Версия для печати
Понедельник, 04 Март 2019 04:32

Коомдук транспортто электрондук билеттер ишке кирди

25-февралда Ош шаарында коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системаларды ишке берүү башталды. Учурда шаардагы №1 багытындагы троллейбустар электрондук билеттерди кабыл алып баштады. Март ичи троллейбустун №2 багыты жана коомдук автобустарда ишке берилет. Автоматташтырылган системалар толук режимде иштеп, ар бир жүргүнчү борбордук тейлөө аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Билеттер Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Картаны алуу учурунда жарандарда паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт. Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт. Ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон, ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Болгону, картаны сатып алгандан кийин анын балансын толуктап туруу керек.

Учурда электрондук карталардын балансын толуктоо үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, ОшМУ, ОшТУ, ОшКӨУ жогорку окуу жайларында орнотулду. Жакында ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу балансты толуктоо киргизилет.

Окулду 645 жолу