Версия для печати
Понедельник, 29 Апрель 2019 03:12

Динара Багышбаева, актриса, куудул: «Сахнада тарсылдаган, жашоодо уялчаакмын»

Алгач өзүн шайыр тапкычтар клубунда сынап, кийин тасма талаасында байма бай көрүнүп калган жаш актриса Динара Багышбаеваны көпчүлүк таанып калды. Тасмада тарсылдаган келиндин ролун аткарып жүргөн таланттуу кыздын чыныгы жашоодо кандай экенин төмөнкү макаладан окуп көрсөӊүз болот.

-Саламатсыӊбы, Динара , адаттагыдай суроо болсо да алгач окурмандарга өзүӊ тууралуу кыскача айтып өтсөӊ.

-Мен 1992-жылы 26-майда Ош шаарында төрөлүп- өскөм. Шаардагы №16 орто мектепти аяктагам. Yй- бүлөдө эки кыздын кенжесимин. Учурда Ош технологиялык университетинде маданий борбордо эмгектенем.

-Чыгармачылык чөйрөгө кантип келип калгандыгыӊ тууралуу да билгим келип турат?

-Өзүм Ош технологиялык университетин аяктаган үчүн студент кезде факультеттер аралык шайыр тапкычтар клубунун сынагы болуп калчу. Анан Артур деген агайым бир күнү «сен ошол сынакка катышышыӊ керек, катышпасаӊ зачет койбойм» деп коркутту (күлүп). Азыр ал агайга аябай ыраазымын. Менин бир талантымдын ачылышына көрсө ошол агай себепчи болгон экен. Кийин Ош улуттук драма театрында өткөн «Тамашоунун» Ош филиалында «Южный формат» деген командада оюн көрсөтүп чыккам. Ошол сынакта Мурат аке (Жалиев) мени байкап калган экен. Ошентип алардын командасында ойноп, шайыр тапкычтар клубуна биротоло аралашып кеттим. 

- «Тамашоудогу» «Но неймде», андан кийин тасмалардан кезиктирип калдык. Өзүӊө кайсыл жагы жакыныраак?

-Тасма же КВН деп бөлүп айта албайм. Анткени, эки тарап теӊ менин көӊүлүмө жакын. Тасма талаасынын да, КВНдин да өзүнө таандык мени тартып турган күчү бар. Кайсы тармак болбосун өзүмдү эркин алып жүрөм десем туура болот.

-Анан ар дайым тарсылдаган, шуулдак келиндин образын көп аткарасыӊ? Назик кыздын да ролун аткаргыӊ келеби?

-Эгер режиссер ушундай кыздын образын ачышыӊ керек десе аткарганга аракет кылам. Бирок менин мүнөзүмө андай назик ролдор жарашпайт го дейм.

-Негизги кесибиӊ кайсыл багытта? Анткени, сахнада оюн көрсөтүп жаткан учурда же соцтармактагы баракчаларыӊда обон созуп ырдап да каласыӊ, ырдап чыксам деген ойлоруӊ жокпу?

-Менин кесибим инженер, педагог-психолог. Вокал боюнча эч кандай билимим жок. Бул нерсе Жараткан тарабынан берилген талант болуш керек. Ырдайм деген ойлорум бар, бирок, көӊүлүмө жаккан ырларды азырынча таба элекмин. Баарын убакыт көрсөтөт.

-Тасма талаасында иштеген жактыбы?

-Тасма талаасында иштеген мага аябай жакты. Албетте, ар бир иштин өзүнө жараша кыйынчылыктары бар. Алгач бул чөйрөгө аралашып баштаган кезде бир аз кыйынчылыктар болду. Кийин эмгеги сиӊген, тажрыйбалуу эжелер менен иштешип, билбеген нерселерди алардан үйрөнүп калдым. Айтсам, эки тасмада теӊ кайнене менен келиндин образын ачууда актриса Гүлмира Турсунбаева эжекебиз менен чогуу иштешип калдым. Ал эжеден көп нерселерди үйрөндүм.

