Версия для печати
Понедельник, 25 Февраль 2019 04:29

Рысбек Турдуев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Аскердеги кыйынчылыктар жашоого болгон көз карашымды өзгөрткөн»

-Мен 1975-жылы Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулганмын. Балалык чагым айылда өткөн, орто мектепти бүткөн соӊ 1993-жылы Ош шаарына аскер кызматына чакырылдым. Бизден мурунку жаштар аскер кызматын чет жактарда өтөшчү. Биз алгачкылардан болуп аскер кызматын өз мекенибизде өтөгөнбүз. Алгачкы жолу аскерге барганда албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок,  анткени, аскердин өзүнчө темирдей бекем тартиптерине көнүш кыйынчылыкты туудурган. Ал кыйынчылыктарды жеӊген соӊ жашоого болгон көз карашым өзгөргөн.

«Бир нанды 12 жоокер бөлүп жечүбүз»

-Аскерге барган жылдары биз тамак-аштан кыйналдык. Анткени ошол кезде  мамлекеттибизде  кризис болуп, тамак-аш тартыш болгон убак болчу. Ошонун кесепети  кыргыз армиясына да өз таасирин тийгизген. Мисалы, аскер кызматында бир бүтүн нанды төрт жоокерге бөлүп бериш керек болсо, тамак-аш жетишсиз болгондуктан он эки адамга бөлүп  берчү. Андан сырткары эрте менен сүттүү тамак же борщ беришет.  Кыскасы, курсак тойбой кыйналчубуз. Кээ бир учурда сүттүү тамактардын ичинен курт чыгат, курсактын ачтыгынан ага да карабай ичип салабыз. Ошол убактарда апам жапкан нанды сагынганымды айтыӊыз…Аскерге барганга чейин ата-энемин  эрке баласы болуп жүрүпмүн. Көрсө армия эр жигитти жакшы жолго тарбиялайт экен.

Окулду 604 жолу