Версия для печати
Понедельник, 18 Февраль 2019 04:59

Чаткалбай Райымбаев, ОшКӨУнун ректору: «Илим эч качан өлбөйт, аны улантуучулар сөзсүз чыгат»

Илим - чындыкка болгон обьективдүү маалыматты иштеп чыгаруу жана системалоого багытталган адам ишмердигинин бөлүгү. Мындай ишмердиктин негизин фактыларды чогултуу жана аларды дайыма жаӊылап, системалап,  анализ жүргүзүп, булардын негизинде жаӊы билимди же жалпылоону синтездөө түзөт. Ал эми илимдин заманбап  түшүнүгү XVI, XVII кылымдарда калыптана баштаган. Дал ушул илим ааламында бир топ эмгектерди жаратып, окумуштуу атыккан илимпоздор тууралуу баяндоочу “Илимдеги инсан” рубрикабыз бар. Бул жолку коногубуз Кыргыз-өзбек университетинин ректору Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич болмокчу.

Илимий чыгармачылык жолу

Эмгек жолун 1992-жылы Ош   техникумунда окутуучу болуп иштөөдөн баштаган. 1994-жылдан тартып Кыргыз -өзбек университетинде иштеп келет. Алгач университеттин каржы-экономика факультетинде окутуучулук кылуу менен бирге декандын орун басары кызматын аркалаган. 2006-жылдан 2009-жылга чейин экономика жана укук багытындагы адистерди кайра даярдоо факультетинин деканы болуп иштеген. 2009-жылдан 2013-жылга чейин ишканалар экономикасы жана башкаруу кафедрасынын башчысы болуп эмгектенип, 2013-жылдын июнь айынан  тарта университеттин ректорлук кызматын аркалап келүүдө.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында «Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүнүн экономикалык көйгөйлөрү» деген аталыштагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан доцент илимий даражасы ыйгарылган. 2017-жылы «Кыргыз Республикасынын социалдык комплексиндеги экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн инновациялык жолдору» аталышындагы илимдин докторлук диссертациясын жактаган.

Жалал-Абаддагы К. Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин алдында экономика боюнча диссертациялык кеӊештин мүчөсү.

Элүүдөн ашык илимий-усулдук эмгектердин ээси. Университеттин экономика багытындагы жогорку квалификациялуу адистерин даярдоодо жана окутуучулардын илимий чыгармачылыгын жогорулатууда чоӊ салымын кошуп келет.

«Биз жараткан эмгек пайдаланылууда»

- Илимге 1998-жылдан бери аралашып келе жатам. 20 жылдын жүзү болду. Анын жыйынтыктарын өзүӊүздөр билесиздер,  2006-жылы  илимдин кандидаттыгы боюнча диссертациямды жактадым. 2017-жылы илимдин докторлугу диссертациямды жактадым. Биз тараптан иштелип чыккан сунуштарды, иштелмелерди өндүрүшкө киргизүү, ишке ашыруу өкмөттүн колдоосу менен болуш керек. Анткени, социалдык тармактын негизги бөлүгү бюджеттен көз каранды. Биринчи кезекте билим берүү тармагы, саламаттыкты сактоо тармагы, пособие, пенсиялар… Бул тармакта орун алган экономикалык көйгөйлөрдү канткенде чече алабыз? Канткенде калктын социалдык абалын жакшыртабыз деген маселелерге жооп издеп көрдүк. Бул багытта бир топ илимий макалалар жарык көрдү. Жалпысынан 60дан ашуун илимий макала жарык көргөн болсо, анын 20дан ашууну чет элдик журналдарга жарыяланды. Алар Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Корея, Түркия, Малайзия жана Италиянын илимий популярдуу журналдары. Булар өзүнүн рейтинги, экономикалык багытта орду бар, эӊ негизгиси дүйнөлүк колдонууга ээ, инфо фактору нөлдөн жогору болгон журналдар болуп саналат. Макаланын журналга жарык көргөнүнүн эки жагы болот. Жөн эле жарык көрүп кала бериши мүмкүн, ошол эле мезгилде аталган макаланы бир нече илим изилдөөчүлөр пайдаланып, анын актуалдуугун арттырышы ыктымал. Анын жыйынтыгында ар бир окумуштууга пайдалануу көрсөткүчүнө жараша упай берилет. Учурда окумуштуулук даражамда жарык көргөн макалаларым 4 упай менен кетип жатат. Демек, биз жазган эмгектер коомчулук тараптан, айрыкча илим издөөчүлөр тарабынан пайдаланылууда.

