Версия для печати
Понедельник, 11 Март 2019 03:49

КЫЙКЫМДУУ КЫРДААЛ КЫЙЫНДАРДЫ ИРГЕЙТ

Кыргыз саясатындагы азыркы абалга бир жактуу баа берүүгө мүмкүн эмес. Саясий туруктуулук жок деп айта албаганыбыз менен, тилекке каршы, анын салмагы илеӊ-салаӊдай мүнөз күтүп алганын да жашырууга болбойт. Саясаттын этегин кармаган экономикадагы өсүп- өнүгүүнүн натыйжалары жагдайында сөз кылууга эртелик кылып жатат, ал үчүн белгилүү бир убакыт мерчеми талап кылынаары айтпаса да түшүнүктүү. Бирок, экономикалык жактан өнүгүүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү көӊүл жылытаарлык эле деӊгээлде  экендигин кыргыз өкмөтү жакында эле белгилеп өткөнү маалым.  Өкмөткө, биринчи кезекте анын башчысына тиш кайрап жаткандарга бул жагабы-жакпайбы, ал башка сөз.

 МАКСАТ КАРАЖАТТЫ АКТАЙБЫ?

Кыргыз саясатында мамлекет башчысы менен өкмөт жетекчисинин, мамлекет башчысы менен парламенттин, премьер-министр менен парламенттин ортосуна от жагуу негизги саясий оюндарга айланып калганын жашырууга мүмкүн эмес. Мындай оюндар адатта үчөөнүн бирин оюндан чыгаруу же алсыздандыруу максатын көздөөрү белгилүү. Оюндан экөөсү чыкса андан да жакшы.  Кыйкымдуу кырдаал дегендин баары ушундай оюндардын натыйжасында калыптанат. Мындайда  ар кандай эле каражат максаттуу деп  болжолдонуусу түшүнүктүү. Бүгүнкүдөй кырдаалда маалыматтык тирешүү  деген усулдун уусу жүрүшүп, удулу келип тургансыйт. Коомчулукту күздөгү күрдөөлдүү күрөш, кыштагы кыйчалыш кырдаал, жаздагы жапайы толкундоолордун күтүлүп жатышы менен коркутуп-үркүтүүлөр маалыматтык провокациянын  ошондой өӊүтүнөн келип чыгаары белгилүү. Дүрбөлөӊдүү мындай имиш-имиштер коомдук-саясий турмушка белгилүү бир даражада өз кедергисин тийгизбей койбойт.

Бүгүн кыргыздын саясий элитасы кыйчалыш жана кыйкымдуу мезгилди баштан өткөрүп жатканын байкоого болот. Азыр саясатчыларда бирин-бири аӊдымай, бирин-бири чукумай  адатка айланды. Мунун албетте, өз-өзүнчө алганда, дурус жана буруш жактары да бар. Дурус дей турган жагы мезгил азыр бийликтин үч бутагын мүмкүн болушунча теӊдештирүүгө карай багыт алганында жатат. Буруш жагын бийлик үчүн жүргүзүлүүчү күрөштүн улам татаалдашып жатканынан издөө туура болчудай. Бийликтин күчү да, анын ийгиликтүү жүзөгө ашырылуусу да ушул жөнөкөй принципке - анын үч бутакка теӊдештирилип бөлүнүүсүнө таянаары баарына эле маалым. Бирок, бул жөнөкөй принцип өлкөнүн Баш мыйзамында кара тамгалар менен жазылып  келгендигине карабастан, дайыма бузулуп-бурмаланып келе жатат. Бул тенденция  кыргыздын алгачкы ажосу Акаевдин доорунда эле күч алып, Бакиев мезгилинде өнүктүрүлүп, Атамбаевдик мөөнөттө биротоло калыптанган жолго түшкөнүн байкоо кыйын эмес. Серепчилер Атамбаевди бийлик узурпациясы үчүн бекеринен айыптап жатышкан жок. Элестүү айтканда, бизди Конституция эмес, биз өзүбүз Конституцияны башкарып калган абалга дал ошол Атамбаевдин маалында жеткендей болгонубуз чындыкка жакын келет. Башкаруунун кандай формада болгонуна карабай, бийликтин үч бутагына теӊ  өз милдеттерин жана ошого жараша жоопкерчиликтерин бөлүштүрүп берүүгө карай алынган багыттан Жээнбеков тайбачудай түр көрсөтүп жатканы колдоого аларлык болууда.

ПАРТИЯ ТАЛАШ

КСДПдагы талаш-тартыштуу абал азыр көпчүлүктүн көӊүл борборун өзүнө бурууда. Социал-демократтардын ич ара талаш-тартышына С.Абдрахманов демилгелеген «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы старт бергени белгилүү. Бийликтин айрым оппоненттери, ириде Атамбевдин тарапташтары бул кыймылды бийликтин долбоору катары карап келишет. Өткөн аптада КСДПнын алдыдагы сьездинин айланасында талашып-тартышуу жаӊы тилкеге кирди. Иса Өмүркулов партиянын сьезди 3-апрелде өтөөрүн жар салды. Буга чейин КСДПнын Атамбаев өзү катышып, кыскача билдирүү да жасаган жыйынында партиянын сьездин 6-апрелде өткөрүү чечими кабыл алынган. Атамбев ошол жыйында партиянын жетекчилигин башка бирөөгө өткөрүп берүүгө макул экендигин билдирген. Бирок, кийинки парламенттик шайлоого КСДП менен бараары да маалымдалган. Андан көп өтпөй эле КСДП оппозициялык партия катары парламентке кирүү аракетин жасаарын депутат И.Карамушкина жана Кодуранова билдиришкен. Аттары аталган  партия мүчөлөрүнүн белгилөөсү боюнча, Иса Өмүркулов партиянын Саясий кеӊешинен чыгарылган жана партиянын сьездин чакыруу мөөнөтүн белгилөөгө анын эч кандай укугу жок. Атамбаевчил КСДП менен Атамбевсиз КСДПчылардын ортосундагы партия талаш оюну  азыр ушул кырдаалга келип такалууда. Карамушкина партиянын сьезди 6- апрелде өтөөрүн баса белгилөөдө.  Атамбаевчилер партиянын сьездин өткөрүү мөөнөтүн мүмкүн болушунча 7-апрелден алыстатпоо аракетин көрүп жатышкандай таасир калууда. Сыягы, экс-президент бул күнү өзүн саясий реабилитациядан өткөрүүнүн колдон келген аракетин жасайт деп болжоого мүмкүн. Андай максат канчалык деӊгээлде жана кандай ресурс менен ишке ашырылаары гана белгисиз болуп турат. Ал сьездге И.Өмүркулов жана С.Абдрахмановдун чакырылышы да күмөн туудурууда. Бирок, Иса Өмүркулов партиянын лидерлигин Атамбаевден тартып алуу ниетинин жок экендигин айтып чыкканы бар.

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН РЫНОГУ

Биздин өлкөдө 300дөн ашуун саясий партиялар катталгандыгын,  алар дүйнө коомчулугунун алдында бийликке басым жасоочу курал катары да колдонулуп жатканын айтып жүрүшөт.

«Кыргызстанда саясий партиялар ар кандай негизде түзүлгөн. Мисалы, алардын бир тобу идеологиялык негизде түзүлүп, нукура өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй саясий биримдик болуп калыптанууга аракет кылууда. Экинчи тобу бир саясатчынын атына жалгап жана коомго тийгизер таасирине байланыштуу, үчүнчүсү - кландык негизде, төртүнчүсү - регионалдык, бешинчиси-коммерциялык негизде түзүлгөнүн байкоого болот. Кыргызстанда саясий партиялардын рыногу бар. Чоӊ саясатка баргыӊыз келсе партия сатып алсаӊыз болот. Акчасын жакшы айтсаӊыз  партиянын ээси аны сизге өткөрүп берип басып кетет. Баштапкы баасы партиянын Минюсттан каттоодон өткөн жылына жана саясий процесстерге, шайлоолорго катышканына байланыштуу бычылат. Мисалы,  бери жагы 500 миӊ сомдон 1 миллион долларга чейин сурашат. Ошого көбүнчө коммерциялык негизде түзүлгөн саясий бирикмелер арбын десек болот» деп белгилейт саясат таануучу Табылды Акеров. Анын пикиринде, бул абалдан чыгуу үчүн «Саясий партиялар  жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек. Биринчиден, Кыргызстанда дүйнөдө адам баласынын өнүгүшүнө зыян алып келбейт деп таанылган саясий партиялардын идеологиялары мыйзамдуу түрдө таанылып, бекиши керек. Алар белгилүү. Мисалы, коммунисттик, социалисттик, демократиячыл, республикачыл, либералдык, улуттук кайра жаралуу, жашылдар, элет( же агрардык). Экинчиден,  Кыргызстанда өзүнүн идеологиясы бар саясий бирикме гана саясий партия деп таанылат деген норма киргизилиши керек. Парламенттик жана жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолорго катышуучу саясий партия кеминде 11 жыл өзүнүн идеологиясынын негизинде аракетте болушу абзел деген норма да киргизилүүгө тийиш. Мындан сырткары, саясий партиянын идеологиясы анын аталышына уйкаш болуп, анын аты да бирикменин идеологиясын чагылдырып туруусу зарыл. Мындай жол саясий партиялардын жамгырдан кийинки козу карындай мүнөздө көбөйүп олтуруусуна бөгөт коет, шайлоолорго 5-7 гана партия катышууга мүмкүнчүлүк алат жана партиялардын санынын аз болушу бардык саясатчыларды идеологиясы өзүнө жаккан партиялардын тизмесине кирүүгө мажбур кылат, саясатчылардын бири да бул партияларды өзүнүн менчиги катары монополия кыла албайт. Мурдагыдай тизмени кландык же регионалдык негизде түзүү жокко чыгат. Түндүк-түштүк маселеси жоюлат.

УЛУТ ЖАНА УРУУ УРААНЫ

Кыргыз салыштырмалуу алганда аз сандуу калктын катарына кирери маалым. Бирок, кыргыздардын мамлекеттүүлүк тарыхы үчүнчү миӊ жылдыкка карай кадам шилтөөдө. Муну сыймыктануу менен белгилесе болот. Кыргыздар дүйнө тарыхында изи калган 18 империянын биринин ээси экени маалым. Дал ошол кыргыз империясынын – Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн тушунда башка этностук тайпалардын кыргызга тартылуусу күчөп, өзүлөрүн кыргыз деп атаганды сыймык көрүшкөнү тарыхтан маалым.  Бүтүндөй уйгур улутунун көчмөндүктү таштап, отурукташкан жана дыйканчылык менен алпурушкан турмушка өтүп калуусуна да кыргыз империясынын орноп калуусу олуттуу таасир тийгизгени айтылат.

Эгемендүү Кыргызстандын соӊку тарыхында кыргыздын улуттук биримдүүлүгүнүн андан ары бекемделишине тескери таасирин тийгизип жаткан айрым факторлордун да бар экендигин белгилебей коюуга такыр мүмкүн эмес. Сөз кыргыз урууларынын акыркы маалдарда өз-өзүнчө өткөрүүнү адат кылып алышкан курултайлары жагдайында болууда. Өткөн аптада соцтармактарда солто уруусунун курултайы жөнүндө азын оолак кеп-сөз кетти. Арасында бир эле солто экиге- ай тамга солто жана жөн эле солто болуп бөлүнөөрү жана ошонун айынан уруу жакшыларынын ичинде бир топ талаш -тартыштуу маселелер чыкканы айтылган. Ага бир мамлекеттик масштабдагы чоӊ маселедей эле маани беришиптир. Капырай десеӊ, бир солто уруусу бириге албай жатса, кыргыз улутунун биримдиги жагдайында кантип сөз кылууга болот? Улуттук ураанды жогору коебузбу же уруулук ураандыбы?  Улуттан уруусун жогору койгудай, солто эмне, кыргыздын баштапкы уруусу же урууларынын бири болуп кеттиби?  Алысты кой, кошуна Казакстанга же Өзбекстанга эле барып, «мен солтомун» деп көрчү... Алар сенин солтоӊ менен эмне иши бар, улутуӊду сурайт, улутуӊду урматтайт.

Бул айтылгандар кыргыздын бардык уруу өкүлдөрүнө тиешелүү экенин унутпай жүрсөк. Ансыз деле азыркы учурда кыргыздын жарандык паспортунан  «кыргыз» деген улуттун алынып салынганы жүрөк оорутуп турат.

Абдираим

 Мамытов

Окулду 291 жолу