Версия для печати
Пятница, 29 Март 2019 08:15

Оштогу борбордук стадион оӊдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук А. Сүйүмбаев стадионун оӊдоону демилгелеп, жергиликтүү ишкерлер жана демөөрчүлөр колдоого алган.

Шаар мэри стадиондогу курулуш иштери менен таанышып, спорт сүйүүчүлөрүнө жакшы шарт түзүлө турганын билдирди. Бүгүнкү күндө стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, ичиндеги жуунучу жай жана ажатканасы оӊдоодон өтүүдө.

Мындан тышкары сынган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оӊдолууда. Көрүүчүлөр үчүн өзүнчө жаӊы ажаткана да курулууда. Калаа башчысы “Ошсвет” ишканасына түнкү жарыктандыруу боюнча да тапшырма берип, стадиондо түнү да машыгууга шарт түзүлүшү керектигин айтты.

Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы курулуп, 12 миӊ көрүүчүгө ылайыкташкан. Стадион капиталдык оӊдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн.

 

Окулду 524 жолу