Версия для печати
Понедельник, 29 Апрель 2019 03:20

УКРАИНА: ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДОН КИЙИН

Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи турундагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары эле эксперттердин эсин бир топ эӊшерип таштагандыгы маалым. Шайлоону өткөн жекшембиде өткөрүлгөн экинчи турунун жыйынтыктары андан да ашып түштү. Добуштарды эсептөөнүн алгачкы жыйынтыктарына ылайык, биринчи турда 31 пайыз добушка ээ болгон Владимир Зеленский 2-турда дээрлик  72 пайыздан ашырып, ал эми Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенкого берилген добуш 23 пайыздан араӊ ашканы белгилүү болду.

«КАПКА КАТЫЛГАН МЫШЫК» ЖАНА "КОЙ ТЕРИСИНДЕГИ КАРЫШКЫР"

Экзит-полдун жыйынтыктары боюнча шайлоодо утулуп калганын алдын-ала билген Украинанын президенти Петр Порошенко өзүнүн командасынын алдыдагы кадамдары менен бөлүшүп, Украинанын жаӊы президентин күчтүү оппозиция күтүп жатканын кыйыткандай болду.

«Бирок, биздин кубаттуу мамлекет мындан утушка гана ээ болот. Биздин команда Евробиримдикке жана НАТОго карай алган багытты коргойт. Биздин команда визасыздыкты коргойт»  деп белгиледи Порошенко маалымат жыйында. Ал ошондой эле Зеленскийдин Украинанын улуттук кызыкчылыктарына жооп бере турган жана Украинаны Евробиримдикке жана НАТОго жакындаткан кадамдарын колдоорун билдирди.

«Жаӊы президентке мен иштин багытына, анын  майда-чүйдө деталдарына чейин киришүү үчүн жардам берүүгө даярмын. Мен ага Украинанын эл аралык колдоосунун биз тараптан көп жылдардан бери камкордукта калыптанган бүтүндөй түйүнүн берүүгө даярмын» деп белгиледи ал. Порошенко Зеленскийди жеӊиши менен телефон аркылуу куттуктаарын да билдирди.

Албетте, Петр Порошенконун мындай билдирүүлөрүн олуттуу, эӊ башкысы чын ниеттен айтылды деп кабылдоо туура болбой калат. Муну жеӊилүүнүн алгачкы ирмемдериндеги аргасыз процедуралык  сөздөрдүн  жыйындысы катары эле кароого болот. Шайлоого чейинки дебатта Петр Порошенко оппонентин «капка катылган мышык»  (Кот в мешке) деп атаса, Зеленский ага «кой терисин жамынган карышкырдан көрө капка катылган мышык болгон жакшы» деп жооп узаткан. 

Петр Алексеевич бул президенттик шайлоодо утулаарын шайлоонун биринчи турунан кийин эле жон териси менен сезе баштаган болуу керек. Бирок, өзүн аман сактоонун адамдык инстиктинин күүсү менен акырына чейин аракет жасаганын байкоо кыйын эмес. Добуш берүүгө бир-эки күн калганда эле « Владимир Зеленскийдин талапкер катары катталуусунда мыйзамдуулук толук сакталган эмес» кыязындагы маалыматтын соцтармактарга чыгып кетишин да дал ушундай өӊүттөн болжолдоого мүмкүн. Бирок, тагдыр  Порошенкого бул ирет катаал оюн көрсөтүп, татаал мамиле жасады.

ПОРОШЕНКО ЭМНЕДЕН ЖАЗА ТАЙДЫ?

 Эксперттердин жана көптөгөн саясатчылардын эсеби боюнча, Украинадагы президенттик шайлоонун интригасы азыркы абал менен аяктабашы керек эле. Шайлоо балким, биринчи тур менен эле аяктоосу күтүлгөн. Бирок, биринчи турдан учурдагы президент мынчалык аз көрсөткүч менен чыгаарын эч ким күтпөгөн. Экинчи турда экинчи номердин астында күрөшөөрүн Порощенко өзү да көз алдына келтирбегендей таасир калат.

Эмне үчүн саясатчылардын Украинага аттын кашкасындай белгилүү ысымдарынын арасынан шоумен-артист Владимир Зеленский алдыга суурулуп чыкты? Зеленскийдин артында ким турат?  Куудул Зеленскийди жеӊиши менен куттуктагандардын арасында эмне үчүн Россиянын президенти Путин жок?  Бир караганда русофобиялык мүнөз жагынан алдына адам салдырбаган Петр Порошенконун шайлоодо утулушуна орус президенти баарынан кызыкдар болуусун күткөндөр аз эмес эле. Арийне, расмий Кремлдин Украинадагы бийлик алмашууга карата так мамилеси азырынча белгисиз калууда. Бирок, орустун айрым саясий ишмерлери, мисалы, ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский Украинадагы президенттик шайлоонун  жыйынтыгын тааныбоо чакырыгы менен да чыкканы белгилүү болуп кады. Кандай болгондо да, Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы АКШменен Евробиримдиктин мамлекет башчыларынын купулуна толгондой таасир калтырып жатканын жашырууга болбойт.

19-апрелде Киевде президенттикке талапкер болуп жаткандардын эл алдындагы дебатында Владимир Зеленский Порошенкого мындай суроолор менен кайрылганы элдин эсинде көпкө дейре кала берээринде шек жок:  «Эӊ бай президенттин тушунда эӊ эле кедей Украинанын болушун кантип түшүнсө болот? Эмне үчүн «Рошен» дүкөнүн өрттөгөндөр 4 сааттын ичинде табылат да, аскердик кампаны өрттөгөндөр жана Шереметте машиналарды жардыргандар бир нече жылдардан бери табылбай келет? Эмнеге Иловайск жана Дебальцево үчүн эч ким олтурбайт?  Бир жарым миӊ гривендик пенсияга жок дегенде бир ай жашоо экспериментине катышып көрүүнү каалабайсызбы?   Керчь булуӊуна 24 морякты анык өлүмгө кантип жөнөтүүгө мүмкүн?  «Майдандагы» киши өлтүргүчтөр эмне үчүн түрмөгө олтура элек?»

Жогорудагыдай суроолорго Петр Порошенко адаттагыдай эле Россия жана орус президенти В.Путиндин агрессиялык саясаты менен байланышкан шарт-кырдаалды бетке тутуу аркылуу жооп бергенсиди. Андан ары ал Украинанын башына өтө оорчулук түшкөн кезеӊде бийликке келгенин,  мамлекеттүүлүктү, анын суверендүүлүгүн сактап жана бекемдеп, мышык ыйлагыдай абалга кептелип турган армияны бутуна тургузганын, улуттук тилдин өнүгүүсүнө салым кошконун жана башка ушул сыяктуу маселелер жагдайында айтып келип, Зеленскийди Украинаны…проституткага салыштырганын жана украиндерди «хохолдор» деп келекелегенин эскертип, аны качкын олигарх Коломойский менен ымалаш экенин кыйытып өттү.

Зеленскийдин ага берген жообу татыктуу эле болгонсуду: «Мен  сизге оппонент эмес, сизге чыгарылган өкүм боломун. Ал эми мыйзамды бузган бардык кишилер – Свинарчуктар, Гладковскийлер жана кийин алардын арасынан Коломойский да чыгып кала турган болсо, баары темир тор артына олтурат. Бул олуттуу иш. Качан мыйзам бузганда олтурат. Мени Коломойскийдин өнөктөшү деп өттүӊүз. Бизде ушундай абал түзүлүп калган да. Бардык каналдар олигархтарга  -Коломойский, Пинчук, Ахметов жана сизге, таксыр президент, таандык. Сиз да мени «5-каналга» иштөөгө чакыргансыз. Бирок мен барган эмесмин. Мен эркин адаммын жана президент олигарх болбош керек деп эсептейм. Президент элдин ичинен чыгышы  абзел».

Петр Порошенко өзү беш жыл бою башкарып келген Украинадагы белгилүү олигархтардын бири экендиги бүткүл коомчулукка маалым. Бирок, өлкө азыр абдан кризистик абалда тургандыгы баарына эле белгилүү. Порошенко мунун башкы себептерин башынан аягына чейин Россиянын Крымды өзүнө кошуп алган жана Украинанын түштүк-чыгышында болгон ДНР (Донецк Элдик Республикасы жана ЛНРди (Луганск Элдик Республикасы)активдүү колдоп жаткан шарт-кырдаалдан издеп жана көрүп келүүдө. Ушул шарт кырдаалдар Украинада ишке ашырылуучу бир катар олуттуу реформаларга тоскоолдук кылып жатканын албетте, моюнга алууга туура келет.

