Версия для печати
Понедельник, 18 Февраль 2019 05:04

Манас Орозов, акушер-гинеколог: «Кээде унаамды сатып, трактор менен айылга кетип калгым келет»

- Ташкент медициналык университетинин балдар педиатрия бөлүмүн аяктагам. Педиатр болгум келген эмес, балдардын тилин түшүнө албашыма көзүм жетип, башка тармагын тандайм деп жүргөм. Кесип тандоого келгенде хирургияны сунушташкан. Өзүм да кызыгып жүргөн тармагым болчу, дароо макул болдум. Хирургиянын акушер-гинекологу болуп иштеп калгам. Ошол 1990-жылдары төрөттөн каза тапкан энелердин саны кескин өскөн эле. Бул нерсени алдын алуу үчүн эркек акушер-гинекологдордун санын көбөйтүү тууралуу министрликтен буйрук чыккан. Ошондон улам медицинаны аяктап келген уул балдардын баарын  гинекологияга тарта беришкен. Себеби, аял акушерлер декреттик өргүүгө чыгып кетишет же күйөөлөрү иштөөгө уруксат бербейт. Бизде менталитет, түшүнүк башкача эмеспи. Ошентип мен да педиатрлыктан гинекологияга өтүп калгам. Чынында оор жумуш, канчалаган өмүрлөр сенин кесибиӊден көз каранды. Ажал экен деп өзүӊдү сооротконуӊ менен  кээде күнөөлүү сезе берген күндөр болот. Ушул ойлордон жадаганымда унаамды сатып, анын ордуна бир трактор алып айылга кетип калгым келет. Кайрадан эрте менен жумушка келсеӊ оорулууӊ күлүп-жайнап турса иштегиӊ келет.

«Азыр элдин түшүнүгү кеӊейген»

- Эркек кишини гинеколог катары көрүүдө мындан 10 жыл мурун чочулашчу. Азыр элдин түшүнүгү кеӊейген. Көпчүлүгү түшүнүү менен карап, көз караштар өзгөргөн. Динге берилген жарандар гана аял гинекологдорду издешет. Кээде төрөйүн деп толгоосу менен келген аялдын күйөөсү аял киши керек деп көгөрүп туруп алат (күлүп). Жумушубуздун оор экенин айтканымдын себеби да ушунда. Оорулуу менен гана эмес, элдин түшүнүгү менен да иштөөгө туура келет. Кош бойлуу аялдар кээде оор абалда келишет. Табигый жол менен төрөткөнгө кеч болуп калганда операция жолу менен төрөтүүгө мажбур болобуз. Биздин кесип – баланы жарык дүйнөгө аман-эсен алып келүү. Мындай кесип менен кантип сыймыктанбай коесуӊ?! Адамдын эӊ чоӊ жеӊиши тандаган кесиби менен өмүрлүк жубайы эмеспи. Дал ушул акушер-гинекология – менин тандаган жеӊиштеримдин бири. Мен муну сыймыктануу менен айта алам.

«Жаш келиндер оор абалда келгени өкүндүрөт»

- Жапжаш келиндер оор төрөттү баштан өткөргөнүн  көрүп зээним кейийт. Бир окуя эч эсимден кетпейт. Жумуштан чыгып бара жатсам оор абалда кош бойлуу аялды алып келишти. Операцияга алып кирип, баласын алган соӊ энеден кан токтобой койду. Көп убакыт алышып отуруп, канды токтоттук, абалы нормалдашып калганда үйгө кеткем. Жанагы аял түшүмө кириптир, абалы оорлошуп, кесиптештерим мени таппай жүрүшүптүр. Уйкумдан чочуп ойгондум да жумуштагыларга телефон чалдым. Эч кимиси жооп берген жок. Ал учурда уюлдук телефон деген жок, шаардык телефон менен байланышабыз. Оюмда жаман ой менен учуп эле төрөтканага келдим. Баары уктап жатышат, жандандыруу бөлүмүнө кирсем жанагы келин да уйкуда, баары жайында экен. Эч кимге көрүнбөй кайра үйгө кетип калгам. Ушул окуя жумуштан чыгып бара жатып, оорулууларды бир карап, кабар алып коюшумду эстетип турат. Жумушумду биринчи орунга коем. Кээде үй-бүлөмдү унутуп калып, оорулууларыма чуркайм.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

Окулду 371 жолу