Версия для печати
Понедельник, 29 Апрель 2019 03:14

АЛТЫН YНДYY АБДЫМАНАП НЫШАНОВ

 Музыкалык аспаптарга жашоо берип, ыр ышкыбоздорунун сүймөнчүлүгүнө айланган обончу жана аткаруучу Абдыманап Нышанов деген ысым кыргыз маданиятына кеӊири таанылган. Жалпыбызга маалым болгондой, ал айтылуу «Ариет» вокалдык-аспаптык ансамблинин негиздөөчүсү.  «Гүлдөп жүрүп күн өтсүн», «Гүлүӊ да сүйкүм көрүнөт», «Автострада», «Кыргыз калпагы», «Өзгөн мунарасы», «Өзгөн жерим», «Куршабым», «Туулган күнүӊүз менен» ж. б. көптөгөн чыгармалары менен белгилүү. Азыркы күндө да сахнадан түшпөй радио, телеберүүлөр аркылуу элдин руханий дүйнөсүн байытууда өзүнүн чыгармачылык дараметин тартуулап келатат.

Бала кездеги кыял

Абдыманап Нышанов Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында 1954-жылы 2-декабрда  туулган. Ал бала кезде эле ыр-күүгө жакын өсүп, музыкалык аспаптарга кызыгуусу артат. Колуна аккордеон алып, нотанын ыргактарын миӊ кайталап чертип, чоӊ музыкант болсом деп кыялданат. Дээринде бар экен, шык-жөндөмү өөрчүп, музыка менен ыр дүйнөгө аралашат. Ал өмүр бою өзүн маданият тармагындагы музыка өнөрүнө арнап, жаӊы обондорду жаратуунун үстүндө изденип иштеп келатат. Ушул күнгө чейин жаштарга үлгү көрсөтүп, насаатчы мугалим болуу менен чыгармачылыгын жемиштүү улантууда. 

Музыка бул – адамга ырахат тартуулаган жагымдуу жашоо. Биз ошол үндүн кучагында термелип жашайбыз. Yн океандын түбүндө да, галлактикада да бар. Ал эми ошол үндү тыӊшап, талдап иштеп чыгуу өзүнчө өнөр. Ушундай өзгөчө жөндөм Абдыманап Нышанов агайдын шыбагасына жазылган экен. Бул жылдар аралыгында көптөгөн ырлардын үстүндө талыкпай жан үрөп иштеп келди. Ырларды ийлеп, бышырып ага кылдат тандап обон жазып, анан эл алдына алып чыкты. Албетте, агай жараткан бул ырлар сезимтал, жанга жабыз. Ал жашоодо керектүү кесипти туу тутуп, кыялындагы максаттарын ишке ашыра алды.    

Табиятынан жумшак мүнөз

Абдыманап Нышанов Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка - педагогикалык факультетин 1976-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун 1976-1979-жылдары Өзгөн районунун Политотдел орто мектебинде көркөм жетекчи, музыка мугалими болуп иштөө менен баштаган. Анын жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү жөнөкөй, табиятынан жумшак адам. Музыкалык сабаттуулук жаатында эмгегин сиӊирген, керемет кесиптин ээси окуучуларынын адам болуп калыптануусуна өзүнүн бараандуу салымын кошкон. Башкалардан айырмаланган кичи пейил, кишиликтүү асыл сапаттары, жан дүйнөнү байыткан чыгармачылык дарамети жаш кезинде эле билинген. Бала кездеги максат кыялдары орундалып, ырга экинчи өмүр берген обончу жана аткаруучу болуп жетилди. Музыканын ноталарында жашап, өзүнө тыным бербеген үндүн ээси эл алдына суурулуп чыгып, ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк тапты.

«Ариет» ансамбли

Ал 1978-жылы Өзгөн өрөөнүндө «Ариет» вокалдык-аспаптык ансамблин негиздеди. Топтун курамында Абдыманап Нышанов, Абдыманап Төрөбеков, Разак Абдыкадыров, Алик Балбаков бар. Өзгөндүк өнөрпоздор бүгүнкү күндө топтун ишин жандантып жаамы журтка ыр майрамдарды тартуулап келишүүдө.

 Агайдын эмгек жолу балдар музыкалык мектептери менен тыгыз байланыштуу. 1979-1984-жылдары Ош педагогикалык окуу жайында музыка мугалими, 1984-1998-жылдары Өзгөн шаардык балдар музыкалык мектебинин мугалими, Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалими, директору  кызматтарын аркалаган. Ал эми эки миӊинчи жылдары Өзгөн райондук маданият үйүнүн усулчусу, директору, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, райондук маданият үйүнүн директору, Куршаб айылдык маданият үйүнүн директору болуп иштеди. 2007-2012-жылдары Ош облустук маданият башкармалыгында жетектөөчү адис болду. 2011-жылдан бери Өзгөн райондук маданият үйүндө хормейстер болуп иштөө менен өзү түптөгөн «Ариет» эстрада тобун жандандырууда.  

Маданияттын мыкты кызматкери

Абдыманап Нышанов бул жылдар аралыгында кайсы жерде кайсы кызматты аркалабасын өзүн маданият тармагын мыкты билген, сүйүп- ардактаган адис жана чыныгы чыгармачыл инсан, уюштуруучу, принципиалдуу жетекчи катары далилдей алды. Өзүнүн байсалдуу чыгармачылык өмүр жолунда көптөгөн ийгиликтерди жаратты. Алсак, 1975-жылы Таллинде өткөрүлгөн эл аралык хор фестивалынын лауреаты болгон. 1979-жылы Сирия, Иордания өлкөлөрүндө өткөрүлгөн Кыргызстандын маданият күндөрүнө катышкан. 1980-жылы Бүткүл  союздук «Эл ичи- өнөр кенчи» фестивалынын дипломанты болгон. 1985-жылы Югославия өлкөсүндө вокалдык аспаптык ансамблдер арасында өткөрүлгөн  фестивалда туристтик жолдомону жеӊип алган.

1987-жылы эстрада топтордун арасында өткөрүлгөн «Фрунзе-87», 1988-жылы «Ысык-Көл-88» фестивалдарына катышкан.    

Маданият тармагы үчүн сиӊирген бараандуу  эмгеги бааланып, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын, Ош облустук мамлекеттик администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын  маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери»төш белгисинин ээси.

Анын маданият тармагындагы сиӊирген эмгеги кийинки муундарга өрнөк боло алат.

Бактылуу үй-бүлө

Музыканттын жубайы Матысакова Турсункандын кесиби да мугалим. Экөө очор-бачар бир шаар. 1 уул, 2 кыздын 10 неберенин бактылуу ата-энеси болушкан.

Абдыманап агай чыгармачылыгында мекен, тынчтык, сүйүү темаларына көп кайрылган. Ал өзү туулуп-өскөн кичи мекенине арнап Куршаб гимнин жазган. Гимн 2009-жылы Куршаб айылдык Кеӊешинин сессиясында кабыл алынган. Анын эли-жерди даӊазалаган бул гимни ар кандай майрамдык салтанаттарда шаӊдуу ырдалып жүрөт.

Айгүл Матиева

 

Окулду 238 жолу