Ош шаарында 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип, салтанаттуу иш чарага калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, шаардык Кеӊештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты. Алгач аскердик куралдардын көргөзмөсү өтүп, маалыматтар берилди. Ош улуттук драма театрына чогулган жоокерлерди калаа башчысы куттуктап, өлкөнүн тынчтыгы үчүн аскер кызматкерлери тынымсыз кызмат кылып жатканын баса белгиледи.Шаар башчысы аскер кызматкерлери спортко өзгөчө кызыгаарын эске салып, спорттук мелдештерди өткөрүүгө 100 миӊ сом бөлүп берээрин убадалады. Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге мэриянын ардак грамотасын тапшырды. Аскер кызматкерлерин шаардык Кеӊештин төрагасы Ж. Ормонов, Ош облустук өкүлчүлүк, УКМК, милициянын жетекчилиги да куттуктап, сыйлыктарын тапшырышты.
Толугу менен...