Версия для печати
Понедельник, 25 Февраль 2019 04:32

Эркин Аралиев, Шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын жетекчиси: «Армия жигитке жоопкерчиликти, ар намыстуулукту үйрөтөт»

-1961-жылы Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында туулганмын. Орто мектепти бүтүп 1980-жылы аскер кызматына чакырылып,  Кара-Кулжадан  Украинага барганмын. Ал жакта окуу полкуна жиберишкен, алты ай согуштук чоӊ унааларды айдоо боюнча окутушту. Андан соӊ Венгрияга жиберишкен, ал жакта  бир жарым жыл кызмат өтөдүм. Негизи аскер кызматы ар бир жигитти жоопкерчиликке,  ар намыстуулукка, тазалыкка, ата-энени сыйлаганга үйрөтөт  экен. Ошондуктан аскер кызматынан эч качпаш керек.

«Аскерде орус тилинен кыйналгам»

-Аскерде эмнеден кыйналдым. Албетте, тоо койнунда өскөн бала орус тилинен кыйналдым. Баары орус тилинде сүйлөшөт,  көпчүлүк учурда командирлер орусча сүйлөп, буйрук берсе түшүнбөй  жиним келе берчү. Күн алыс 15 чакадан суу ташытып, полду жылтыратып жуудурганда үйгө качып кетким келет.  Аскердик тартипке көнө элек убагым да. Чынында бизди чыныгы аскер кылып даярдоо аларга да кыйын болгон.  Куралды атууну  күнү-түнү үйрөтүшөт, күчтүү тактикаларды үйрөнүүдө көп кыйынчылыктар баштан өттү. Уставтар орус тилинде болгондуктан жаттап айтып берүү кыйын болгон, айтып бербесек уктатпай  түнү менен  жаттатышат. Ар убак эрте  менен туруп машыгабыз, кийимдерибизди өзүбүз жууйбуз, бут кийимибизди капкара кылып жалтыратып майлап жүрөбүз. Эгерде ошондой тартиптер сакталбаса жазага тартыласыӊ. Бир жылдан соӊ орус тилин үйрөнүп алып кыйынчылыкты деле сезбей калдым. Ал жерге көнүп калган соӊ Венгрия эли кызыл шарапты  укмуш даярдашат экен.  Биздин  аскер бөлүккө жакын жерде жашап, шарап жасагандардын ичимдигин уурдап келип ичкен күндөр да болгон. Ошентип кызыктуу күндөрдү өткөрүп  1982-жылы аскерден кайттым.

Окулду 597 жолу