Версия для печати
Понедельник, 25 Февраль 2019 04:09

Окумуштуу, жазуучу Сулайман Рысбаев: “Мен жазган “Алиппеден” 21 жылдан бери балдар тамга таанып келишет”

Алгачкы кыргыз алиппеси 24 тамгадан түзүлүп, 1924-жылы 15-февралда  илимпоз, педагог И. Арабаев тарабынан Ташкентте жарык көргөн. Андан кийин да бир топ “Алиппе” китептери даярдалып,  далай билимдүү кишилердин тушоосун кескен.  1998-жылы чыгып, азыркы кезге чейин кыргыз элине тамга таанытып, сабатсыздыгын жоюп, окуганга, жазганга үйрөткөн, көргөндө балалыкты эске салган“Алиппе” китебинин автору Рысбаев Сулайман агай менен Ош шаарында кезигип калдык.

“Мектепке 10 чакырым жолду жөө басып барчубуз”

-Балалыгым Токтогул районунун алакандай Сары-Камыш айылында өттү. Чоӊ үй-бүлөдө өстүм. Чоӊ атам, чоӊ апам, ата-апамдар менен бактылуу жашадык. Апам Букен он бир баланы төрөп-өстүрдү. Мен экинчисимин. Балалык кездеримди эстегенде бийик тоолор, жашыл жайлоо, тунук булак, жер жайнаган түркүн гүлдөр, чыбык ат  минип тай чаап ойноп жүргөн түздөр элестейт. Жазында мал айдап, боз үйлөрдү жүктөп алып көчүп чыкчу жайлоолор, кайрадан күзүндө кончу кыштоолор ошондогудай эсте. Чоӊ атам Рысбай жазында буурсун менен жер чийип, соко кармап, чөп чаап, чарчабай мал багып жүргөнү көзгө тартылат. Чоӊ апам Таажыбү боз үйдү мыктылап тикчү. Оймолоп шырдак оюп, түрдүүлөп ала кийиз жасап, кооздоп өрмөк согуп, элдик ырларды, жомокторду келиштире айтып, ооз комузду мыктап чертет эле. Атам Казыбай, апам Букен айылдын эӊ алдыӊкы мугалимдери болгон. Айылыбыздын дээрлик отуз-кырк жылдык тарыхында жүздөгөн балдарды окутуп-тарбиялашты. Чакан айыл болгондуктан, мектеп алыс. Биз он жыл бою мектепке жөө 10 чакырым жолду басып өтүп, чарчабай, ойноп, кыйналдык дебестен окуп бүттүк. 11 бир тууган баарыбыз мектепти калтырбай,  эӊ жакшы окуп, билимдүү болуп өстүк. Мугалимдерибиз мыкты адистер болгон экен. Тарыхтан Кубат агай,физикадан  Осмонкул агай, математикадан атам Казыбай, орус тилчи Модубай агайларыбыз бизге билим гана бербестен,татыктуу адам болууга да тарбиялаптыр, жол көрсөтүптүр. Мен ал агайларымды эстегенимде баскан-турганы, кийген кийимдери, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, тереӊ билимдүүлүгү, эл алдындагы чексиз урмат-сыйга ээ болгондору элестейт. Мугалимдин негизги үлгүлөрүн агайларым көрсөтүшүптүр. Бүгүн да мугалим кандай болуш керек дегенде ошол агайларымдын үлгүсүн мисал кылып айтып келем.

Бала дүйнөсүнө байлаган - “Көлчүктөгү ай”

