Версия для печати
Среда, 24 Апрель 2019 04:11

Көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боелуп, кооздолууда

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн жана мекеме-ишканалардын сырткы дубалдары ар кандай түстөргө боелуп, кооздоло баштады. Бул боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашов демилге көтөрүп, иштин жүрүшү боюнча тиешелүүлөргө тапшырма берген.

Бүгүнкү күндө борбордук Ленин, Курманжан датка, Масалиев көчөлөрүндөгү ондон ашуун көп кабаттуу үйдүн, жыйырмадан ашуун мекемелердин сырты боелгон.

Мэр көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын оӊдоо боюнча өткөн жылы иш баштаган. Кулатов кичи районундагы эки көп кабаттуу үйдүн сырты боелуп, балдар аянтчасы, жол курулган.  Калаа башчысы жеринде семинар өтүп, көп кабаттуу үйлөрдүн абалын жакшыртуу колго алынаарын билдирген эле. Оӊдоо иштерине жашоочулар да салымын кошкон.

Окулду 217 жолу