Азыр эми Донбасс аймагындагы абал ого бетер татаалдашып баштады, анткени бул чөлкөмдө жашаган орустарга Россиянын жарандары катары паспорттор бериле баштаганы маалым. Демек, мындан ары Россия аларды чет жактагы орус этникасынын өкүлдөрү катары эмес, өзүнүн жарандары сыяктуу мамиле жасоосу талап кылынат. Зарыл учурда өзүнүн жарандарын аскердик жол менен болсо да коргоп калууга тийиш. Порошенко Россиядан озунуп аракет кылам десе, бул чөлкөмдөгү административдик башкарууга автономиялык макам берип салса, туура болмок, бирок поезд кетти да, койду.

 Бирок, Украинаны ушундай жарым согуштук абалга жетүүсүнө ким көбүрөөк салым кошкону да белгилүү болуп турат. Бул абалды жаӊы президент дароо эле жөнгө салып коет дегенден да алыс болуу керектигин баса белгилеп жаткан эксперттер бекеринен көпчүлүктү түзүп жаткан жок. Улуттук биримдик жана аймактык бүтүндүк маселеси өлкөдө көптөн бери эле олуттуу коюлуп келе жаткандыгы маалым. Бул канчалык маанилүү маселе экендиги эртеӊ болбосо, бүрсүгүнү эле жаӊы президентке белгилүү  боло баштайт. Анткени, Украинаны жырткычтай бөлүп-жарып кетүүгө дапдаяр турган сырткы саясий күчтөр өтө көп.

ЭКСПЕРТ ЭМНЕНИ БАСА БЕЛГИЛЕЙТ?

Порошенко да, Зеленский да Украинаны башкарууга даяр эместигин Экономиканын Жогорку мектебинин дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканынын орун басары Андрей Суздальцев баамдайт. Анын пикиринде, Киевдин «Олимпийский» стадионундагы дебатта Украинанын президенти Петр Порошенко жана биринчи турдун лидери Владимир Зеленский өлкөнү башкарууга болгон жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышкан жок. Алар  мамлекеттин проблемаларын айткандын ордуна бири-бирин сындоо менен гана чектелишти.

«Таӊ калаарлыгы, эки талапкер теӊ бул чоӊ, татаал өлкөнүн президенти катары көрүнө алышпады, мына проблема каерде. Украинада үлкөн сандагы көйгөйлөр жатат. Энергетикадан баштап аскердикке чейин. Бирөөсү да реалдуу бир нерсени сунуштабады. Алар проблемаларды кантип чечээрин айтышкан жок, бири-бирин сындаганга өтүштү. Баарын личностко, жеке адамга которушту. Бул көрүнүш Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн, мисалы, Грузия, Белоруссия, Молдованын саясий табына мүнөздүү  нерсе болуп, аларда проблематиканы талкуулоо деген жокко эссе. Эӊ эле өкүнүчтүүсү,  талапкерлер бири-бирин коркутууга чейин барышты. Сыягы, Украинада саясий аура азыр ошондой»,- дейт эксперт.

 Суздальцевдин ою боюнча, бийликке ушунчалык жармашып, жанталашканына караганда,  Порошенкону эсептен таптакыр чыгарып салууга болбойт. «Жеӊилип жатканын ал эӊ сонун билип турат, бирок бийлик үчүн  активдүү жана  күжүрмөндөрчө кантип гана салгылашпады!  Шайлоодо жеӊилген күндө деле, ал абдан күчтүү  көлөм, антироссиялык көлөм бойдон кала берет» дейт  ал.

41 жаштагы Зеленскийдин эл арасындагы атактуулугу «Слуга народа» («Эл кызматчысы») сериалында ойногон ролунан кийин акыркы жылдары кыйла жогорулаган. Сериалда анын каарманы орто мектептин мугалиминен президенттикке чейин көтөрүлүп, эл сүймөнчүгүнө айланган мамлекет башчы болот. Атасы Александр Зеленский техника илимдеринин доктору, профессор. Киевдеги Улуттук экономика университетинде информатика кафедрасын жетектеген. Апасы Римма Зеленская 40 жылдай инженер болуп эмгектенип, азыр эс алууда. Атасынын ишине байланыштуу балалыгы Монголиянын Эрденет шаарында өткөн. Ал мектептин биринчи классын аяктаганда гана үй-бүлөсү менен Украинага көчүп барышкан. Зеленский үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 220 жолу