Коомго интернет кеңири канатын жайгандан бери китепкананын босогосун аттаган окурмандар азайды деген кептер айтылууда. Ал сөздөрдүн чын-төгүнүн аныктоо максатында шаарыбыздагы облустук, шаардык, балдар китепканаларына баш бактык. Жетекчилери менен сүйлөшсөк, жогорудагы пикирлерди четке кагылды.
Ош шаардык борборлоштурулган китепкананын башчысы Салима Токтомамбетова:
«Окурмандарыбыздын басымдуу бөлүгү студенттер»
- Көп жылдан бери бул тармакты жетектеп келе жаткан жетекчи катары акыркы мезгилде китеп окуган жарандар жоголуп баратат дегенге кандай карайсыз?
- Китепканага окурмандар баспай калды дегенге анчалык деле кошула бербейм. Учурдун талабына ылайык китепке муктаж болгондор деле көп. Мисалы, биздин китепканага студенттер менен пенсионерлер байма-бай эле келип турушат. Анын үстүнө имаратыбыз эс алуучу жайдын ичинде болгондуктан да эс алып келген жарандар баш багып китеп окуп, үйлөрүнө алып кетишет. Окурмандарды жоготпоо үчүн алардын эс алып, китеп окуусуна китепкананын ичине шарт түзүп, алар сураган китепти жок дебегенге аракет кылуу керек. Мисалы, бул китепкана бир топ эле каралбай калып кеткен экен. Шаар ичинде 13 филиалы болгону менен алардын баарынын эскилиги жетип окурмандарга жагымсыз маанай тартуулап калган экен. Окурмандар келбей жатат деп кол куушуруп отура бербей, аларды өзүбүзгө тартуу үчүн бир топ иштерди жасадык. Эскилиги жеткен филиалдарыбызды оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Шаардын булуң-бурчунда жайгашкан китепканаларыбызга ал жердеги жашоочулар тынбай кирип, китеп алып турушат.
- Окурмандардын окуу билетинен түшкөн каражат оңдоп-түзөөгө жетеби?
- Жок, биздин китепканага эч кандай окуу билет сатып алынбайт. Баарын бекер тейлейбиз. Биздин сунушубузду кабыл алып, жардам колун сунуп жаткан калаа башчысы Айтмамат Тентибаевич болууда. Бул жигит жаштардын келечегин жакшыртууну, билимди өнүктүрүүнү биринчи орунга койгон жетекчи болгондуктан колунан келген жардамын аябай жатат. Окурмандар киргенде кайра чыгып кетпей, жагымдуу жерде отуруп китеп окуусуна шарттарды түзүүдөбүз. Биздин шаардын аймактарындагы филиалдарыбызга барып өзүңүздөр күбө болсоңуздар болот. Китепканадагы шарттарды заманбап багытка буруп жатабыз. Мэрдин колдоосу менен имараттарыбыздын ичиндеги дубал жасалгасы, эмеректеринен китептин нускасына чейин жаңыладык. Балдар китепканасына жаңы китептерди алып, дубалдарга жомоктордогу каармандарды тарттырдык. Азыр жаш энелер балдарын жетелеп барып, жомокторду окуп беришет.
- Кайсы багыттагы китептер көп суралат?
- Тил, көркөм адабият, мекен таануу боюнча кыргыз тилиндеги китептер көп суралат. Пенсионерлер үчүн гезиттин жаңы сандарын калтырбай тиркеп турабыз.
Ош облустук балдар китепканасынын директору Элмира Дөөлөтова:
«Бир жылда 545 китеп окуган балдарыбыз бар»
- Элмира эже, бул жердеги китептер баракталып жатабы же окурмандар азбы?
-Биздин китепканага бир гана өспүрүмдөр же жаш балдар келбейт. Балдар китепканасы дегенибиз менен окурмандарыбыздын жаш курагына карабай эле келгенин киргизип, керектүү китебин таап беребиз. Жыл сайын окурмандар азайды дегенге кошулбайм. Тескерисинче, аз болсо бир баскычка көбөйдү. Себеби жылына эң көп китеп окуган балдарды аныктап, жыл аягында аларга белек берип, китепкананын ханышасы же ханы деп атайбыз. Мындан сырткары балдарды өзүбүзгө тартуу үчүн ар кандай кечелерди, майрамдарды өткөрүп келебиз. Акыркы жылдары шаардык билим берүү башкармалыгы менен келишим түзүп, шаардагы мектептердин 1-класстан баштап 11-класска чейинки окуучуларын кезек-кезеги менен экскурсияга чакырып жатабыз. Биздин китепканага такыр баш бакпаган окуучулар бар, алар экскурсияга келгенде кааналардын кооздугун, окуу шарттарын көрүп алып. өздөрү эле кызыгып келе башташат. Куурчак театрын, акын, жазуучулар менен жолугушууларды уюштуруп берип турабыз. Азыр интернеттин заманы болуп калгандыктан, окурмандарды ушундай жол менен тартуу керек.
- Бул китепкананын түптөлгөнүнө бир топ жыл болду, китептерди жаңылоого мүмкүнчүлүгү болуп жатабы же эски китептерби?
- Ош облустук балдар китепканасы 1967-жылы негизделген. Фондубузда 125 миң китебибиз бар, анын 11 000 кыргыз тилинде, 7 000 өзбек тилинде, калганы орус тилинде. Облус үчүн бул аздык кылат. Министр Элмира Сариевага кат жазып жаңы китептерди алып турабыз. Адабий көркөм, мекен таануу, жомоктор, мектеп программасындагы китептер бар. Эски имарат, эски китептер дегенге болбойт. Эски китептер азыр жоголуп бара жатат, аларды бул жерге издеп келгендер көп болот. Ал эми жаңы китептерди базардан деле сатып алып жатпайбы.
- Балдарына китеп алып берейин деп кызыгып келген ата-эне барбы же окурмандарыңар мугалимдердин тапшырмасы менен келишеби?
- Ата-энелер балдары үчүн базардан китеп сатып алып көнүп калышкан. Акчасын үнөмдүү жана каалаган китебин алып окуп келүүгө ыңгайлуу бул жер бар экенин билишпеген жаш энелер көп экен. Кээ бир жаш келиндер келип, «ушундай китепкана бар экенин билбептирмин» дешет. Китепканабыз кысылыш болуп бир имараттын ичинде жайгашкандыктан эч кимге көрүнбөйт экен. Атайын өзүнчө имаратта жайгашканда, окурмандарыбыз аябай көп болмок.
- Балдар китепти үйүнө алып кетип кайра тапшырганы келгенде, китеп эмне жөнүндө экен деп сурайсыздарбы?
- Албетте, сурайбыз. Биздинбылтыркыжылдынмыктыокурманыдепаталганкызыбызбиржылда 545 китепокугандыгыменен «мыкты» дегеннаамыбызгататыган. Биздеокурмандарыбызданэчканчаакчаалынбайт. Баарынбекертейлейбиз. Сураганкитептеринтаапберебиз, туруктуукөпкитепокуганокурмандарыбыздгажакшы, жаңыкелгенкитептердисунуштайбыз. Узапкеткенжылга 9520 окурмандепплантүзүлсө, аткарылганжумушта 9560 окурмандытейледик. Алардыничиндеардайымкыокурмандарыбыз, келипушулжерденокупкетүүчүлөр, пенсионерлербар.
ТоктогулСатылгановатындагыОшоблустуккитепканасынынжетекчисиБактыгүлМырзаева:
«Интеллигенция такыр китеп окубайт»
-Бактыгүл айым, бул китепкананы көп жылдан бери жетектеп келе жатасыз. Китепкананын жалпы абалына кандай баа бере аласыз?
- Китепкананын жалпы абалына жакшы же жаман деп бир жактуу баа бере албайм. Эки тарабы тең бар. Мисалы, жакшы жагы эл аралык гранттардын эсебинен бир топ өсүштөр болуп жатат. Ал эми жаман жагы айрыкча кыргыз тилиндеги китептердин аздыгынан окурмандарды канааттандыра албай жатабыз. Окурмандар жагынан башка китепканаларды билбедим, бизде окурмандардын изи кургабайт. Бул жерде электрондук китептен баштап баары бар. Ылдамдыгы тездетилген интернет, Америка борборлоруна кирсеңер, окурмандар батпай калган учурлар болот. Азыр каникул экенине карабай аталган кабинеттерде студент, окуучулар толо отурат.
- Интернет колдонуучуларды окурман деп атоого болбойт да, китеп окуу үчүн келгендердин саны кандай?
- Шаарда билим алып жаткан окуучулар, студенттер болгондон кийин кантип окурмандар жок болсун. Айрыкча экономика багытындагы китептер көп суралат. Илгеркидей өз алдынча, жеке кызыгуусу менен китепти артынан кууп окугандар жокко эсе. Биздин интеллигенция, 30 жаштан 50 жашка чейинки жарандарыбыз китеп окубайт. Китеп сурап келгендердин басымдуу бөлүгү студенттер, пенсионерлер жана 9-10-11-класстын окуучулары. Булар да эжекелери берген тапшырманы аткаруу үчүн гана келишет. Имаратыбыздагы кабинеттерди ижарага берип, акысына окурмандарды кызыктырган китептерди сатып алып, китеп фондубузду кеңейтип турууга тырышабыз. Пенсионерлер үчүн гезит, журналдарды да көп алабыз. Жылына 70-80 миңдей акча гезит, журнал сатып алууга кетет. Суроо-талап көп болгондуктан, кымбат экенине карабай Орусиянын 15 гезитин алабыз.
- Китептердин сапатын сактап калуу үчүн кандай кам көрөсүздөр?
- Ишканабызда 9 бөлүм, 6 сектор, фондубузда 1 350 000 китеп бар. Бул имарат атайын китепкана деп курулгандыктан, ичиндеги аба китепти жакшы сактоого нормалдаштырылып курулган. Өзүм кесибим боюнча китепканачы-библиограф болгондуктан, китептердин сакталуусу, кандай иштерди аткаруу керектиги туурасында чет өлкөдөгү чоң-чоң китепканаларга стажировкага барып тажрыйба алып турам. Эскилиги жеткен жана азыркы учурда актуалдуулугун жоготкон Ленин тууралуу, мурдагы съезддер туурасындагы азыр эч кимге керек болбой калган китептерди макулатурага өткөрүп беребиз. Тапшырылган китептин килограммына жараша алар бизге каражат төлөп беришет. Ага кайрадан жаңы китептерди сатып алып, ордуларын толуктап турабыз. Жылына 20 миң туруктуу окурманыбыз бар. Окуу билетине 1 сомдон төлөп киришет. Билет албаса, ал окурман кызматкерлер тарабынан тейленбейт.
Окуу залдарына кирсек, окурмандар аз экен, бирок анын себебин кышкы каникулга байланыштырышты. Өзүңүздөр күбө болгондой, китепканалардын бир жылдык отчетуна көз жүгүртсөк, окурмандардын саны китепкананын планын толуктамак турсун ашып кеткен.Бул албетте кубантарлык нерсе. Ошентсе да окуу ачылганда ар бир китепканага өз-өзүнчө саякат жасап, чын эле китеп окурмандардын саны азайган, азайбаганын жеринде аныктайбыз.
Уулбү Каныбекова
Фото Сыдык Токонов
Толугу менен...