Версия для печати
Понедельник, 15 Апрель 2019 04:18

Ой жүгүртүүнү өрчүткөн менталдык арифметика

 «Менталдык арифметика» шаардагы мектептерде гана эмес, алыскы айыл жерлеринин мектептеринде да өнүгүп, окуучулар бул боюнча дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, ийгилик жаратышууда. Буларга күбө болгон көп ата-энелерди «Бул кандай илим? Балдардын аӊ-сезимин такыр башка тарапка буруп салбайбы?» деген тынчсыздануу ойлор кыйнап жатат.Дегеле менталдык арифметика деген кандай окутулууда бул тууралуу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Т.Темиралиев атындагы орто мектептин менталдык арифметика боюнча мугалими Мунира Ысакова кеӊири айтып берет.

- Мунира айым, менталдык арифметика деген эмне? Бул илимди кайдан өздөштүргөнсүз?

- Менталдык арифметика 4 жаштан 16 жашка чейинки балдардын интеллектуалдык ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү ыкма. Мен 2018-жылдын февраль айында Бишкектеги «Академия роста» аттуу окуу борборунун тандоосунан өтүп, бул илим боюнча окуу курсун аяктап келгем. Өткөн жылдын март айынан баштап балдарга сабак бере баштадым. «Академия роста» окуу борбору мугалимдерге компьютерге программа киргизип беришкен. Балдар мисалдарды колдору менен жана эч нерсе колдонбой көзү менен бир жерди тиктеп турган абалда ой жүгүртүү аркылуу чыгара алышат.

- Менталдык арифметиканы үйрөнүүнүн этаптары же баскычтары кандай?

- Балдар 10-12 баскычтан турган окутуудан өтөт. Эреже боюнча ар бир баскыч 3-4 айга созулат. Сабактар жумасына 1-2 жолудан болуп, натыйжада 1-1,5 жылда бала 4-5 орундуу сандардан турган ар кандай эсептерди чыгарганга үйрөнөт. Бирок биз мектептин программасына карап, жетекчилер менен кеӊешип иш план түзөбүз. Ага карап этептарга бөлүп алам.

- Буга ар бир эле бала жөндөмдүү боло алабы?

- Албетте, башка сабактардан өзгөчөлүгү аябай чоӊ. Эске тутуусу начар, башка сабактарга кызыгуусу жок, ой жүгүртүүсү төмөн балдарды мээсин иштетүүгө машыктыруу иретинде окутса болот. Негизинен сабакта балдар абакус куралы аркылуу мисалдарды бат эсептөөгө үйрөнүшөт. Эӊ алгачкы кытай эсептегич таштары чоподон болгон. Абакусту тапканга чейин бул куралды «соробан» деп аташкан. Тарыхый материалдарга ылайык, абакус менен иштөө боюнча  эӊ байыркы китеп «Арифметика» деп аталган. Алгач бала  абакустагы шуручаларды эки колунун жардамы менен жылдырып мисалдарды иштөөгө үйрөнөт. Акырындап иштеп менталдык картага өтөт. Ошол шуручаларды өзүнүн оюнда жылдырып жаткандай элес менен иштөөгө көнөт. Бара-бара мисалдарды оозеки, башкача айтканда,  визуалдык түрдө чыгара баштайт.

- Көп ата-энелерден «Менталдык арифметика балдарга зыян экен. Көчөдө бара жатып деле колдорун кыймылдатып эсеп чыгарышат. Психиканы такыр буруп коет окшойт» деген пикирлерин угуп жатабыз...

- Сабак учурунда көбүрөөк  манжалар менен алектенибиз. Сабакка катыша баштаган ар бир балага бул ыкмалар кызыктуу болот. Бир гана бул ыкма эмес, ар бир жаӊы нерсени кабыл алуу балага кызык көрүнөт. Балдар сабактан чыккандан кийин да башка досторуна өзүндөгү жаӊылыкты айтат жана көрсөтүп берет. Аларды таӊыркатып колдору менен эсепти бат чыгарып коет. Мындай учурларды көп эле байкап жүрөм. Бирок өзү менен өзү болуп, башка дүйнөгө кирип, манжалары жана эсеп менен гана алек болуп, адаттан тышкары болгон коркунучтуу абалга кептелген баланы байкай элекмин. Бул сабак окуучунун психикасына эч кандай терс таасирин тийгизбейт, зыян жагы жок. Тескерисинче, пайдалуу жагы абдан көп. Балдар бул ыкма менен мисалдарды бат эсептөөгө катар китепти шар окуганды, эске сактоону, фотографиялык эс- тутумун жогорку деӊгээлде өнүктүрө алат. Мисалы, көп балдар ыр жаттаганда эсине тута албай кыйналышат. Ал эми менталдык арифметиканы өздөштүргөн бала тексттерди, ырларды бат жаттап, бир көргөн адамдын элесин да эсине сактап кала алат. Балдар сабакта бир эле учурда ырдап жатып, жанылмач да айтууга үйрөнүшөт. Скакалка ойноп жаткан учурда топту чикитип мисал чыгара алышат. Илимде так көрсөтүлгөн баладагы өнүгүүнү айта кетсем:

Өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү

Көӊүл бөлүү концентрациясын

Сүрөткө тартып алгыдай эс тутум

Маалыматты тез кабыл алуу

Өзүнө ишеним

Чыгармачылык аӊ-сезим

Окуудагы ийгиликтер

Элестетүү жана көрсөтүп берүү

Менталдык арифметикада окуган ар бир бала булардын баарына жөндөмдүү боло алат дегенден алысмын. Ар кимдин кабыл алуусу ар баша болорун да унутпашыбыз керек. 

- Анда баш мээде кандайдыр бир өзгөрүү болот экен да?

- Негизинен бул ыкманын өзү баш мээнин эки жарым шарларын бирдей иштетет. Мисалы, сол жак мээ логикага, сүйлөөгө, анализ, рационалдуулукка жооп берсе, оӊ жак мээ кыялдарга, элестетүүгө жооп берет. Ал эми эки мээнин теӊ иштөөсү укмуштай ийгиликтерге жеткирет. Балдар сабактын этаптарын окуу аркылуу эки мээни бир учурда иштетүүгө жөндөмдүү болушат.

- Силердин окуучулар бул илимди кандай кабыл алышууда?

- «Академия роста» окуу борбору  тынымсыз окуучулар арасында олимпиада өткөрүп турат. Мен балдарга билим бере баштагандан 3 ай өтүп, Чолпон-Ата шаарында эл аралык олимпиадага 5 окуучумду алпардым. Өлкөнүн бардык аймагынан барган 600 окуучунун арасынан  2 окуучум 1-орунду,  3 окуучум 2-орунду багындырды. Анын негизинде 3-класста окуган Талипжанова Айчолпон аттуу окуучум Дубайда өтүүчү дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алып, ал жакта 15 мамлекеттен катышкан 1500 окуучунун ичинен да 1-орунду багынтып, менталдык арифметика боюнча чемпион аталды.  Дагы бир окуучум Ибрагимова Диана Анталия шаарына барып 2-орунду ээледи. Ош облусунун аймагында өткөн олимпиадада Сатыбалдыева Имрана аттуу окуучум  чемпион аталды. 24-мартта Кушбаков Арген аттуу окуучум Ташкентте өткөн эл аралык олимпиадада 3-орунду ээледи. Булар менин жана окуучуларымдын аз убакыттын ичиндеги ийгилигибиз болду. Бул жыйынтык менен биздин окуучулар менталдык арифметиканы кызыгуу менен кабыл алып, окушууда деп айта алам.

-Маегиӊизге рахмат, мыкты окуучуларды тарбиялап, окута бериӊиз.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 1344 жолу