӊештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары менен ММК өкүлдөрү катышышты.

«Быйыл бюджет 187 млн. 448 миӊ сомго көбөйдү»

Талкууда шаардык Кеӊештин депутаты Ж. Ормонов бюджеттин бөлүнүшү тууралуу маалымат берди.

Ош шаарынын бюджети өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга өсүп, 1 млрд. 127 млн. 634 миӊ сомду түзүүдө. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 187 млн. 448 миӊ сомго көп.

Быйыл билим берүү, капиталдык курулуш, жолдор башкармалыгынын  бюджети көбөйтүлгөн. Тактап айтканда, шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына 120 млн. 300 миӊ сом, жолдор башкармалыгына 83 млн. сом, билим берүү тармагына 378 млн. 673,6 миӊ сом  бөлүнөрү бюджеттин долбоорунда каралган.

Мындан тышкары маданият жана спорт тармагын каржылоого 74 млн. 762 миӊ сом каралууда. Анын ичинде “Алай” футбол клубуна 19 млн. 500 миӊ, “Сулайман-Тоо” волейбол клубуна 3 млн. 900 миӊ сом каралган.

Волейбол клубун ачууну шаар мэри Таалайбек Сарыбашов демилгелеп, шаардык Кеӊеш колдоп берген.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов бюджет максаттуу иштетилип, шаардагы көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасалаарын айтты.

Жапарбек Ормонов:

«Коомдук угуунун максаты - элге маалымат берүү, бюджеттин ачык-айкындуулугуна жетишүү»

-Коомдук бюджеттик угуу биздин шаарда жыл сайын үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Бюджеттик угууларды өткөрүүнүн максаты - бюджеттин каражаттарын кайсыл багыттарга жумшалуусу боюнча элге кеӊири маалымат таратуу менен бюджеттин ачык-айкындуулугуна жетишүү. Ошондой эле кызыкдар тараптардын катышуусу менен көйгөйлөрдү эл алдында кеӊири талкулоо болуп саналат.  Бул өз кезегинде бюджеттик каражаттардын калктын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгына ишенимдүү болууга мүмкүнчүлүк берет.

 Ж.Ормонов ошондой эле Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин өзгөчөлүлүгүнө токтолуп, быйылкы жылдагы бюджетте шаардык капиталдык курулуш жана жолдор башкармалыктарынын курулуш иштерине былтыркы жылга салыштырганда көп акча каралып жаткандыгын, Олимп, Киров жана С.Макаренко атындагы орто мектептери жана «Каркыра» бала бакчасынын каржы жагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын каржы тутумуна бириктирилип, бул өз кезегинде билим берүү тармагына бөлүнүп жаткан акча каражаттарын туура, эффективдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берерин айтып өттү.

Жапарбек Ормонов шаар тургундарынын кайрылууларын эске алып, алардын сунуштарын да жакында боло турган сессиянын күн тартибине киргизүүнү тапшырды.

Коомдук угууда Ош шаарынын 2019-жылга бюджетинин долбоору тууралуу шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Акбарали Батыров бюджеттин долбоорунун приоритеттүү багыттарына, негизги аспектилерине, киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кеӊири токтолду.

Акбарали Батыров, шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы:

«Шаардын бюджети 1 127 634 сомго аныкталды»

-2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 119,9 % га өсүп, же болбосо 187 448,0 көбөйүп, 1 127 634  миӊ сомго аныкталды.

Ал эми бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2019-жылга атайын каражаттарды кошкондо 1 127 634  сом өлчөмүндө белгиленип, 2018-жылга салыштырмалуу 187 448  миӊ сомго көп каралууда.

“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Г. Мамасалиева Ош шаарынын 2019-жылдын бюджетинин долбоору боюнча өткөн жылга салыштыруу менен баяндама  жасады.

«Биолакт  маселесин кайра талкууладык»

-Ош шаарынын спикери Ж.Ормонов дайыма өзүнүн оперативдүүлүгү менен айырмаланып турат. Коомдук угууда сүт ашканасына байланышкан маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылган болчу. Бюджеттик угуудан кийин эле бизди кабыл алып, 2 жашка чейинки балдарга берилүүчү сүт азыктарын натыйжалуу реализациялоо маселесин кайрадан талкууладык. Бул маселе оӊ жагына чечилет деп турабыз.

 Жыйынтыгында

Негизги баяндамачылардан кийин залдагы катышуучулар Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджети боюнча кызыккан суроолорун беришти. Суроолор кагаз жана оозеки түрүндө берилип, жеринде жооптор берилди. Ал эми кагаз түрүндөгү суроолор шаар мэриясы менен биргеликте каралып, жооптору «Ош шамы» гезити жана сайттар аркылуу берилери айтылды. Коомдук угууда айтылган сунуштар Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги сессиясында Ош шаарынын 2019-жылдын бюджетин кароодо эске алынаары белгиленди. 

Масим Турсунбекова

 

Окулду 25 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Социалдык абалды жакшыртуу керек... Абдурасул Адишов, жыгач уста: «Устачылыктын артынан турмуштан ордумду таптым» »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Ахлидин Исраилов: «Футбол -  менин жашоомдун бүтүндөй тарыхы»
Ахлидин Исраилов: «Футбол - менин жашоомдун бүтүндөй тарыхы»
Толук аты- жөнү: Исраилов Ахлидин Шукурович Туулган жылы, күнү: 1994-жыл,…

Маданият

40 жылдан бери ырдалып келаткан “Кусалык” ыры
40 жылдан бери ырдалып келаткан “Кусалык” ыры
Бир нече китептердин автору, акын Тазагүл Закированын улуу-кичүүгө бирдей сиӊген…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Илгиз Капаров:  «Кыргызстанды башка өлкө менен теӊей албайм»
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Илгиз Капаров: «Кыргызстанды башка өлкө менен теӊей албайм»
Понедельник, 27 Август 2018
- Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Биздин мекенибиз дал ушул жерде, ак мөӊгүлүү Ала-Тоонун койнунда. Биздин ыйык милдетибиз - ушул ажайып…
  • Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Жаныбек Нариев:  «Банкноттогу сүрөттөрдү көрүп эле эгемендүүлүктү сезем»
    Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Жаныбек Нариев: «Банкноттогу сүрөттөрдү көрүп эле эгемендүүлүктү сезем»
    Понедельник, 27 Август 2018
  • Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Айбек Камалов:  «Сөздөн ишке өтө турган мезгил келди»
    Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Айбек Камалов: «Сөздөн ишке өтө турган мезгил келди»
    Понедельник, 27 Август 2018

Архив

« Февраль 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28      

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Ооган согушу: кайгылуу тагдырлар, төгүлгөн көз жаш…
    Ооган согушу: кайгылуу тагдырлар, төгүлгөн көз жаш…
    Понедельник, 15 Февраль 2016
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • Жумай Сатаева
    Саламатсыздарбы менин эки бойрогум тен ооруйт таш бар деди, катуу суук тийген дейт даарыдан башка ...

    Толугу менен...

     
  • Гулсунай
    Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын 17 жашымда суучечек оорусу менен Ооругам. А бирок азыр дагы ушул ...

    Толугу менен...

     
  • кабыл я
    Айсалкын эже менин кызым ооруп калды суу чечек оорусу менен сут ичсе болобу жашы 2 де ???

    Толугу менен...

     
  • Бексултан
    Сокур ичегигини.опера циия сыз айыктырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Айсулуу
    Эрте келген турналар повестине дилбаян жазуу керек

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved