Версия для печати
Понедельник, 11 Март 2019 04:37

Ак калпак майрамында миӊге жакын жаштар Сулайман тоону тазалашты

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш чаралар болуп өттү. Алгач “Кыргызстан” театрында концерттик программа уюштурулуп, анда Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жана Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн аскерлери сынактарга катышты. Ошондой эле шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан патриоттук ырлар жаӊырды.

Концерттик программанын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана шаардык Кеӊештин депутаты Ашим Осмонов Ак калпак күнү менен куттуктап сөз сүйлөштү. Иш-чаранын жүрүшүндө 1000ге жакын шаар жаштары патриоттуулукка чакырып, жөө жүрүш менен Сулайман-Тоого чыгышты. Анда жаштар тазалык акциясына катышып, Сулайман-Тоонун айланасын тазалашты.

 

Окулду 379 жолу