Ош шаарынын мэриясы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө» токтомун ишке ашыруу чаралары жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө Мыйзамынын 8, 12,20-21-беренелерин жетекчиликке алуу менен кол коюлган бул токтом менен Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы аткарууга жана жетекчиликке алынып, аталган программаны аткаруунун иш-аракеттерин ишке ашыруу боюнча Ош шаарынын мэриясынын иш чаралар планы бекитилди.
УЧУРДАГЫ КЫРДААЛГА УЧКАЙ БАА
Кыргыз Республикасында акыркы жылдарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселеси олуттуу эле мүнөздө коюлуп келе жаткандыгын белгилебей коюуга болбойт. Мындан мурда, тактап айтканда 2013-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Өкмөтү тарабынан «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө токтом кабыл алынганы маалым. Анда пландаштырылган 48 иш чаранын ичинен 37 си аткарылган жана 8 иш чара Өкмөттүн токтомдоруна ылайык алынып салынган. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери актуалдуу бойдон калып, андан ары өркүндөтүүнү жана натыйжалуу башкарууну талап кылгандыгына байланыштуу аткаруу мөөнөтү узак болгон айрым иш чаралар ушул программага которулган.
«Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жарандардын турмушунун сапатын жакшыртууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында реформаларды андан ары ишке ашыруу үчүн иштеп чыгарылган» деп белгиленет Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн бул жаатта кабыл алган атайын токтомунда. Программа макулдашылган көз караштарды, максаттарды, артыкчылыктарды, милдеттерди, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну 2018-2023-жылдары өнүктүрүүгө багытталган негизги чараларды аткаруу боюнча кызыкдар тараптардын ишин координациялоого арналган.
Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында өлкөдөгү бийлик системасынын курамдык бөлүгү катары жергиликтүү өз алдынча башкарууга өзүнчө бөлүм арналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук база түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы республикадагы калктын үчтөн бир бөлүгү (33,8 пайызы) шаарларда жана үчтөн эки бөлүгү ( 66, 2 пайызы) айыл жерлеринде жашайт. Өлкөнүн бүткүл калкы жергиликтүү жамааттардан турат жана өз укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу аркылуу ишке ашырышат. Учурда өлкөдө 31 шаар жана 453 айыл аймагы бар. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдары бири-биринен калкынын жана калктуу конуштарынын саны, аймактары, экономикалык жактан өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана географиялык шарттары жагынан өтө айырмаланып турушаарын жана мындай факторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү жаатында орчундуу ролдорду ойноого тийиш экендигин баса белгилеп кетүү керек.
ЖЕРГИЛИКТYY ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙЛӨРY
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дотацияда турушу, жергиликтүү деӊгээлде чечимдерди кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын ролунун төмөндүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү көйгөлөрдүн көпчүлүгүнө башкы себеп болуп саналат. Жетишсиз экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарына толугу менен жооп берүүгө жана сапаттуу муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.
Өлкөнүн административдик-аймактык бөлүнүшү оптималдаштыруу жүргүзүүнү талап кылууда. Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районунун калкынын саны (363,8 миӊ адам) Талас ( 240 миӊ адам) же Нарын ( 262,1 миӊ адам) облустарынын калкынын санынан көптүк кылат. Республикада бир гана айылдан турган 67 айыл аймагы бар. Ошол эле убакта курамына 20 миӊ адамдан ашуун калкы бар 15 тен ашык айылдар кирген айыл аймактары да бар.
2018-жылдын 1-январына карата алынган маалымат боюнча, республикадагы 453 айыл аймагынын ичинен 75и гана өзүн-өзү камсыздап, бул болгону 16,5 пайызды гана түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык кирешелеринин үчтөн биринен ашууну теӊдештирүүчү гранттардын эсебинен келип түшөт. Бул жергиликтүү бюджеттерди көз каранды кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дотациялардын берилиши алардын финансылык өз алдынчалыкка карата кызыгуусун туруктуу төмөндөтүүчү фактор болуп калганы жашыруун эмес. 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы шаарлардын кирешелери орточо 40 пайызга, ал эми айыл аймактарыныкы болгону 12 пайызга чейин гана өстү. Бул шаарлардын жана айыл аймактарын өнүктүрүү маселесинде теӊ эмес шарттардын түзүлүүсүнө өбөлгө болууда.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүргүзүлгөн ар кандай текшерүүлөр тигил же бул мүнөздөгү укук бузуулардын алдын алуучу мүнөзгө ээ эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугунун жана майнаптуулугунун индикаторлоруна мониторинг жүргүзүүнүн механизмдери жок.
ПРОГРАММАДАГЫ
«YЧ КИТ»
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасынын башкы максаты деп 2023-жылдын аягына карата жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамааттар жана туруктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара жана мамлекеттик башкаруу органдары менен тыгыз аракеттенүү аркылуу жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу жагы эсептелген. Коюлган максаттарга жетүү боюнча чаралар төмөнкү үч артыкчылыктуу багыт менен жүзөгө ашырылаары белгиленген:1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышу деӊгээлдерин жогорулатуу.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыз кылынышын, туруктуулугун жана кадыр-баркын чыӊдоо. 3.Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо.
Программадагы артыкчылыктуу үч багыттын алкагында аткарыла турган бир катар олуттуу иш чаралар көзгө дароо урунуп, көӊүлдү өзүнө бурат. Алардын арасында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жоопкерчиликтерин жогорулатуу жана аларды шайлоо механизмдерине тийиштүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ич ара жана мамлекеттик органдар менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүлөрүнүн туруктуу комплекстүү системасын түзүү; кирешелерди бөлүштүрүүнү жана мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосунда салыктарды бөлүштүрүүнү өркүндөтүү; өнүктүрүү бюджеттери камтылган, программалык-багытталган жергиликтүү бюджеттерди түзүү; өнүктүрүү бюджеттерин калыптандырууга шарттарды түзүү. Аларды ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын өнүктүрүү бюджетине кайра түзүү менен дем берүүчү гранттар системасын өзгөртүү; «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү жана айыл өкмөтүнүн башчысына карата квалификациялык талаптарды жогорулатуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сыяктуу саясий жана экономикалык, финансылык тартиптеги маанилүү абалдар бар.
ТОБОКЕЛСИЗ ИШ БОЛБОЙТ
Программаны ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктер да эске алынган. Андайлардын катарына кабыл алынган жол-жоболордун өркүндөтүлбөгөнү, ушул Программаны техникалык жана ченемдик-укуктук жактан жетишсиз колдоого алуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын реалдуу жүйөөлөрүнүн жана кызыкдарлыгынын болбогондугу, коррупциялык коркунучтар жана кооптонуулар, экономикадагы кризистик кубулуштар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин тез-тез алмашууларынын жана кадрлардын келип-кетүүлөрүнүн натыйжасында институттук эс-тутумдун жана потенциалдын жоголуусу, туруксуздук, туруктуулукту бузуунун диний, этностор аралык факторлору жана башка кокустук шарт-кырдаалдар кириши мүмкүн. Тобокелдиктердин алдын алуу үчүн Программада мониторинг жана баалоо, милдеттерге зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүү механизмдери каралган. Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Абдираим Мамытов
Толугу менен...