Версия для печати
Понедельник, 11 Март 2019 03:44

Каныбек Исаковго кызыгуу башталды

Темабыз бир аз калпысыраак коюлганы менен чынында ОшМУнун бүгүнкү күндөгү деӊгээлине учурдагы ректору Каныбек Исаковдун салымы өтө чоӊ. Муну жасап жаткан иштерин көрүп-билип тургандар билсе билер. Жыйында Жогорку Кеӊештин депутаты Улукбек Ормонов мамлекеттик университеттердин, окуу жайлардын бүгүнкү абалы тууралуу сүйлөп, ОшМУнун ректорун мисал кылып баса белгиледи.

"Мамлекеттик 4 университетти салыштырып көрдүм. Ошмамлекеттикуниверситетиакыркыүчжылда 12 жаӊыкорпускуруп, заманбаптехнологиялармененжабдылган. Калган университеттерде эч нерсе курулган эмес. Эмне үчүн? Ош мамлекеттик университети кайдан акча таап иштеп жатат? Бул университетке студенттер эмнеге көп агылып жатат деген суроону өкмөт башчы коюш керек. Кыргызстанда флагман делген Улуттук университет улам бир  шайлоолордон улам өнүкпөй жатат.Тез арада чара көрүп жакшы иштеп жаткан университеттин жетекчилеринен үлгү алып же аларды Улуттук университеттин жетекчилигине алып келиш керек",-деди депутат.

Окулду 679 жолу