«Алты аспирантка жетекчилик кылам»

- Пайдалануунун көрсөткүчүнүн бир упайын алуу үчүн макалага бир нече жолу шилтемелер болушу керек. Сен сунуштаган изилдөөлөр эске алынып, пайдаланышы маанилүү. Дүйнөлүк басылмаларда Scopus, WOS- Bigtimе деген системаларга кирген журналдар бар. Ошол журналдарга жарык көргөн макалалардын пайдалануу даражасына жараша илимдеги орду өзгөчө бааланат. Өзүбүздүн жогорку аттестациялык комиссиясы да жаӊы талаптарды иштеп чыккан. Илимдин кандидаттыгын же докторлугун жактоодо ошол журналдарда жарык көргөн макалалардын болуусун шарттайт да жыйынтыгында упай топтойт. Комиссия көргөзгөн упайды топтогондон кийин өзүнүн докторлугун же кандидаттыгын коргоого мүмкүнчүлүк алат.  Кыргызстанда деле жогорудай журналдар бар. Эгер макалаӊыз Кыргызстандагы журналдарга чыкса 20 упай, Орусиянын журналдарына жарык көрсө 25 упай, ал эми Индия, Малайзия, Италия, Түркияда Scopus, WOS- Bigtimе системасындагы журналдарга жарык көргөн макала үчүн 40 упай берилет. Ушул берилген упайлардан эле кайсы журналдын аброю дүйнөлүк масштабда канчалык деӊгээлде экенин билүүгө болот. Негизинен, акыркы үч жылдан бери илим багытындагы саясат ушундай  жүргүзүлүп жатат. Бул жакшы көрүнүш. Анткени, ар бир окумуштуунун рейтингин баалоодо спин-код аркылуу эле интернеттен көрүүгө болот. Журналдарды көтөрүп барып, көрсөтүп далилдеп отурбайсыӊ. Кимдин макаласы кандай, кайсы окумуштуу кандай даражада экенин аныктоого болот. 2010-жылдан баштап ОшМУнун алдында атайын илимдин кандидаттарын даярдоо боюнча диссертациялык кеӊеште мүчө катары 7 жылдай иштедим. Бир топ экономика жаатында илимдин кандидаттары даярдалды. Мен өзүм да беш-алты аспирантка жетекчилик кылам. Бүгүнкү күндө бир аспирант дипломун алып, учурда илимдин кандидаты болуп иштеп жатат. Ар бир корголгон кандидаттык-докторлук диссертация кичине болсо да экономикабыз үчүн кошкон салым.Мына ушундай бир топ илимпоздордун издөөлөрү менен бара-бара жакшы жыйынтыктарды берип, жетишкендиктерди жаратары бышык.

«Улук устатым тууралуу»

-Менин экономика багытына түшүшүмө, ушул багыттагы илимди жактоого түздөн-түз таасирин берген экономика илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, көп жылдар бою ОшМУда эмгектенген Купуев Пирмат Купуевич агай болду. Тилекке каршы, жакында мезгилсиз дүйнөдөн кайтып кетти. Бул киши менин илимий жетекчим катары көп жол көргөздү. Агай менин илимге түшүшүмө, ал жерде такшалышыма себепчи болду. Студент кезимде илимдин доктору, кандидаты деген адамдар менен үчүн идеалдуу кишилер болгон. Ал мезгилде илимдин докторлору саналуу гана болчу. Профессор болуу, жогорку окуу жайда сабак берүү мен үчүн идеалдагы иштер эле. Дал ушул сезимдердин таасири да илимге келишимде чоӊ роль ойнойт. Экинчи жагынан илимий жетекчимдин ишмердүүлүгү болду. Ошол эле мезгилде түз жол көргөзбөгөнү менен, илим жолундагы бир топ методикалык жактарынан жардам берген инсандар бар. Атасам, улуттук илимдер академиясынын академиги М. Мамасаидов агайдын да салымы чоӊ. Бизге окшогон жаш, илимге суусаган балдарды чогултуп, атайын илимий кеӊештерди уюштуруп, майда илимий макалаларды алып чыгуубузга тапшырмаларды берип, ошол макаланы талкууга алып чыкчу. Ал нерсе биз үчүн чоӊ мектеп болуп калды. Кийин диссертацияларды коргогондо көп тажрыйба топтодук. Кыргыз-Өзбек университети жаӊы ачылганда бир эле илимдин доктору, эки илимдин кандидаты менен ишин баштаган. Бүгүнкү күндө университетте 10дон ашуун илимдин докторлору, 70ден ашуун илимдин кандидаттары эмгектенишет.

