Версия для печати
Понедельник, 25 Февраль 2019 07:28

ТYРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы ОшМУда болду

ТYРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, КРнын ТYРКСОЙ уюмундагы өкүлү Кожогелди Култегин, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана тиешелүү өкүлдөр Ош мамлекеттик университетинде болушту. Коноктор университеттин ректору Каныбек Исаков менен жолугуп, Ош шаарындагы эл аралык деӊгээлде өтүүчү иш чаралар боюнча пикир алышышты. Андан соӊ делегация университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер менен баарлашты. Ошондой эле ОшМУ билимдин, маданияттын, илимдин очогу катары Ош шаарында апрель айында белгиленүүчү эл аралык деӊгээлдеги иш чарага жогорку даярдык менен катышууга, көмөктөшүүгө даяр экендигине ыраазычылык билдирип өттү.

 

Окулду 324 жолу