Коом таануу илиминде өнөр жайлык доорго чейин адам жаратылыш менен, өнөр жайлык доордо өндүрүлгөн өнүмдөр менен, ал эми постиндустриялдык коомдо адамдар бири-бири менен ойноп калат дегенди билдирген жоболор бар. Саясат менен экономиканын өз ара байланышы жана ал байланышта кайсынысы кандай шартта басымдуулук кылаары жөнүндөгү маселенин өзөктүү моменттери да ушул жоболордон келип чыгарын эсепке алуу талап кылынат. Кыргызстанда экономикага караганда саясатка көбүрөөк маани берилип жатканына бир эмес, эки он жылдыктан ашып баратканы менен, кыргыз коомчулугунун тынчын дале экономикалык кризиске караганда да саясий кризистер көбүрөөк алып жаткандыгы кейиштүү көрүнүш бойдон калууда.
ПАРТИЯ КИМДИКИ?
Ушул жылдын 3-апрелинде жана 6-апрелинде «КСДПныкы» деген аталыштардын алдында партиялык эки курултай (сьезд) өткөрүлдү. Коомчулуктун көӊүлү маӊ болду: Бир эле партия да, анан анын эки бөлөк курултайы өткөнү кандай? Кайсыл курултай легитимдүү? КСДПнын лидери С.Абдырахмановбу же А.Атамбаевби? 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоого Кыргызстандын социал-демократтары кимисинин жетекчилигинде барат? Шайлоого катышуу үчүн ал партия өз аталышын өзгөртөбү же КСДП-1 жана КСДП-2 деген аталышта катталабы? Кайсыл бөлүгү биринчи болот да, кайсынысы экинчи бойдон калат? Мындай тариздеги суроолор коомчулукта улам көбөйүп жатканы менен, азырынча бирөөсүнө да толук кандуу жооп жок.
Социал-демократтардын эки башка өткөргөн курултайлары жагдайында жүрүп жаткан кеп-сөздүн аягы чыга элек. Партиядагы ич ара бөлүнүп-жарылуучулуктун жана тескерисинче, бир партиянын толугу менен бүтүндөй бир мамлекетти менчигине басып алуунун толгон-токой мисалдары бар. Бирок, бийликтики делген партиядагы мындай ажырымды азырынча кыргыз саясатындагы жаӊылык катары эсептөөгө мүмкүн. Айрым талдоочулар КСДПдагы азыркы ажырымды илгери орустун социал-демократиялык партиясындагы ( РСДРП) «большевик-меньшевик» фракцияларына бөлүнүүчүлүктүн кыргызча мисалы катарында да баалашууда. Бирок, антип бөлүнүүнүн тарыхый себеби башкада экендигин да эстен чыгарууга болбойт. РСДРПнын экинчи сьездинде партиянын уставын жана пррограммасын талкуулоодо ажырым чыгып, Лениндин позициясын жактагандар көпчүлүктү (большевиктер), ал эми Мартовдукун жактагандар азчылыкты (меньшевиктер) түзүп калгандыгы тарыхтан маалым.
Тарых демекчи, партиялык курулушта башкы принциптердин биринин ролун ойноого тийиш деп эсептелген «оӊчулдук» (правое), «солчулдук» (левое) жана «ортозаардык» (центристтик) кыймыл-аракеттердин ортосундагы айырмачылыктарды жана алардын пайда болуу таржымалын билүү жагын биздин саясатчылар тарыхчыларга гана таштап коюшканын, чындап келгенде, тарыхчыларда деле бул жаатта азыраак гана ой жүгүртөөрүн сөз келип турганда белгилей кетүүгө тийишпиз. Ал эми кыргыз социал-демократтар партиясындагы азыркы ажырымдын себебин бул өӊүттөн түшүндүрүү жетишсиз экендиги өзүнөн өзү эле белгилүү. Кыргыз саясатындагы партиялык курулушта азырынча «кимдин партиясы? деген суроо «кандай партия?» дегенден жогору турат.
КСДП ЖАНА АТАМБАЕВ
КСДПдагы ажырымдын негизги себебин аныктап түшүнүү кыйын. «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын тарапкерлеринин пикири боюнча, Атамбаев өлкөдөгү бүткүл бийликти партияга кошуп узурпациялап, аны жеке кызыкчылыгына гана пайдаланып, натыйжада бул партиянын абийирине өчпөс кара так калтырды. Андыктан, Атамбаевди партиянын катарынан чыгаруу керек. Бул максатта партиянын дагы бир мүчөсү Сагынбек Абдырахманов республиканын дээрлик бардык аймактарында атайын жыйындарды жана партиялык конференцияларды өткөрүп келгени маалым.
Ошентип, Абдырахмановдун демилгеси жана түздөн-түз аракетинин натыйжасында 3-апрелде партиянын курултайы өтүп, ага партиянын 300дөн ашуун мүчөсү делегат болуп катышты. Партиянын жер-жерлердеги жергиликтүү бөлүмдөрүндөгү партиялаштарынын дээрлик көпчүлүгү, партиянын саясий кеӊешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экиси, фракциясындагы 38 депутаттын 30дан ашууну КСДПнын лидерине каршы чыгып, партиянын лидерлигине Сагынбек Абдырахмановду шайлашты. Андан үч күндөн соӊ 6-апрелде партиянын Атамбаев жетекчисимин деген бөлүгүнүн курултайы өтүп, ага жер-жерлерден 270 делегат катышканы айтылат. Курултай делегаттарынын арасында депутаттардан Карамушкина, Кодуранова, Мадеминов, Орозова жана Артыков, Момбеков бар. Курултай бийликке карата бир катар талаптарды коюп, аларды токтоосуз аткаруу үчүн эки айлык мөөнөттү белгилеген кайрылуу кабыл алды. Талаптардын ичинде бийликтин саясий куугунтуктоону токтотуу чакырыгы орчундуу орунду ээлейт. Айрым талдоочулар бул талапты экс-президенттин ириде Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупциялык аракеттери үчүн айыпталып жаткандарды коргоп калууга багытталган акыркы аргасыз кадамы катары белгилешүүдө.