- Көп бир туугандын арасында өскөнүм да балдар адабиятына жакын болушума таасир берсе керек. Башталгыч класстарда окуп жүргөндө дубал гезиттерге ырларым чыгып турчу. Балдардын окуусу, жүрүм-туруму тууралуу сатиралык ырларды жаза берчүмүн. 9-10 класста Т.Кожомбердиевдин «Көлчүктөгү ай» деген китебин өтө таасирленип,кызыгып окуп калдым. Ошол китеп менин жолумду балдар адабиятына биротоло буруп койду окшойт. Анан Улуттук университеттин 1-курсуна кирип, алгачкы«Жатпас куурчак», «Апам качан келет» деген аӊгемелерим «Кыргызстан пионери» гезитине чыгып, тушоом кесилген. Айылда 9 жыл мугалим болуп иштедим. Кайра Бишкекке келип, 1987-жылы Кыргыз билим берүү академиясына конкурстан өтүп, ага илимий кызматкер болуп эмгектенип калдым. Мектептеги тажрыйбаӊ бар деп, окуу китептерди рецензиялатып көнүктүрүп, методикалык колдонмо-көрсөтмөлөрдү жаздырып, машыктырып, анан бизге окуу китептерди да жазууга тапшырма бере башташкан. Ошондо балдар үчүн чакан жомок, аӊгемелердин табылышы кыйын болор эле. Анан зарылчылыктан улам балдарга ылайыктап аӊгемелерди, жомокторду жазып, акыры аларды жыйнактап 1997-жылы «Жылмайып турган таш» аттуу жыйнагым чыкты. Андан бери 50дөн ашык аӊгеме-жомок жыйнактарды чыгардым. Бизде балдар жомоктору, аӊгемелердин таӊсыктыгы – мени балдар адабиятына биротоло байлады.

Элге тааныткан “Алиппе” китеби

-Академияга келгенден баштап адегенде ага илимий кызматкер, сектор башчысы, бөлүм башчысы жана лабораторияны жетектеп келдим. Далай программа, концепция, стандарт, методикалык эмгектерди, башталгыч кыргыз жана орус класстарына арнап «Алиппе», «Кыргыз тили», «Адеп», «Адабий окуу» сыяктуу 13 окуу китебин, ондогон методикалык жана окуу куралдарын, хрестоматияларды жаздым. Бакчаларга арнап да 5-6 китебим чыкты. Менин китептерим менен Өзбекстандын, Тажикстандын кыргыз мектептеринде балдар эне тилинен билим алып келет. 1995-жылы илимдин кандидаты, 2000-жылы доцент, 2006-жылы доктордук ишимди коргоп, 2010-жылы профессор, 2015-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын мүчө-корреспонденти болдум. «Алиппе» китебим Парижде, Ленинградда, Москвада эл аралык китеп көргөзмөлөрүндө алтын медалдарга ээ болду. Илимий-методикалык эмгектеримди жазып жатып, чыгармачылык калган жок. Улам биринен келген эргүү экинчиси менен алмашып, бирин токтотуп, экинчисин баштап жүрүп экөөнү теӊ бирдей алып келатам. Менин оюмча окуу китептерим деле балдар үчүн, илимий-методикалык эмгектерим деле балдарга жакшы билим берүүсүнө жол көрсөтөр мугалимдер үчүн, аӊгеме-жомокторум деле балдар үчүн, кыскасы, баары эле барып балдарга багышталган сыяктуу. Алгачкы китебим – “Эл мугалими” токтогулдук Б.Батыркулов аттуу белгилүү педагогдун педагогикалык тажрыйбасы, анын кыргыз педагогикасына кошкон жаӊылыктары, новаторлугу тууралуу болчу. Андан кийин деле бир нече китептерди чыгардым. Менин атымды элге тааныткан чоӊ эмгегим, албетте, «Алиппе» болду. Биздин курактагылар Турусбеков, Рысбекованын авторлугундагы “Алиппе” китебин окуганбыз. 1924-жылдын 15-февралы биринчи “Алиппе” китеби чыккан күн эмеспи. Кийин мен 1998-жылы И. Арабаевдин, жогорудагы авторлордун идеясын чогултуп, жаӊы “Алиппе” китебин жаздым. Китеп жалпы элге сиӊип кетти. Андан бери 21 жыл болду. Ошондон бери жеткинчек балдар сүйүп окуп, билим жолуна түшүп келет.

