Версия для печати
Понедельник, 25 Февраль 2019 04:01

Шахматчы балдарды тарбиялаган баатыр ата баяны

Съездбек Таштекеевдердин үй-бүлөсүн шахматчылардын үй-бүлөсү десе болот. Коомдо өз ордун таба албай жүргөнү канча. Съездбек мырза 9 баланын атасы, алты уул-кызы шахмат боюнча түрдүү мелдештердин чемпиондору. Шахматчыларды тарбиялаган ата балдары тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

«Шахматта негизги атаандаштарым - балдарым»

-Өзүм Токтогул районунун кулуну болом. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүп, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында, 1-Май райондук администрациясында көп жылдар бою эмгектендим. Бүгүнкү күндө болгон убактымды балдарга арнап жүрөм. Жубайым Гүлбарчын Нарындын кызы, кесиби боюнча эсепчи, тарбиячы. Учурда балдар менен алектенип үйдө.

Өзүм бала кезде, кийин студенттик кездерде шахмат ойноп жүрдүм. Учурда балдарым менен ойнойм, негизги атаандаштарым ушулар (күлүп). Мен жашоодо балдарды эркин тарбиялоо стилин тандап алгам. Тентектик кылса да унчукпайм. Балдарым кичинекей кезинде кошуна балдар менен тентектик кылганда эми буларды кантип тарбиялайм деп ойлонгон күндөрүм болду. Себеби, аябай энергиялуу, анан үч эркек бала удаа болчу да. Ошондой күндөрдүн биринде оюма шахмат келди. Шахмат акыл, күчтү талап кылган оюн, өзү турмушка окшош, турмуш-күрөш сыяктуу шахмат да дал ошондой. Спорттун бул түрү биринчи кезекте балдарымдын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө үйрөтөт, бош убакытта алек болуучу эрмек деген жыйынтыкка келдим.  Ошентип шахматтын биринчи кезекте биздин үйгө тийгизген таасири тарбиялоо, акыл-жөндөмдү өстүрүү болду.

«Ар бир баланын деӊгээлине жараша жекече мамиле кылам»

-Башында чемпион болуп кетебиз деп ойлогон эмесмин. Жарым жыл убакыт өтүп эле балдарым мелдештерге катыша баштады. Баары өз курагында жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Шахмат тууралуу шыгын байкап калып, өзүм да олуттуу мамиле кылып калдым. Бул багытта адабияттарды окуйм, азыр көп нерсени интернеттен карайм, ар бир баланын деӊгээлине жараша өзүнчө, жекече мамиле кылам. Шахмат ойноодо ар биринин стили болот, бирөө чабуул кылып ойнойт, экинчиси коргонуу жолу менен ойнойт. Баланын ойноо стилине карап туура мамиле жасаса ошондо ийгилик жаралат.

Негизи балдарды кайсыл өнөргө болбосун эртерээк үйрөтүп баштаган жакшы. Балдарымдын улуулары 5-7 жаштарда шахмат ойноп баштаган. Учурда шаардын борборунда шахмат боюнча жеке мектеп ачып, балдарды окутуп жатабыз. Ал жерге 4 жашка чыккан балдардан тарта келишет. Жашы өтүп калды, кечигип калат деген нерсе жок. Эӊ негизгиси ар бир нерсени баштаган маанилүү. Балдар губка сыяктуу, кабыл алуусунда чек жок. Негизгиси туура багыт берүү, үйрөтүү, сүйүү, эмгекчилдик. Балдардын да умтулуусу күчтүү болуусу керек. Шахматта жети өлчөп бир кесүү зарыл, интуиция, сезгичтик талап кылынат.

Биздин үй-бүлөдө күнүнө мынча саат шахмат менен машыгуу деген жок. Ар бир баланын мектептеги графиги ар түрдүү. Көбү эрте менен чыгып кетип, сабактан кийин бий ийримине, англис тил курстарына катышып кеч киргенде келишет. Ошон үчүн негизги машыгуу күнүбүз дем алыш күндөргө туура келет. Айрым күндөрү үйдө ич-ара мелдештер болуп калат.

"Арзыбек жардамчым…"

-Балдарым тууралуу айта турган болсом, Аллага чексиз шүгүр, 5 уул, 4 кыздын атасымын. Эӊ улуу уулум Арзыбек18 жашта, учурда юридикалык академиянын 1-курсунун студенти. Сабактан сырткары «Таалим креатив» деген мектепте шахмат боюнча сабак берет. Балдардын улуусу болгонгобу, жоопкерчилик көбүрөөк ушул балама жүктөлүп, менин оӊ колум. Балдарды экөөлөп нары-бери жетелейбиз. Кыргызстанды үч жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык мелдештердин катышуучусу. Шахматтан сырткары дзюдо менен машыгат.

«Руслан 8 жашында  спорт чеберине талапкер болгон»

-Экинчи уулум Руслан 16 жашта, Азиянын 3 жолку чемпиону, учурда улуттук компьютердик гимназиянын 10-классында окуйт. Ал да окуудан сырткары шахмат боюнча машыктыруучулук менен алектенет. Өлкөнүн өз курагындагы балдар арасында 9 жолку чемпиону. Кыргызстандын тарыхында 8 жаштагы алгачкы спорт чеберине талапкер болгон спортчу. 13 жашында спорт чебери наамын алган. Өзү математикага кызыккан үчүн олимпиадаларга катышып алдыӊкы орундарга чыгып жүрөт. Машыктыруучулукка потенциалы жогору деп билем. Китепке аябай кызыгат, дүйнөлүк көп чыгармаларды окуп койду, эрки күчтүү. Келечекте мыкты машыктыруучу болсо керек деп ойлойм.

«Алмаз эрке бала»

-Yчүнчү уулум Алмаз 9-класста окуйт. 7 жашында Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунга ээ болгон. Кыргызстандын 5 жолку чемпиону. Сабактан сырткары дзюдо менен машыгат. Шайыр бала болгон үчүн үйдүн эркеси, эрке бала деп коебуз. Экономист болом деп жүрөт.

«Назира кызым апасынын жардамчысы»

-Төртүнчү перзентибиз Назира кызым, 6-класста окуйт. 5- 7 жашында Азия тандоо турларында жакшы ийгиликтерди багындырган. Өткөн жылы Ысык-Көлдө өзү теӊдүүлөр арасында чемпион болду. Сабакты жакшы окуйт. Назира дарыгер болсом деп кыялданат. Ошого байланыштуу предметтик сабактарды жакшы окуп, өзүн даярдап жүрөт. Yйдө апасынын жардамчысы.

«Айжан дүйнөнү багындыргысы келет»

-Айжан 8 жашта, 2-класста окуйт. Азиянын 3 жолку чемпиону, Кыргызстанда өз курагындагылар арасында 3 жолку чемпиону, 5 жашынан тарта чемпиондукту багындырып келет. Дүйнөнүн чемпиону болгусу келет. Балалык кыялдары көп. Ошолорго жеткенге мүнөзү жооп берет. Себеби, эмгекчил кыз.

«Нурсултан мектепке даярданып жүрөт, 5 жашында чемпион болду»

-Нурсултан уулум 6 жашта. Мүнөзү бир аз тентек. Негизи балдарым кичинекейинде тентегирээк болушат. Тентекчиликти оӊ маанисинен алганда энергия деп билем. Себеби, энергиясы бар балдар күчүн тентектиктен чыгарат. Бул жагынан алып караганда Нурсултан тентек, мектепке барам деп даярданып жүрөт. Агалары менен кошулуп дзюдого, сүрөт ийримине барат. Англис тилин үйрөнүп баштады, жазганды, окуганды үйрөнүп калды. Өткөн жылы 5 жаштагылар арасында эл аралык турнирде чемпион болду.

«Аидадан үмүтүм чоӊ»

-Аида кызым 4 жашта. Агаларына, эжелерине эркелеп эле жүрөт. Аларга кошулуп шахмат ойногонду өздөштүрүп калган. Азырынча олуттуу мелдештерге катыша элек, үйдө эле ойнойт. Келечекте Аидадан да үмүтүм чоӊ. Кенжелерибиз Анара 2 жашта, Уланбек 1 жашка чыга элек.

 «Жеӊилүүнүн артында чыйралуу бар»

-Спортто жеӊилүүнүн пайдасы чоӊ. Себеби жеӊилүү болбосо ийгилик жаралбайт. Балдарымын арасында Руслан кичине кезинде жеӊилүүнү өзгөчө кабыл алчу. Утулган сайын ыйлачу. Ошол кезде баламды шахмат ойнотпой эле койсомбу деп да ойлонуп, түйшөлүп жүрдүм. Кыздарымын арасында Айжан да жеӊилип калса ыйлап, катуу ызаланат.  Жеӊилүүнүн артында чыйралуу бар.

«Балдардын ийгилиги мага энергия берет. Чарчап турсам да ушуларды карап эс алам»

-Ар бир ата-эне коомго пайдасы тийген уул-кыз тарбияласам деп тилек кылат. Мойнубузда чоӊ жоопкерчилигибиз бар. Ошол жоопкерчиликке туура жооп бере алсам экен деп Кудайдан тилейм. Балдарыма жакшы бир жол көрсөткөнгө дайыма аракет кылам. Убакытты туура пайдалангыла, убакыттан уттурбагыла, убакыт алтындан да кымбат деп көп айтам. Баскан- турганыбыз менен балдарга үлгү болсок дейм. Балдардын ийгилиги мага энергия берет. Чарчап турсам да ушуларды карап эс алам.

Элира

Чынтемир кызы

 

 

 

Окулду 1208 жолу