ПАРТИЯ ЖАӉЫЛАНУУГА МУКТАЖ
Албетте, пртияга тиешелүү укуктук маселелерди чечүү үчүн тиешелүү институттар жана мекемелер бар. Ар бир партияны жана саясий уюмду ошолор ордуна коеру бышык. Ал эми коомчулукту мындай кырдаалдын моралдык-адептик жагдайлары көбүрөөк кызыктырып жатканы да жашыруун эмес. Насилинен алганда КСДП эле эмес, Кыргызстандагы бардык эле партиялар үчүн жаӊылануу муктаждыгы алда качан бышып-жетилген десек жаӊылбайбыз. Замандын өрүшү, мезгилдин оош-кыйышы ошону талап кылууда.
Ал эми КСДП партиясындагы азыркы ажырым абалды анын башчылыгын талашкан кайсыл бир инсандар менен эле чектеп түшүндүрүү туура болбой калат. КСДПны чындап келгенде Атамбаевдики же Абдырахмановдуку, Өмүркуловдуку дешке да болбойт. Алардын партияга кылып берген ак-көк кызматын бетке тутуу деле саясий өӊүттөн алганда адилеттүүлүккө жата бербейт. Кызматын кылбаймын дегендер партияга эч качан кирбейт эмеспи. Атамбаев КСДПнын кайсыл бир даражада калыптанганына салым кошсо кошкондур, бирок андан жүз эселеп кайтарымын алганын да эстен чыгарбоо керек. Саясат талдоочу Сабыр Муканбетов бул жагдайда «Атамбаев КСДПны өргө да тартты, көргө да тартты. Атамбаев КСДПга акчасын коротсо, башкалар миӊдеген партиялаштары канын берип, жанын берип салым кошту. Акча кымбатпы? Кан кыбатпы же жан кымбатпы? Канын-жанын бергендер кайда азыр? А.Атамбаевиӊер акчасын миӊ эселеп кайтарып алды» деп баса белгилептир «Майдан» гезитинде. Талдоочунун андан аркы белгилөөсүнө караганда, саясий партияга Атамбаевчисинен жеке менчик фирма же кооператив катары мамиле кылууга болбойт. Ар бир партия элге таянат, элге кызмат кылсам дейт, эл мүчө болот да, мамлекет каттоодон өткөрөт. Демек, ар бир эле партия элге, мамлекетке таандык десек жаӊылышпайбыз.
Айрым маалымат булактарындагы материалдарга таянганда, КСДП өзүнүн жаралып- түптөлүшү жана бүгүнкүдөй Атамбаевдин оозу менен тактап айтканда, катар-катар президенттерди тарбиялап чыгарууга кудуреттүү абалына жеткени үчүн экс-президентке эч бир карыз эмес. Анткени, КСДП алгач эле бийликтин партиясы болуптур да, А.Эркебаев, А.Тагаев, Ж.Ибраимов, И.Кадырбеков башында туруп, губернатор, акимдер менен чогуу алгачкы ажо Акаевдин уруксаты менен түзүшүптүр. Бул партия ошол кезде ЭрК партиясына каршы түзүлгөн. Тактап айтканда, Топчубек Тургуналиев, Сатыбалды Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, Мелис Эшимканов, Жыпар Жекшээвге каршы коюлуптур. Текебаев да алгач ЭрК партиясында болуп, андан кйин «Ата Мекенди түзүп, ошол жакка өтүп кеткен. «Ошондо эле Атамбаев бийликтин партиясы болгон КСДПнын мүчөсү болуптур. Башында ээрге олтурганда кыйшык олтуруптур булар. Эч кандай оппозициялык маанайда болушкан эмес» деп белгилейт коомдук ишмерлердин бири жана Атамбаевдин мурунку досу Жусупжан Жээнбеков саясий гезиттеги маегинде. Ал андан ары азыр парламенттеги коалиция иш жүзүндө жоктугун белгилейт. Анын пикиринде, коалицияда негизги өзөк КСДП болчу. Булар бөлүнүп-жарылып кетти. «Республика»-«Ата Журт» фракциясы дагы бөлүнгөн. «Кыргызстан» башынан эле бирдиктүү эмес. Булардын лидерлерине көпчүлүк депутаттар баш ийбейт. Ушул жагы да түшүнүксүз абалга кептелди.
Атамбаевдик КСДПнын 6-апрелде өткөн курултайында партиянын бул бөлүгү оппозициялык өӊүткө өткөнүн расмий жарыялады. Мындан чыкты КСДП азыр бир буту менен коалицияда, экинчи буту менен оппозицияда тургандай көрүнүш пайда болду. Азыркысы го мейли, 20-жылдагы парламенттик шайлоого 2 КСДП каттала турган болсо, мына ошондо күлкү башталат деп болжоп жаткандар да бар.
Абдираим
Мамытов
Толугу менен...