• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 25 Февраль 2019 04:37

Ош шаарынын 2019-жылга бюджети бекитилди

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Ош шаарынын 2019-жылга бюджети бекитилди

Ош шаардык Кеӊешинин IV чакырылышынын  кезектеги XIX сессиясы болуп, анда 8 маселе каралды. Сессияга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык Кеӊештин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү Кеӊештин депутаттары жана бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибине 8 маселе коюлду

Күн тартибине 8 маселе коюлуп, кеӊири талкууланды. Алар:

- Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолун, 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчүнүн болжолун бекитүү жөнүндө;

- Ош шаарынын 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө;

- Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө;

- Ош регионалдык шааркуруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө;

- Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ош шаардык мамлекеттик залалсыздандыруу бекетинин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө;

- Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин өзгөртүү жөнүндө;

- «Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги обьекттерге укуктарды берүү тартиби» жөнүндө;

- Ош шаардык Кеӊешинин кээ бир токтомдоруна жана айрым токтомдордун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» аталышты

Сессиянын башталашында сыйлык тапшыруу салтанаты болду. КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси менен Ош шаардык Кеӊешинин депутаттары Б.Э.Каналиев, С.Н.Мирзаев, А.Т. Батыров, Б.И. Омуралиева, А.А.Осмонов, Р.А.Турдуев, А.Турдубай уулу, Ош шаардык Кеӊешинин аппаратынын башкы адиси З.З.Наримбетов сыйланышты. Ал эми агенттиктин ардак грамоталары менен Э.С. Туленбаев жана А.А.Салиева сыйланышты.

Шаар бюджети былтыркы жылга караганда 20%га өскөн

Алгач Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга божомолун, 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө маселе каралды. Буга чейин шаар бюджети коомдук угууга коюлуп, талкуудан өткөрүлгөн. Аны шаардык Кеӊештин депутаттары бир добуштан колдоого алып бекитип беришти.

Саибжан Турдуев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри:

- 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 19,9 % га өсүп, же болбосо 187 448,0 көбөйүп, 1 127 634, 0 миӊ сомго аныкталды. Анын ичинен:

- салык кирешелери 982 091,0 миӊ сомду (87,1% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

- салык эмес кирешелери 65 300,0 миӊ сом (5,8% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

 - бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 243,0 миӊ сом (7,1% жалпы бюджеттен) түздү.

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2019-жылга атайын каражаттарды кошкондо 1 127 634,0 миӊ сом өлчөмүндө белгиленип, 2018-жылга салыштырмалуу 187 448,0 миӊ сомго көп. Бул маселе шаардык Кеӊештин депутаттары тарабынан талкууланып, колдоого алынды.

Тактап айтканда, Ош шаарынын быйылкы бюджети 1 127 634, 0 миӊ сом болуп бекитилди.

Жапар Ормонов, шаардык Кеӊештин төрагасы:

«Шаардын бюджети жылдан жылга көбөйүүдө»

- 2019-жылга каралган бюджеттин 41 пайызы социалдык тармакка жумшалып жатат. Ош шаарынын бюджети жылдан жылга көбөйүүдө. Быйылкы жылы бюджеттин  көлөмү 20 пайызга өскөн. Мындан сырткары былтыркы жылы жол курулуш башкармалыгына 20 миллион сом бөлүнсө, быйыл 80 миллион сом акча каражаты бөлүндү. Ал эми капиталдык курулуш тармагына былтыркыга салыштырмалуу 100 миллион сом көп акча каражаты каралды.

Окуучулардын жол акысын көтөрүү маселеси

Отурумда мындан сырткары каралган маселелердин орчундуусу мектеп окуучуларынын жол акысын беш сомго көтөрүү сунушу болду. Айрым эл өкүлдөрү аталган сунуштарды колдосо, айрымдары каршы чыгышты. Жыйынтыгында жол акыны көтөрүү маселеси кийинки отурумга калтырылды.

Акбарали Батыров, шаардык Кеӊештин депутаты:

«Айдоочуларга рахмат айтышыбыз керек»

- Жол акыны көтөрүү маселесинде эки тарапты карашыбыз керек. Биринчиси, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөр болсо, экинчи тарабы окуучуларды маршруттук таксилердин албай коюп жатканы. Биздин сунуш, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каттоого алып, ошол үй-бүлөдөн үч же төрт баланы акысыз ташууну колго алсак. Себеби, айдоочулар бир сомдон качып, мектеп окуучуларын алышпайт. Суукта караӊгыга чейин көчөдө калып кеткен окуучулардын ата-энелери «10 сомго чейин болсо да макулмун, баламдын коопсуздугун камсыздап бергиле» деп кайрылышкан. Биз жөнөкөй эле жаранды окуучуларды 1 сомдон ташы деп милдеттендирип койдук. Алар жеке менчик экенине карабай кызмат кылып жатышат. Бул үчүн айдоочуларга рахмат айтышыбыз керек. Автобус, троллейбустарды 1 сом бойдон калтырып, маршруттук таксилердикин көтөрүп берсек жакшы болмок.

Сессиянын жыйынтыгында күн тарбинде каралган маселерден тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

 Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

 

Окулду 345 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Туратбек Муратов, «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси: «Ыраакы Чыгышта алгач аскер мектебинде окудум» 18 жылдан бери оору менен алышкан Чолпондун апасы Динар Назарматова: «Кызымдан айрылып калуудан корком» »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Декабрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved