Версия для печати
Понедельник, 25 Февраль 2019 04:35

Туратбек Муратов, «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси: «Ыраакы Чыгышта алгач аскер мектебинде окудум»

-1966-жылы Кара-Кулжа айылында  туулганмын, 1984-жылы орто мектепти аяктап  Ош гуманитардык педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүндө студент болуп окуп жүргөн кезде 1985-жылы аскерге чакырылып,  Приморский крайдын Ыраакы Чыгышына бардым. Ал жерден 85-аскер мектебине жиберишти. Рота, полк дегендер болгон эмес. 85-аскер мектебинде  жоокерлерге аскердик тартипти жана аскердик иттерди кантип үйрөтүү керек, кантип машыктыруу керектиги тууралуу  алты ай окутту . Окуп  бүткөн соӊ бизди ар кайсы аскердик бөлүктөргө бөлүп салышты. Ошондон тартып аскердик чыныгы жашоо башталган.

   «Армияда жүрүп өз мекенимдин кадырын билдим»                                                                                                                                    

 -Мени 203-аскердик кампага жөнөткөн. Ал жерде күндүзү башка жоокерлердей эле  аскердик кызматымды өтөйм, кечинде  Дик деген итим менен кампаны көзөмөлдөйм. Күнү- түнү уктабай кайтарган үчүн аябай уйкудан кыйналчумун.  Дик менин жанымда аскердик кызматым бүткөнгө чейин бирге болду. Мен көзөмөлдөгөн кампада аскер кызматкерлери жечү тамак-аштар сакталгандыктан, нөөмөт менен кампаны кайтарчубуз. Жакшы кызмат өтөгөнүм  үчүн эмгек өргүүгө үйгө жиберишти. Бир жарым жылдан соӊ бизден кийин келген аскерлерге иттерди өткөзүп бердик. Ошентип 1987-жылы апрель айында өз мекениме кайтканмын. Армияда жүрүп өз мекенимдин кадырын билдим.

 Батма Суранова

Окулду 604 жолу