-Сахна, тасма талаасы башка нерсе, кадимки жашоодогу, жумуштагы Динараны кандай мүнөздөй аласыӊ?

-Сахнада, тасмада Динара шайыр, такылдаган кыз. Кадимки жашоодо уялчаакмын (күлүп). Адамдар айтышы мүмкүн, «ии кантип эле» деп ишенбей. Бирок чынында эле менде ушул мүнөз бар. Кинодогудай аша чапкан тарсылдак кыз эмесмин. Алар болгону менин тасмадагы образдарым. Адилетсиздикти өтө жаман көрөм. Адилетсиздик орун алган жерде өзүмдү кармап тура албайм. Дароо өзүмдүн оюмду айтып чыгам.

-Ар дайым мырзалар менен вайндарга тартылып каласыӊ, жашоодо курбу кыздарыӊ көппү же мырзалар менен достошосуӊбу, негизи эле достукка кандай мүнөздөмө бере аласыӊ?

-Мырзалар менен көп достошом. Мен кичинекей кезимден эле мектепте болобу, короодо чогуу ойногон балдар болобу эркек балдар менен көп достошот экенмин. Жашоодо курбу кыздарым бар. Алар көп деп айтпайм. Себеби кыздардын достугу балдарга караганда бир аз башкачараак болот. Мисалы, көрө албастык деген бар. Ошондуктан убакыттын өтүшү менен сыноодон өткөн, бири-бирибизди чын дилден колдогон досторум иргелип калган. Бул досторуму мага Кудай жөнөткөн досторум деп алардын өздөрүнө да айтып тамашалап калам.  

-Жакында иш сапардан кайтып келгениӊди билебиз…

-Ооба, чогуу иштешкендер болуп иш сапарга Орусия өлкөсүнө барып келдик. Урал мамлекеттик экономикалык университетинде болдук. Эл аралык экономикалык форумга катыштык. Жакшы таасирлер менен кайттык. Мен ойлободум эле, Екатеринбургда ошончолук көп кыргыз бар деп. Чынын айтсам, өзүмдү үйдө жүргөндөй эле сездим. Мекендештер жылуу тосуп алышты.

-Сахнадагы, тасмадагы образдарыӊы ата-энеӊ кандай кабылдайт?

-Апам чыгармачылык, тамаша деген нерсени жакшы түшүнөт. Андыктан менин чыгармачылыгымды колдойт. Өзү ар дайым айтып калат «кызым, сен билесиӊ, эмнени жасаш керек, эмнени жасабаш керек, андыктан бардык нерсе чеги менен болсун» деп. Мен бир нерседен утулуп каламбы, кайсыл бир планым ишке ашпай же чыгармачылыгым болбой калса да үй-бүлө бул ушундай нерсе, сени кандай болсоӊ ошондой бойдон жакшы көргөн, кабыл алган. Андыктан үй-бүлөм чыгармачылыгымы ар дайым колдоп келишет.

-Сөз соӊунда сен үчүн эркин микрофон. Андыктан айтайын деген ойлоруӊду айтып алсаӊ болот.

-Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сиздердин гезитке да ыраазычылык билдирем. Анткени «Ош шамын» мен бала чактан билем. Апам шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында иштейт. Кичинекей кезимде жумуштан ар дайым үйгө «Ош шамы» гезитин алып келчү. Апам кечинде отуруп алып, окуп «анан мындай болуптур, андай болуптур» деп гезиттеги кабарларды бизге айтып берчү. Андыктан балалыгымы эске салдыӊар. Эч качан шамыӊар өчпөсүн. Ошол кезде оюма деле келбесе керек, бир күн келип ушул гезитке интервью берем деп. Буюрса, гезит чыкса апама алып барам «мына сиз бала кезимде окуган гезитке менин интервьюм чыкты» деп.

Элира Чынтемир кызы

(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)

 

Окулду 224 жолу