Версия для печати
Понедельник, 08 Апрель 2019 05:53

ОРУС-КЫРГЫЗ МАМИЛЕСИНДЕГИ ОРЧУНДУУ ТИЛКЕ

 Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе турганы мурдатан эле коомчулукка билдирилип,  иш сапардын алкагында кандай маселелер талкууланып, кайсыл документтерге кол коюлары жагдайында да түрдүү ой-пикирлер алдынан эле  айтылып, ар түрдүү божомолдорго да ой таштап келгени белгилүү. Республиканын саясий турмушунда жүз берип жаткан бир катар окуя жана  процесстерге Путиндин ошол иш сапарынын алкагынан көз жүгүртүп, ой жоорутуу маанилүү болгонун жашыруу мүмкүн эмес.

СYЙЛӨШӨӨРГӨ ЧЕЙИНКИ ЭЛЕ СӨЗ

 Кыргызстандын Россиядагы элчиси А.Жекшенкулов ара-чолодо  расмий Бишкек Россияга дагы бир аскердик база ачууга деле даяр болуп калганын айтып алганы бар. Бул сөз дароо эле желдей тарап, россиялык экинчи аскердик база балким, Баткен тарапта ачылып калуусу мүмкүн деп божомол айткандар да болгон. Албетте, элчиде эл билбеген көп маалыматтар болушу мүмкүн, бирок анын баарын эле эл менен бөлүшө берүүгө дипломатиялык кызмат этикасы жол береби, ошону эсепке алуу керек. Кыргыз саясатчылары ойлонбой сүйлөп алгандын азабын эчактан бери эле тартып  келатышат. Андай олдоксон пейилди кырына чыгарып, чегине жеткирүүнүн орой мисалын экс-президент Атамбаев өзү баштап көрсөтүп келгенин унутууга болбойт. Демек, «ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!» деген сөз  актуалдуулугун жоготмок мындай турсун, кайра жогорулатып баштаганын сөз келип турганда белгилей кетели.

Учурда айрым саясатчылар демократиянын ылайык келбеген эле талаптарына жамынуу аркылуу бийлик бутактарына айрым орунсуз жана мыйзамсыз талаптарды кое баштаганын аӊдабай коюуга мүмкүн эмес. Соттук отурумдарды ачык өткөрүү боюнча айрым талаптар мына ошолордун бир мисалы.

Мындайга кечээ жакында эле жүз берген тажик-кыргыз чек арасындагы чыр-чатактарды басуу жаатында түзүлгөн келишимдик протоколдун текстин элге шардана кылуу жана «саясий туткун» деген атка кондурулган Ө.Текебаев, Д.Чотоновду абактан бошотуу жана Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону соттон талап кылуу үчүн 23-апрелде өткөрүү пландаштырылып жаткан тынчтык митингин да кошууга болот.

 Айтымда, ал митингке 10 миӊден ашуун адам катышаары болжолдонуп жатыптыр. «Калк калыс», «эл өзү чечсин» деген мүнөздөгү жалпылаштырма жана абстракцияланган тезистер андай  учурларда модага айландырылаары шексиз. Бирок, калк, эл түшүнүктөрүнүн өзү да жалпылама жана абстракциялык, салыштырмалуу категория экендиги да белгилүү. Калк, эл дегенди бир кылка пикирге келтирүү иш жүзүндө таптакыр мүмкүн эместиги айдан ачык. Атпай кыргыздын ар бири менен качан жана  кантип сүйлөшүп, анан да кантип ынандырып чыгуунун ылаажысын таба ала турган жанды табуу кыйын.

 Мындай шарт-кырдаалдарда ар бир сот отуруму биз, кыргыздар ансыз деле араӊ турган революцияга айланып олтура берери да бышык.  Эӊ эле абсурддуу жагы эч кимди эч качан, эч бир шек менен айыптоого да, актоого да мүмкүн болбой турган  жагдайга жетелеп кетеринде жатат. Мындан чыкты көпчүлүк, калк, эл деген категориянын эӊ эле баштапкы сан эсеби 3 деген демократиялык цифра менен гана өлчөнөрүн эстен чыгарбоо зарыл. «Эл талап кылууда», «калк ушундай айтууда», «коомчулуктун пикири» сыяктуу кеп-сөздөрдү этияттык жана орду менен гана  урунуудан башка арга жок. Калкты ашкере эле саясатташтыра берүүдөн деле пайда аз, «казанда болсо гана чөмүчкө чыгат» эмеспи.

АЛТЫ МИЛЛИАРД ДОЛЛАР АЗ ЭМЕС АКЧА!