«Даражага ак эмгеги менен жеткендерди сыйлайм”

 -Кандидаттык даража алуу айтканга оӊой болгону менен талыкпаган эмгекти талап кылат. Илимге өзү бут багып кирип, бешене-тери менен иштеп илимдин кандидаттыгы даражасын алууга жетишкен болсо, ал адамды абдан сыйлайм. Анткени, ошол инсан өзү коргогон илимий ишинин артында бир топ маселелерге жолуккан. Азыр илимди жакташ өтө оор. Себеби, өлкөбүздө илимге болгон көӊүл буруу начар. Илим болбогон жерде өнүүгү болбойт. Биринчи кезекте билимге, билим аркылуу илимге көӊүл буруу керек. Өтө көп таланттуу жаштар бар. Бирок, жетишпеген турмуш илимге умтулууга шарт жаратпай келе жатат. Кээде отуруп “аттиӊ, ушул бала илим артынан кеткенде чоӊ ачылыштарды жасамак” деп ойлонуп калдам. Бирок, беш кол теӊ эмес, илимдин кандидаты деген диплому бар инсандардын баары эле жогоруда айткан талаптарга жооп берет дегенден алысмын. Кой аксагы менен миӊ дегендей.

«Илимдеги инсан моралдык байлыкка чөмүлөт»

-Илимде жараткан бир макалаӊ өзүӊ өстүргөн баладай эле ыйык болот. Кастарлап, аярлап, коргойсуӊ. Бирок, базар экономикасында эгерде илимдеги жасалган ачылыш болсо, өндүрүшкө абдан зарыл болгон бир эмгек жаратсаӊ материалдык да колдоо боло алат. Мунун артында абдан чоӊ акча каражаты турат деген кеп. Сенин акчаӊ жок болгон күндө да инвесторлор чыгат. Сатылууга турушу мүмкүн, эгер сатылбаса эмгегиӊди ишке ашырууда инвесторлор менен келишим түзүлүп, автоматтык түрдө каржылык абалыӊды жакшырта алат. Илимде кедей болуп калам деген түшүнүк болбойт. Анын түпкү жыйынтыгы материалдык жактан, моралдык жактан да колдоо көрсөтө алат. Бирок, максатка жетүү көп убакытты талап кылат. Көп жолу чайналып, жолун таппай айланып, бир топ изилдөөлөрдү жасоого туура келет. Анын көзүн таап, чечимин, түйүнүн кармаганыӊда – рахат. Кеп акчада эмес, издегениӊди тапканыӊда.

«Билимге суусаган жаштарды көрүп тынчтанам»

-Улуу муундар болмоюнча, алардын тажрыйбаларын пайдаланып, үйрөнмөйүнчө алдыга жылуу мүмкүн эмес. Ал эми жасалган иштерди колго алып, андан ары улантуучу жаштардын жоктугу коркунуч. Билимде, илимде болобу сөзсүз түрдө муундардын ортосундагы байланыш тыгыз болууга тийиш. Улуу муун колунан келген тажрыйбанын баарын жаштарга үйрөтүп, андан ары өркүндөтүүсүнө жардам беришибиз керек. Жаштарда да колдон алып, ишти алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болуусу зарыл. Жаштардын арасында илимге умтулган, илим менен алектенгендер көп. Мамлекетибиздин келечеги кеӊ деп ишеничтүү айта алам. Илим өлбөйт, аны улантуучулар сөзсүз түрдө чыгат. Бирок, деӊгээли түрдүү болуп калышы мүмкүн. Союз мезгилиндеги илим менен азыркы илим деӊгээлинин айырмачылыгы бар. Союз убагында Кыргызстандагы илимдин деӊгээли абдан күчтүү болгон. Муну ошол убактагы муун сыймыктануу менен айтып келет. Ал эми бүгүн ошол илим деӊгээли бир баскыч төмөн түшүп кеткени байкалат.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 1108 жолу