“Өзүмдү унутуп, бирөөгө жардам берип эс алам”

-Чыгармачылык бир теӊ, акамемиядагы лаборатория башчысынын иши бир теӊ. Илимий иш, отчеттер, семинарлар, конференциялар, каттарга жооп жазуу, жазмаларды рецензиялоо, илимий кеӊешке даярдоо иштери колду абдан байлайт. Кечке отурган үстөлдөн турбай иштеп кеч кирген күндөр өтүүдө. Андан кийин колум бошоп кечинде, түн бышканга чейин чыгармачылык менен отурган убак көп болот. Ансыз кайдан аӊгеме-жомоктор жазылмак?! Ошондо чарчап-чаалыкканга карабай түнкү бир убакта да бир иш бүткөрүп алсам ошого каниет кылып, чер жазылып, ыраазы болуп, чарчоо унутулуп, жыргап калам. Менин эс алганым ошондо бир билинет. Кээде бала-чака менен табиятка чыгып, аба жутуп, эс алып, мээни сергитип, ошондо да бүтпөй жаткан иштерди башымда бышырып, үйгө келгенде баягы ишти кайра улантмай…

   Турмуш деген турмуш, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет дегендей, ар кандай жеӊген жана жеӊилген кырдаалдар болот. Бирине кыжалат болсом, бирине каниет кылам. Ошондой кысталыш убактарда эч качан бирөөгө зыяным тийбесин, мен жеӊилсем да, менин зыяным тийбесин деп ойлойм. Өзүмдү унутуп, өзгөгө жардам берип, бирөөгө пайдалуу иш кылып, андан жан дүйнөмдү ыраазы кылып, эс алдырам…

“Обон жазчу болдум”

-Соӊку кездерде обон жазчу болдум. Учурда жыйырмадан ашык обондорум бар, бир нечеси белгилүү ырчылар тарабынан аткарылып келет. «Шат күндөр», «Мектеп вальсы», «Бийге чакырам», «Бакыт гүлү», «Мекен болбос ата журттун өзүндөй» сыяктуу ырлар менин обондорум экенин эл  анча билбейт. Азыр Куурчак театры менен иштешип, жомокторумду сахналаштырсам деп жүрөм. Мультфильм тартып жатабыз.Буюрса, алдыӊкы күндөрдө жакшы жаӊылыктар болот деп үмүттөнүп жүргөн чак.

Келинчегим Чынар мектепте мугалим. үч уул, бир кызым бар. Баары турмуштан өз орундарын табышты. Иштеп-окуп жүрүшөт. Жакшынакай келиндерим, сегиз неберембар. Кызым Айгерим мага жардамчы болуп, жаӊы багытта иштерди башташып, мультфильм тартышып, сценарий жазышып, неберелерим баары жакшы окуп, көптү үмүттөндүрүп жүрүшөт.

“Жомокторду сахналаштырып, мультфильмдерди тартсам”

-Бала кезде кимдер гана кыялданбайт. Акын, жазуучу, сүрөтчү, актер, журналист, ал тургай архитектор болгум келчү. Бүгүнкү кезде кыялданганымдын көбүнө жетиштим. Кантип элге кызмат кылам деп ойлоно берчүмүн. Азыр заман өзгөрүп, өлкөбүз баш аламандыктан бир аз арылып, туура жолго багыт алууда. Буга чейинки он жылдыктар көп кыйынчылыктарды жаратты. Эми алдыда чыгармаларымды балдарыбызга жеткиликтүү чыгаруу, аларды сахналаштыруу, мультфильмдерди тартуу сыяктуу көп кыялдар бар. Буюрса, алар дагы аткарылар деген үмүттөмүн. Жаштарга көӊүл салып карап келем. Алардын алдында кеӊ келечек турат. Эмнеге жөндөмдүү болушса, ошого жетүүгө умтулуулары гана керек. Азыр эмне кылам десе баары даяр. Техниканын, агып келип жаткан жаӊылыктардын заманы, дүйнө азыркы жаштарга кеӊ кучагын жайды, кайда барам десе жол ачык. Бирок, негизги маселе жаштар ата журтун, анын келечегин, эмне кызмат кылсам, өнүктүрүүгө кандай эмгегимди арнасам деп гана ойлонушу керек.

Бүкалча Маматали кызы

 

Окулду 902 жолу