Кыргыз саясат айдыӊында адаттагыдай эле ала баары жазда күч алып баштаган активдүүлүктүн алкагында Россия президентинин республикага расмий иш сапар менен келиши орус-кыргыз алакасында орчундуу тилкенин  жаралганынан кабар берерин саясат талдоочулар бекеринен белгилеп жатышкан жок.

 Кеп төркүнү албетте, Путиндин Кыргызстанга иш сапар учурунда Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде жардам катары берген кайтарымсыз 30 миллион АКШ  долларында же  ардак кароолго тизилген аскерлер менен кыргызча саламдашуусунда  эмес. Аны сыйлуу конокту тосуп алуу салтанатында Путиндин өзүнө гана белгилүү бир артыкчылыкты тартуулоого тийиш болгон процедуралык жагымдуу жөрөлгөнүн бир мисалы катарынан башкача кароого болбойт. Негизги сөз Путин өзү менен кошо ала келген,  ишкерлер жана ар түрдүү тармактын өкүлдөрүнөн куралып, 700 адамдан ашкан расмий делегация жагдайында болууда.

 Алдын- ала кыргыз-орус кызматташтыгын арттырууга арналган бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Алсак, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору В.Садовничий баштаган 40ка жакын ректорлор Бишкекте эки өлкөнүн жогорку билим берүү жаатында кызматташууну талкуулашса,  300гө жакын орус ишкерлери да кыргыз президенти С.Жээнбеков катышкан иш чарада кыргыз рыногуна жалпы суммасы 1,5 миллиард долларды түзгөн иннвестиция тартуу ниетин билдиришти. Кыргыз экономикасы азыркы тапта инвестицияга аба менен суудай зарылчылык тартып олтурганы эч кимге жашыруун эмес. Путиндин бул сапарында жалпысынан 6 миллиард доллардан ашуун сумманы түзгөн эки тараптуу документтерге кол коюлду.

МЫЙЗАМ БУЗГАН КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНА МУНАПЫС

Россия президентинин Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алдынан Россия бийлиги ал жакта миграциялык мыйзамдарды бузуп жүрүшкөн кыргыз жарандарына миграциялык мунапыс берүү чечимин кабыл алды. Эми аталган чечимге ылайык, Россиянын мыйзамдарын бузуп жүрүшкөн кыргыз жарандары 2019-жылдын 22-апрелине чейин тоскоолдуктарсыз Кыргызстанга келишип, эч кандай административдик жоопкерчиликке тартылбай эле Россиянын аймагына кайра кире алышат. Кыргыз жарандарына Россияга ушул жылдын 1-майынан тартып кайрадан кире баштоо сунушталууда. Тактай кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Россиянын президенти Владимир Путин менен буга чейинки жолугушуусунда аталган маселе боюнча сүйлөшүүсү ийгиликтүү жүрүп, анын натыйжасында Россиянын аймагында мыйзамсыз жашап жүргөн Кыргызстандын 2011 миӊ жаранына миграциялык мунапыс берүү жагы макулдашылган эле. Учурда Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматы Россиянын аймагына кирүүсүнө уруксат берилген Кыргызстандык жарандарынын тизмесин алды. Россияда иштеп, жашап жүргөн ар бир кыргызстандык өзүн бул тизмеден карап, текшерип алышса болот.

Ошентип, Россиянын президенти Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапары эки тараптуу формада теӊ жемиштүү болгонун эч бир чочулабай туруп баса белгилөөгө мүмкүн.

 Ал эми макаланын баш жагында учкай сөз болгон Россиянын Кыргызстандагы экинчи аскердик база долбоору Россияда иштелип чыга элек деп ойлоо албетте, катачылык болор эле, бирок ошол эле учурда Кыргызстандын геосаясий өзгөчө шарты жана учурдагы кырдаалга жараша кызыкчылыгы андай долбоордон расмий Бишкек таптакыр эле баш тартып жатып албоону талап кылып турганын деле болжоого мүмкүн. Канткен менен, орус президентинин бул жолку иш сапарында түзүлгөн келишимдердин алкагында Россиянын аскердик базасын кеӊейтүү  жана күчтөндүрүү жактары да каралганы маалымдалууда. Негизинен аскердик жана коргонуу маселелери мамлекет башчысынын гана компетенциясына кирген маселелерден болгондуктан, бул жааттагы кеӊ-кесири сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар кийинки жолугушуулар үчүн калтырылгандыр. Анан калса, Россия президенти кайтаарында Кыргызстандын мамлекет жетекчисин Москвага чакырып кеткендигин да көп тараптуу мааниде божомолдоого мүмкүн эмеспи.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 248 жолу