Версия для печати
Понедельник, 18 Февраль 2019 03:35

Абдурасул Адишов, жыгач уста: «Устачылыктын артынан турмуштан ордумду таптым»

 Ак эмгек, бешене тер менен тапкан каражат берекелүү болот. Өз жеринде, ак эмгек менен нан тапкан жарандарыбызды элге үлгү катары жарыялоону адатка айлантканбыз. Бул ирет каармандарыбыздын катарын үй эмеректерин жасап, устачылык менен алектенген 65 жаштагы Абдурасул Адишов толуктайт.

«Көп убактым ооруканада өттү»

- 1954-жылы Алай районунун Корул айылында туулгам.  Бала чагым аталган айылда өттү. Алты жашымда оӊ бутум аябай катуу ооруп Бишкектеги ооруканалардын бирине жатып калдым. Дарыгерлер текшерип  сөөктүн кургак учук оорусу  деген диагноз коюшту. Бул дарт менен апам жабыркап келген, андан мага өткөн өнөкөт оору болду. Мына ошол күндөн тартып дарыланууга көп убактым жана өмүрүм арналды. Гүлчөнүн ооруканасынан жакшы болбой борборго көп бардым. Эӊ узак дегенде 2 жыл жаткам. 10-класста окуп жатканда таякты таштап, өзүм басууга аракет кылдым. Жамбашым менен бутум бири-бирине дал келбей катуу оорутту. Кайрадан борборго барып, бутумду рентгенге тарттырды. Дарыгерлер бутумду дарылап жатып жамбаш сөөгүмдү чыгарып салышып, ал кайра туура эмес бүтүп калган экен. Ошентип мына жакшы болом дегенде кайра азап башталды…

«Басып кетүүдөн үмүтүм үзүлүп, келечегимди устачылыктан көрдүм»

- Башкалар сыяктуу эркин эки буттап кадам таштап басып кетүүмдөн үмүт үзгөм. Жашоо деген таттуу да, адам катары бир кесипти аркалап, мен да жашоо баштагым келген. Өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмө ылайыктуу кесип издеп  1972-жылы Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейге окууга тапшырдым. Ал жерде  жыгач уста, эмеректерди жасоочу бөлүмүндө эки жыл окудум. Мына ошондон тартып эмерек жасоонун  мыкты устасы болуп келе жатам. 

«Кыялым оӊой орундалган жок»

- 1974-жылы №12 кесиптик лицейди аяктаган соӊ окуган жерибизден 6 студентти Ош шаарындагы эмерек жасоочу фабрикага жиберишти. Кубанып барганыбыз менен бизге дароо эмерек жасатышкан жок. Анткени ар бир эмеректин өлчөмүн туура эсептеп чыгуу, белгиленген стандарттан ашырбай жасоо кыйын болчу. Анын баарын өздөштүргөнчө даяр болгон эмеректерди вагондорго ташып жүктөй турган кызматка ээ болдук. Бир айдан кийин кыялымдагы эмерек жасап чыгарчу цехке жумушка кабыл алындым.

«Эмерек жасап жүрүп үч бөлмөлүү үйгө ээ болдум»

-Күнүнө 50-100 даана үй эмеректерин жасап чыгарчубуз. Ал эмеректер поездге жүктөлүп Россия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөргө жөнөтүлчү.  Эмеректерге иштетилчү материалдар да чет жактан келчү. Сырттан буюртма алып иштебейт элек, анткени, ал нерсеге уруксат берилчү эмес. Кызыгуум артып, берилүү менен иштегенимден мыкты кызматкер аталып, бат эле бригадир болуп калдым. Жоопкерчилик мен үчүн биринчи орунда эле, моюнумдагы ар бир ишти маани берип кылдаттык менен аткарчумун. Ал үчүн жетекчилерден ыраазычылык угуп тураар элем. Ошентип иштеп жүрүп Ош шаарынан үч бөлмөлүү үй алдым. Айтор, устачылыктын артынан жашоодогу жакшы деп аталган нерселердин баарына эле жетиштим. Цехте 15 жыл иштегенден кийин бир аз ооруп, жумуштан чыгууга туура келген.

«Студенттерге эмерек жасоону үйрөттүм»

- 1987-жылы лицейдеги  агай-эжекелерим мугалим болуп иштөөмдү сунушташты. Өзүм окуган лицейге жумушка кирип, өндүрүштүк  мастер болуп иштедим. Студенттерге  стол, стулдарды ар кандай үйдө пайдалануучу эмеректерди жасоону үйрөтчүмүн. Канчалаган студенттер эмерек жасоонун мыкты устасы болуп биздин окуу жайдан бүтүп кетишти. Эмерек жасоодо эӊ кыйыны – жасоочу буюмду өлчөп, эсебин так чыгаруу. Эгерде эмеректин өлчөмүнүн эсебин туура эмес чыгарып алса, анын кооздугу бузулат. Ошол үчүн бул кесипте математиканы мыкты билүү талап кылынат.

«Өзүм үчүн чакан цех ачтым»

- 2018-жылы кесиптик лицейден өз эрким менен жумуштан кетип, чакан гана эмерек жасоочу цех ачтым. Өзүмө жардамчы катары эки студент баланы  жумушка алгам. Ал жерде буюртма менен стол- стулдарды, комуз, ар түрдүү үй эмеректерин жасап иштейбиз. Ар бир буюртмага түшкөн буюмдун кеткен чыгымына карата баасын айтам. Эсептелген баанын  40 пайызы өзүмө калат, калганы ошол эмерекке  кеткен чыгымдарга сарпталат. Учурда көпчүлүк 30-40 000 сомдук эмеректерге буюртма беришет. Эмеректердин көлөмүнө карап бир жумада же 15 күндө бүтүрөбүз.  Студент балдарга да иштегенине карап төлөп берем. Ушул устачылыктын артынан турмуштан өз ордуму таап, тиричилик өткөрүп келе жатам. Бала-чакамды да ушул кесиптин арты менен багып, тарбиялап, жогорку билимдүү кылдым.

Батма Суранова

 

Окулду 284 жолу