Версия для печати
Понедельник, 15 Апрель 2019 04:05

«Жигер» «Алтын калем» сыйлыгына татыды

 «Жигер» чыгармачыл жаштар борбору Ошто бир  топ жаш акындардын башын бириктирип, алардын чыгармачыл чыйыр жолун ачкан жылуу уя. Бир жума мурун аталган борбордун акындары Бишкек шаарына барып «Жигер» жумалыгын өткөрүп келишти.

Камчыбек Узакбай уулу, «Жигер» чыгармачылык жаштар борборунун жетекчиси:

«Эки шаардын акындары чыгармачылык эргүүгө малындык»

-Камчыбек, салам. Биздин конок-төргө куш келипсиӊер. Борборго кандай барып келдиӊер? Бул чыгармачылык сапардын максаты эмне эле?

- Саламатсыздарбы, бизди конокко чакырып, сезимдерибиз менен бөлүшкөнүӊүздөр үчүн ыраачылык билдиребиз. Сапарыбыз жакшы болду. Бишкек бизди жылуу тосуп алды. Эргүү, толкундануу, достукту тартуулаган сапар болду. Бул чыгармачылык сапарыбыздын максаты - өлкөдөгү чыгармачыл чөйрө өкүлдөрүнүн башын бириктирүү жана достугун арттыруу болду. «Нурборбор» чыгармачыл академиясынын чакыруусу менен «Жигер» чыгармачыл жаштар борбору «Өмүр кербени» аттуу муза-лирикалык кечебизди үч күн коюп келдик. Биздин топто 18 адам болду. Устат агаларыбыз Улукбек Омокеев, Сыдыкбек Апиш уулу, Бекмурат Келдибаев, Мелис Маматжанов бизди жетектеп алпарып келишти.

- Жолдо жүргөн күнүӊөрдү эсептебегенде борбордо канча күн болдуӊар? Кандай кечелер өткөрүлдү?

-Борбордо 1-апрелден 3-апрелге чейин болдук. Yч күн бою үч университетте  чыгармачыл кечебизди койдук.  Биринчи күнү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, экинчи күнү Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде, үчүнчү күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине койдук. Мындан сырткары «Нурборбор» чыгармачыл академиясынын жаштары менен Бишкек шаарын кыдырып, Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаевдин үй музейине, «Ата Бейитке»бардык. Бош күнүбүз болгон жок.  Жазуучулар союзу да бизди жакшы тосуп алышты. Өткөргөн чыгармачыл кечебиз үчүн алкыштарын айтышып, жылуу пикирлерди уктук. Массалык маалымат каражаттарына тынбай чакырылып, таасирлерибиз менен бөлүшүп жаттык. Белгилеп айта кетүүчү нерсе «Жигер» чыгармачыл борбору «Алтын калем» сыйлыгына татыдык. Мындан сырткары, Сыдыкбек Апиш уулу, Бекмурат Келдибаев, Улукбек Омокеев агаларыбыз жана мен улуттук тил комиссиясынын кыргыз тилине кошкон салымы үчүн атайын ардак грамотасы менен сыйландык. «Нурборбор» чыгармачыл академиясынын алдында түзүлгөн «Жаӊы толкун» адабий клубу бар. Ушул клубдун жаштары да бизге колдоолорун көрсөтүп, кайда болсок биз менен кошо жүрүштү. Досторду арттырдык. Биз бул сапар менен максатыбызга жеттик. Чыгармачылык, ынтымак достугубуз мындан ары да өнүгө берет деген ишеничтебиз.

- Сапарга кеткен чыгымды ким төлөдү? 

- Чыгармачылык сапарыбыздын каржылоосу, жатакана, тамак-аш баары «Нурборбор» чыгармачыл академиясынан болду. Ал эми жол акыбызга ОшМУнун ректору Каныбек Исаков агайыбыз жардам берди. Негизи, агай бизди ар тараптан колдоп, дайыма жардамын көрсөтүп келет. Бул үчүн убакыттан пайдаланып «Жигердин» атынан рахматыбызды айтабыз.

- Негизи, чыгармачылыктан, өзгөчө акындыктан алыс инсандар мындай сапарлардын максатын «мындан эмне пайда табышат?» деп түшүнө беришпейт да. Жеке өзүӊдүн пикириӊди сурагым келип турат, кандай сезимдер болду, кандай «пайда» таптыӊ?

- Акындар, чыгармачыл инсандар өтө сезимтал болушат. Ар бир майда нерсеге чейин маани берип, кичинекейден бакыт табышат. Мындай чыгармачыл сапарлар акын досторуӊдун арасындагы жылуу мамиле сөзсүз акынга эргүү берет, бакыт тартуулайт. Биз дале ошол сезмдерде, толкундарда жашап жатабыз. Мурун интернет аркылуу эле баарлашып, ырларын окуп жүргөн акындар менен жүзмө-жүз көрүштүк. Биз алардан күчтүү таасирлерди алдык, алар бизден алганын айтышты. Бири-бирибизге ичибиз жылып, меймандостугубуз күчөдү. Аларды узактан бери тааныгандай эле дароо достошуп, тамашалашып, сырдашып кеттик. Жеке өзүмдө алар менен жолуккандан кийин ырларын окуп ырга болгон табитим бир аз өзгөрдү. Эки тарап бири-бирибизге ыр окуп, ырга болгон жоопкерчилик көтөрүлдү, олуттуу мамилебиз күчөдү.

-Дал ушундай жумалыкты Ошто өткөрүү планы жаралгандыр…

- Ооба, сапарыбыздан кийин акындар үчүн тажрыйба алмашуу канчалык пайдалуу экенин түшүнүп жеттик. Буюрса, бир эле Ош-Бишкек эмес, өлкөнүн бардык аймактарындагы чыгармачыл жаштар менен жолугуп, достошуп, жакындан таанышалы деген ойлор жаралды.

Бүкалча Маматали кызы, «Жигер» чыгармачыл жаштар борборунун мүчөсү:

«Дагы деле ошол сезимдердин таасиринен чыга албай жүрөм»

- Керемет көз ирмемдерге, толкундоолорго балкыткан чыгармачыл жолго, поэзияга рахмат. Дүйнөсү окшош адамдар менен бир жүрүү, сапарга чыгуу ар кимдин эле шыбагасына буйруй бербесе керек. Бул улуу, жагымдуу, ырахаттуу түйшүк тартуулаган жолго Кудай бешенелүү адамдарды салса керек. «Жигер» деген чоӊ дүйнө менен сапарда болдук. Бул үч күн аралыгында буга чейинки орундалса экен деген кыялдарыбыз орундалды. «Нурборбор», «Жаӊы толкун» жаштары менен достоштук. Өткөргөн кечелерибизден да жетине албай кубанып жүрөм. Анткени, 2018-жылы «Р. Отунбаеванын демилгеси менен» фонду уюштурган поэзия кечесине барып, борборду суук шаар экен деп келгенмин. Көрсө, Оштун жылуулугу жакындарыӊдын, досторуӊдун бардыгында турбайбы?! Yч университетте поэзия кечесин койдук. Бир саатыбыз да бош өткөн жок, «Жаӊы толкундун» жаштары бизди жалгыз калтырган жок. Yч жерде кече койсок үчөөнү теӊ барып көрүштү, колдошту. Бишкек бизди жакшы кабыл алды. Шатыраган кол чабуулар достук үчүн болду. Дагы деле ошол үч күндүн таасиринен чыга албай жүрөм.

Акын, жазуучулардын үй-музейлерине, жазуучулар үйүнө барып, улуулар баскан жол менен басуу, «Ата-Бейит», талкуулар, телеканал, радиолорго барып ыр окуп, маектешүү жакшы таасирлерди калтырды. Уюштурган улуттук жазуучулар союзуна, эл аралык «Нурборбор» чыгармачыл академиясына, «Жаӊы толкун» адабий клубуна «Жигер» чыгармачыл жаштар борборунун атынан чоӊ ыраазычылык билдирем.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 215 жолу