Версия для печати
Понедельник, 25 Февраль 2019 07:30

Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабындагы курулуштар толук алынып, көрктөндүрүлөт

Ош шаарынын Т. Кулатов кичи районунун Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабындагы (чыгыш тарабы) курулуштарды да алып салуу иштери жүрүүдө. Жеринен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабар алып, көп кабаттуу үйлөрдүн асты башаламан соода жайга айланбай, көрктөндүрүлөөрүн билдирди.

Буга чейин аллея курулуучу жайдагы курулуштар алынып салынган. Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп, жарыктандырылат. Атайын адамдар басуучу жолдор курулат. Бүгүнкү күндө 31 даана контейнер алынып салынды. Ал жайда жалпы 82 даана ар түрдүү курулмалар, 650 метр тосмо, 3 автоунаа жуучу жай, бир банк алынып салынат.

 

Окулду 717 жолу